Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 18.05.2024

Ыр дүйнө, Казакбай АБДЫШЕВ 2-болук
СЕЗИП ЖҮР
(баштан-аяк уйкаш ыр)

Назарың салып угуп тур,
Накыл кептен баштадым.
Акылың менен сездиңби,
Агарып таңдын атканын.
Кырдын ары жагына,
Кызарып күндүн батканын.
Адыр тоодон кылайып,
Ай чыгып келе жатканын.
Ачык түндө жылдыздуу,
Айылдын таза асманын.
Долуланып жулунган,
Тоо суусунун акканын.
Ак селде кылып чалынган,
Ала-Тоонун ак карын.
Жаңыртып үнүң кайталап,
Жалама аска, таштарын.
Кийик качса эшилген,
Кулаган кумдуу чаптарын.
Отурганын бүркүттүн,
Ок учунда асканын.
Кызыл түлкү кыр менен,
Кылаң-кылаң качканын.
Ашып келген маарага,
Аргымак аттын чапканын.
Оболоп улам асманга,
Торгойдун айткан дастанын.
Канатын кагып күйкө куш,
Насывай ийлеп жатканын.
Жибегин чубап ипичке,
Жөргөмүш желе тартканын.
Магдыраган жайлоонун,
Мал жаткан жашыл капталын.
Чабандын боз үйүндө,
Чартылдап арча жакканын.
Чарт-чурт этип асманда,
Чагылган огун атканын.
Күүгүмдөп кайра ачылып,
Күн желесин тартканын.
Жашынткан көлөкөлөргө,
Жайдын ысык аптабын.
Сайылган ууга чыдабай,
Сайгактап уйдун качканын.
Аралап жүрдү бекенсиң,
Айылдын жемиш бак-шагын.
Көтөрө албай ийилген,
Көрдүңбү мөмө-шактарын.
Пейили кенен эненин,
Берекелүү тасмалын.
Жеңелердин жасаган,
Жедиң беле ак нанын.
Жоодураган селкидей,
Жоогазын гүлүн ачканын.
Сезимиңди дүрбөткөн,
Серпилген селки каштарын.
Маңкая тартып кыз-келин,
Марал сындуу басканын.
Керилткен өрүм чачтарын,
Келиндин шыңгыр чачпагын.
Койкойо баскан жигитти,
Колтуктап алып жаш жарын…

Акылың менен сездиңби?—
Азыркы менин айтканым.
Турмуш, дүйнө сырларын,
Туйгун, сезгин, байкагын.
Ошентсең келген бир жолу
Өмүрдө жыргал тапканың.

25.05.1993

 

ТАЛАС ЖЕРГЕСИ

Башка жерди жактырып,
Барбады неге эр Манас?
Таласты көп жер ичинен,
Тандады неге эр Манас?

Төрлөрү кенен малга жай,
Түзөң жери данга бай.
Тоо эчки, кулжа аралаш,
Тоолору толо аңга бай.

Четинен казса табылган,
Жердин асты кенге бай.
Аруулап көңүл сергиткен,
Атыр жыттуу желге бай.

Жашыл арча, ак кайың,
Жарашыктуу түргө бай.
Аңкыган жыты буруксуп,
Ар түркүн өскөн гүлгө бай.

Даба болгон кеселге,
Дары-дармек чөпкө бай.
Кулактын канган кычуусу,
Куйкум күлкү, сөзгө бай.

Колдорун шилтеп ойнотуп,
Комузда черткен күүгө бай.
Казаны толо кайнаган,
Казы, чучук, сүргө бай.

Белден чыга буралган,
Бетегелүү кырга бай.
Оболоп көңүл көтөргөн,
Обонун созгон ырга бай.

Көөрү колдон төгүлгөн,
Көптөгөн чебер узга бай.
Кылактап баскан буралып,
Кымча бел сулуу кызга бай.

Мөңгүдөн түшкөн агылып,
Мөлтүр таза сууга бай.
Чака-чака сүт берген,
Чапкактай желин уйга бай.

