Байдылда Сарногоев. Чалдын аялына
Баа бербей жаштык чагына, Ээ болуп байлык, малына. Дүйнөдөн жыргап өтөм деп, Тиерин тийдиң чалыңа… Ооруса кээде абышкаң, Өң-түсүн байкап, калып таң. Ооз учун менен айтасың: «Онолсоң жаным, айыксаң». Ойношуң келсе үйүңө, От болуп көзүн чачырап. Ооруган чалга угузбай, «Өлсөкен, — дейсиң, — батыраак». Имерип келсе шум ажал, Иргебейт жашты, карыны. Өзүңдү билбейм… жүз жашка, Чыгаргай эле чалыңы.
| |
Просмотров: 1320 | |