Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 02.05.2024

Байдылда Сарногоев. Бук болуп жазган арманым
Жаштык кез өтүп жат болду,
Карылык мага мат койду.
Кайран бут сынып, башыма —
Карыптык түшкөн чак болду.
Жанымда жаткан кемпирчем
Жантакбай деген ат койду.

Жигит кез өтүп жылт койду,
Жыргал жай өтүп, кыш болду.
Тандабай баскан таманым,
Тайгалак музга туш болду.
Самаган жакка бара албай,
Сары акын байкуш бук болду.

Үйүмдө илкип көп ирет,
Үшкүрсөм боюм жеңилет.
Үч мүнөт баскан жолдорум,
Үч айлык жолдой көрүнөт.
Энтиксем эстүү кемпирчем,
Эс алгын чалым — деп ийет.

Калтылдай бассам кас-кас деп,
Кайратын берет бас-бас деп.
Кадырын билбес чалынын,
Кемпирден деле акмак көп…
Өлүмүн тилеп жүргөн бар,
Өлөсүң качан какбаш деп.

Адептүү, эстүү балдарым,
Аталап турат ар дайым.
Барктабай алар коймокпу…
Бапестеп бакса алганым.
Бир гана үйдөн чыга албай,
Бук болуп жазган арманым.
ноябрь, 1996-жыл.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (18.10.2013)
Просмотров: 1241 | Рейтинг: 0.0/0