Айлакер душман өтө алгыс,
Аска-чеп бийик тоого бай.
Арбын-арбын жүн берген,
Апапак жүндүү койго бай.

Таластык жоокер эл келет,
Такалатып ат минген.
Көмүлбөй кайгы-капага,
Көңүлү куунак шат жүргөн.

Басып жүрбөй илээнди,
Баштаган ишин бүтүргөн.
Айылдап келген конокту,
Аябай сыйлап күтүнгөн.

Коржогой келген эл болот,
Кошоматты билбеген.
Атыларын билсе да, 
Ачыгын айтып сүйлөгөн.

Эр-аялын кошкондо,
Эки жүз миңдей калкы бар.
Апыртпай туура айтканда,
Ат көтөргүс даңкы бар.

Талас жери илгертен,
Таланттардын ордосу.
Бешиктен түшө электе,
Периште болот жолдошу.

Өзгөчө сөзгө татыктуу,
Көкө уулу Өтө–Жеңижок.
Азырга чейин Өтөгө,
Акындан чыккан теңи жок.

Ээлене ырдап турганда,
Эсенаман, Эшмамбет,
Айтыша албай башкалар,
Алардан качып кеткен дейт.

Тойгожо сурнай тартканда,
Ат чабым жерге угулган.
Жантакбай күн-түн черткенде,
Басылбастан шүүшүңдөп,
Бармагы канга жуулган.

Кыздардан чыккан Ырыскүл,
Жеңижок менен айтышкан.
Билермандар токтотуп,
Бир-бирин жеңбей кайтышкан.

Андан бери келгенде,
Атай деген ким эле?
Күү чертип, ырдап үн кошуп,
Жыргатчу жанды тим эле.

Андан бери Чыңгызды айт,
Ааламга кеткен атагы.
Ушунчалык чоң талант,
Бир адамга батабы?

Эрбейген бою сары алтын,
Эралынын Сүйүнбай.
Катыра жазат чынында,
Кайчылаш уйкаш ырларды,
Кара күч салып ыйынбай.

Жалпы кыргыз баалаган,
«Жаман сары» Байдылда.
Тулпар акын агабыз,
Туулган менин айлымда.
Анын ырын ырдашат,
Ар бир ташы сайдын да.

Ээлене төгүп турганда,
Эстекем менен Замикем,
Экөөнүн устаты,
Эске түшөт Аликем…

Алымбеков Надырбек 
Ал деген деги ким өзү?
Акактай таза ыр жазган
Ал акын жана такыба
Адам болот бир өзү.
Алла-Тала алдында 
Анын жок кылдай күнөсү.

Эл акыны Анатай,
Элирип турган убагы.
Кетип барат алгалап,
Кетилип койбой туягы.

Аалы барат өөрчүтүп,
Акындын төкмө өнөрүн.
Жетилгенде жигиттен,
Жеңижокту көрөмүн...

«Такалуу аттын изи бар,
Таластан келген киши бар”.
Нарктуу Талас калкынын,
Нар кескендей мизи бар!

 

САЛАМДАШУУ

Агайын-тууган аманбы,
Айтамын ысык саламды.
Мекендеп келдим отуз жыл,
Бишкектей ордо калааңды.
Кызматта жүрдүм ар кайсы,
Колума албай каламды.
Элүүдөн өткөн чагымда,
Көрсөтөйүн өнөрдү,
Көрүп баала чамамды.
Калайык журтум кабыл ал,
Казакбай аттуу балаңды.

Таластын болом кулуну,
Агабыз болот Байдылда.
Кыргыздын «Жаман сарысы»,
Туулган менин айлымда.
Ал байкебиз турганда, 
Чыгалбай элдин алдында.
Алтымышты такымдап,
Байдыкем,
«Ташыркап» калган маалында.
Эптеп ырдап турамын,
Эл-журтум сенин алдыңда.

Күмүш сакал аталар,
Күүңөр кайта элекпи?
Кыбырап жүрсөң болгону,
Кыдыңдатып эшекти.
Намазыңдан танбагын,
Жайнамазың болбосо,
Жайып коюп этекти.

Аман-эсен жүрсүңбү,
Ак элечек апалар.
Акшыя карап келиниң,
Кылдыбы сени кападар.
Куу тумшук андай келинди,
Кудай өзү жазалар.
Ийик ийрип, жүнүң тыт,
Чүрпөлөр жүрсүн жаныңда.
Келиниңди жамандап,
Керексиз ишке малынба.
Майда-барат иш үчүн,
Жаш балача таарынба.
Зыярат кылгын Кудайга,
Намаз келген маалында.

Эр-азамат жигиттер,
Эл ичинде барсыңбы?
Четинен төлөп жүрсүңбү,
Элге болгон карзыңды.
Же болбосо карызга,
Белчеңден батып калдыңбы?

Жаштары биздин кыргыздын,
Жаман ишке малынбайт.
Алдынан аркан тоссоң да,
Аттап өтөт, чалынбайт.
Коңулдагы бөрүдөй,
Кой терисин жамынбайт.
Башыңды кесем десең да,
Башын ийип багынбайт.
Таш байлап сууга салсаң да,
Чөкпөстөн кайра жалындайт.

Ток этер жерин айтайын,
Көп акыл укпайт адамың.
Бактыны көктөн издебей,
Көбүрөөк жерди карагын.
Жетеңе бекем түйүп ал,
Жер гана сени багарын.
Дунганча жерди тырмала,
Жер менен байыйт аларың.

«Кыргыз болуп калдың» деп,
Дунгандар тилдейт баланы.
Куда-сөөк болгонго,
Ошо,
Дунгандарга баралы.
Ар бир кыргыз айылы,
Эң болбоду дегенде, 
Эмгекчил дунган кызынан,
Бирден келин алалы!

1990-жыл

 

ӨТКӨНДҮ ЭСТЕП
(баштан аяк уйкаш ыр)

Өзүмчө жалгыз олтуруп,
Өткөндөрдү эстедим.
Толкуган турмуш дайрасын,
Тулпар ат менен кечкемин.
Кээ-кезинде жөө калып,
Шымымды да чечкемин.
Атырылган дайрадан,
Араң зорго өткөмүн.
Ал гана эмес кай бирде,
Агымы менен кеткемин.
Тайсалдап катуу агымдан,
Тайызын издеп кечменин…
Айта берсем түгөнбөйт,
Айтылчу менин кептерим.
Азыраак чыдап угуп кой,
Анча-мынча четтерин.

Киши жок башка кесерге,
Киндигим өзүм кескемин.
Бир туугандан эркек жок,
Бир үйдө жалгыз өскөмүн.
Биринчи эле класстан,
Билимди катуу көздөдүм.
Бир класстан класска,
Жалаң «беш» менен көчкөмүн.
Иштеп бердим колхозго,
Ийинден түшпөй кетменим.
Айдоо айдап жаз-күзү,
Арпа, буудай сепкемин.
Күз келгенде түшүмүн,
Күргүштөтө төккөмүн.
Билим алып келмекке,
Бишкекке анан кеткемин.
Болсоң инженер болгун деп,
Политехке өткөмүн.
Диплом алып жогорку,
Тилегиме жеткемин.
Илең-салаң болбостон,
Ишиме катуу беттедим.
Чекиликти кетирбей,
Чектен чыгып кетпедим.
Аңги кылган башыңды,
Апийим, көк нар чекпедим.
Эби келип турганда, 
«Эргулдан» сеп эткемин.
Кошомат кылып чоңдордун,
Колу-бутун өппөдүм.
Кызартып көзүм артпадым,
Байлыгына өзгөнүн.

Жаман адам жанынан,
Жаа бою качып безгемин.
Андайларды көргөндө,
Ашынып кетет «безгегим».
Алым-сабак айтышып,
Алар менен мен бирок,
Ана-пына дешпедим.

Капарыма албадым,
Кай биринин сөккөнүн.
Көптөрүнүн күнөөсүн,
Көңүлгө албай кечкемин.

Жакшы адамдан кете албай,
Жадабай уктум сөздөрүн.
Жутунбай андай адамдар,
Жупуну сезет өздөрүн.
Көрө албадым жакшынын,
Көңүлүнүн чөккөнүн.
Топ-топ арам акчага,
Толтурбайт алар чөнтөгүн.
Кайрадан келет эсиме,
Кайран жаштык кездерим.
Комузду күүгө келтирип,
Кол ойнотуп черткемин.
Жакшы ыр жазып кыздардын,
Жан дүйнөсүн эриткемин.
Мажнун өңдүү мен дагы,
Махабат отун кечкемин.

Уругум бербей башкага,
Уяң болуп өскөмүн.
Суктанып карап койчумун,
Сулуулардын беттерин.
Кучактабай башканы,
Курчу гана канып көздөрүм.
Билбей жүргөн экемин,
Билинбей мезгил өткөнүн.
Андан кийин мен башка,
Аялдарга «өткөмүн».
Көңүлүм түшүп калгандын, 
Көпчүлүгүн өпкөмүн.
Жамалдуу аялзатынын,
Жанынан кыя өтпөдүм.
Жактырбай нечен аялды,
Жаштарын тандап көпкөмүн.
Аларды ала салдырып,
Ары-бери өкчөдүм.
Күзгү кылып карандым,
Күлүп турган көздөрүн.
Аркар, албарс эмчектүү,
Аялдын көрдүм төштөрүн.
Эчен-эчен айымдын,
Эмчектерин эзгемин.
Ыргыштаган далайынын,
Ычкырларын чечкемин.
Жылуу-жумшак сылагам,
Жылаңачтап эттерин.
Жанына жан киргизип,
Жан жерин кошо өпкөмүн.
Коңузча түшкөн каймакка,
Койнуна анын чөккөмүн.
Жылыткан жылуу жай таап,
Жыргаган менин «кертмегим».
«Уясына» толтуруп,
Уругумду төккөмүн.
Көргөмүн далай аялдын,
Көшүлүп жаны киргенде,
Көз жаштарын төккөнүн…

Арман, куса аралаш,
Айтылчу эмки кептерим.
Байкабай калган экемин,
Билинбей жылдар өткөнүн.
Өткөрүп берген турбаймбы,
Өмүрүмдүн көктөмүн.
Жакындан бери мен билдим,
Жаштыгымдын кеткенин.
Нан алууга кубат жок,
Жукарган азыр чөнтөгүм.
Чечилип угар киши жок,
Чертилбей турат чертмегим.
Өзгөлөр келбей оюма,
Өз аял болду эрмегим.
Баягыдай күүсү жок,
Басаңдай түшкөн «кертмегим».
Бирок,
Күчүм чыгып башыма,
Көп ырга толду дептерим.
Өткөн өмүр ичинде,
Төөгө миндим көппөдүм.
Жөлөп-таяр кишим жок,
Жөө жүргөндө чөкпөдүм.

23.05.1993

 

ӨКҮНҮЧТӨР, ӨКСҮКТӨР
(совет заманы)

Чын сүйлөөгө оозубуз жабык болду,
Чын сүйлөсөң жалган деп айып койду.
Билимдүү сергек акыл азаматтар,
Билинбей бели сынып, майып болду.

Акыл берген адамды жаман дедик,
Айтабыз деп кеп чынын таяк жедик.
Улугуна жүгүнүп жагалданган,
Ушакчы, куйтуларды адам дедик.

Акыйкат, адилдикти арам дедик,
Арамза былыктыкты адал дедик.
«Бас оозуң!» деп муштумун кезеп турса,
Баш бармакты чайнадык амал кетип.

Акыл менен талантты четке кактык,
Айтыша кеткендерди бетке чаптык.
Өздөрүнүн жөндөмүн көрсөтө албай,
Өлкөбүздөн далайы четке качты.

Баарыбыздын оюбуз мансап болду,
Бак-бак этип башкардык жаңсап колду.
Баш оорутуп иш үчүн эмне азап,
Паралап кызыл акча алсак болду.

Элдеги жазылбаган мыйзам кетти,
Жазылган мыйзам келип, ыйман кетти.
Калдайып төр башынан акыл берген,
Кадырман карыялар сыйдан кетти.

Энеси өз баласын таштай качты,
«Эне» деген наамын аттай качты.
Эрди тийсе баланын ийип турчу,
Эмчегинен сүт чыкпай таштай катты.

Эркек-аял жарышып арак ичти,
Эчтемесин калтырбай жалап ичти.
Эси жарым туулган балдарыбыз,
Эс тартканда талашып а да ичти.

Эркектер чечиндирип кыз баланы,
Этине, жыпжылаңач, карта чабат.
Саамай чачы үлпүлдөк жапжаш кыздар,
Сатуу менен денесин акча табат.

Том-том кылып толтура токтом жаздык,
Токтомдон ун-талканга толбой баштык.
Кыдырып Фрунзенин кепелерин,
Кыйналып өтүп кетти кайран жаштык.

Жалындуу ураан айтып, ташты жарган,
Жалпы элди албан ишке үгүттөдүк.
«Жашасын жол башчылар!» деп кыйкырып,
Жарытылуу иш деле бүтүрбөдүк.

Жамындык партиянын билетине,
Жалындык жол башчынын сүрөтүнө.
Ийгилигин жараткан жалпы элдин,
Ыйгардык партиянын бир өзүнө.

Пайгамбардын Кураны унутулуп,
Партиянын айтканы мыйзам болду.
Баркы бар бир папкенин ээси болуп,
Бапырата көр дүйнө жыйсам болду.

Сөгүп туруп жууркандын жүнүн бердик,
Сыңар эмчек эчкинин сүтүн бердик.
Өзүбүз тишибиздин кирин соруп,
Өлкөбүздүн планы үчүн бердик.

Ажайып кооз кийим кийе албадык,
Анткени андай кийим тиге албадык.
Ашык баш бала төрөп коюшат деп,
Аялга да түзүктөп «тийе» албадык.

Акча апкелсең аялың күлүп турат,
Апкелбесең ажылдап үрүп турат.
Айлыктан башка акча табуу ою,
Айла жок, акыл-эсти бүлүк кылат.

Оозун ачып, бир ооз дем салбаган,
«Олуялар» көбөйдү жер жайнаган.
Ойлогону опоңой олжо табуу,
Оорудан сакайтам деп элди алдаган.

Чет өлкөгө агыздык дайра кылып,
Чектелүү запасы бар жердин майын.
Бир литр бензин үчүн тилемчибиз,
Билгиң келип сурасаң элдин жайын.

Кор болдук бирөөлөрдүн көзүн карап,
Колдо болгон түшүмдү жыйнай албай.
Өзгө элден алтынга дан алабыз,
Өз дыйкандын эмгегин сыйлай албай.

Динамитти жардырып суу астына,
Көл, дайрада балыктар түгөт болду.
Мылтыктын тарс-турсунан жүрөгү үшүп,
Бирин-серин кийиктер жүдөп болду.

Куйруктуу кыргыз койдун баарын жойдук,
Көбөйттүк уяң жүндүү малыш койду.
Өкмөттүн душманы деп айып койду,
Көрүп калса бир-жарым чалыш койду.

Жер жайнаган ак койго жайлоо толду,
Тоого чыкпай малыш кой жалкоо болду.
Туягы жер кыртышын каза берип,
Тулаң беттүү жайыттар айдоо болду.

Жер бетин бетон басты, асфальт басты,
Машиналар бүркүшөт уулуу газды.
Бетон менен асфальттан жер муунду,
Уулуу газга какалып, эл муунду.

1989-жыл

 

ИШТЕШ КЕРЕК

Жашоодон такыр үмүт үзбөш керек,
Жашоонун түркүн жолун издеш керек.
Жагжайып көчө таптап басып жүрбөй,
Жакшыбы, жаманбы бир иш иштеш керек.

Жаман ойду көңүлдөн айдаш керек,
Жамандыкты көңүлгө албаш керек.
Жасаган кыянатка жооп кылып,
Жамандыкка өмүрү барбаш керек.

Жарабаган үрөндү экпеш керек,
Жаңы көчөт даракты кеспеш керек.
Жаш чыбыктар качандыр бир кезекте,
Жайкалган бак болорун эстеш керек.

Жакшы менен жаманды аңдаш керек,
Жамандардын жанына барбаш керек.
Жашоодо жардам кылат акыл кошуп,
Жакындап жакшыларды жандаш керек.

Жаманды жамансың деп айтпаш керек,
Жакшыны жакшысың деп макташ керек.
Жакшы экем деп дердейип көөп кетпей,
Жакшы деген атакты акташ керек.

Жаалданбай жөнөкөй болуш керек,
Жагымдуу да, мээримдүү добуш керек.
Жалаң эле мал сойгон байдыкы эмес,
Жармачтын да үйүнө конуш керек.

Жапайы жандыктарды атпаш керек,
Жайытынан алыстап качпаш керек.
Жайылып малың менен аралашып,
Жаныңа үйүр кылып сакташ керек.

Алгачы ден соолукту түздөш керек,
Абдан бекем пайдубал түптөш керек.
Ар-намыс, ал-күчүңдү тирек кылып,
Асмандан жакшылыкты күтпөш керек.

Аракты өчүң бардай ичпеш керек,
Аңгегине байкабай түшпөш керек.
«Алма быш-оозума түш» болуп жүрбөй,
Алыңдын жетишинче иштеш керек.

Ар кимди алдабаган бизнес керек,
Ар кимдин ашын тартып ичпеш керек.
Ар кимден кайыр сурап жалдырабай,
Алтынды бут алдыңдан издеш керек.

Адам деген чечкиндүү болуш керек,
Арсарлыкты көңүлдөн жоюш керек.
Ар чөптүн башын бирден сыдырбастан,
Алдыга айкын максат коюш керек.

Акчаны сапырылтып чачпаш керек,
Акчаны бекем катып сакташ керек.
Алып калып өзүңө жетерлигин,
Ашыгын элиң үчүн сарпташ керек.

Ар кандай кыйындыктан качпаш керек,
Алаңдап айлаң кетип шашпаш керек.
Акыл-ой, аң-сезимди бергенден соң,
Адам деген атакты акташ керек.

Ак жерден адамдарды сатпаш керек,
Ак жүргөн адамдарды сакташ керек.
Андайда алтын башты сайып коюп,
Анын асыл иштерин жакташ керек.

Ата-эне балдар камын көрүш керек,
Аларга жакшы билим бериш керек.
Ал балдар өз бутуна тургандан соң,
Ажал келип суранса өлүш керек.

Адыраңдап байлыкка көппөш керек,
Ары-бери чайпалтып төкпөш керек.
Алга кетпей, турмушуң эңиштесе,
Алдан тайып, эңгиреп чөкпөш керек.

Ар бир адам өз баасын билиш керек,
Алыстап пенделиктен жүрүш керек.
Арсалактап шилекей чачыратпай,
Ажарлана жагымдуу күлүш керек.

Аял-эркек бир-бирин сыйлаш керек,
Ар кандай жамандыкта кыйбаш керек.
Аянбай күндүзгүсүн эмгектенип,
Алтүндө айкалышып жыргаш керек.

Акылдууга баш ийип туруш керек,
Анын айткан акылын угуш керек.
Ары-бери чампалап сала койбой,
Абдан бекем үйлөрдү куруш керек.

…Жашоодон такыр үмүт үзбөш керек,
Жашоонун түркүн жолун издеш керек.
Жалкоолук–чоң душманы адамзаттын,
Жатып албай, күч үрөп иштеш керек!

ноябрь 1999-жыл

Источник: http://literatura.kg/
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (09.12.2013)
Просмотров: 2633 | Рейтинг: 0.0/0