Ж. Боконбаевдин котормолору – Шота Руставелиден
Тариелдин сүйгөнүнө жазган биринчи кат Окуса тийген каттын сыры терең, Толкундап жооп жазды тези менен: «Өңүмбү, түшүмдөбү, катыңды алдым, Көктөгү сен нурумсуң шоола берген. Сен үчүн күйүп-жанып кайгылангам, Капалуу жүрөк жанып жалбырттаган. Айымсың, өмүрүмсүң турмуштагы, Алдымда чырагымсың жаркыраган. Жаркыным, катыңды алып Асмат келди, Көңүлүм гүлдөй өсүп көтөрүлдү. Жадырап күч-кубатым ташкындады, Көргөндө жай эркеси чыккан күндү. Берди да өзүң жазган асыл катты, Жылмайып, күлүмсүрөп Асмат айтты. «Келсин дейт. Тосуп чыгам болжолунан» – Деп айтып, бүткөн боюм алсыратты. Айтканын шыгым менен угуп турдум, Сен күнсүң, маңдайымда чыгып турдуң. «Келсин» деп айттырганың жеңиш – мөрөй, Өмүрдө мен курманың, жаным курбум. Асматка сыйлык этип кавхар тарттым, Алдына алтын жамбы барын чачтым. «Бактыга шакегиңди тумар кылам, – Бир гана шакек алды Асмат жаркын. Кетирди караңгыны жарыктыгың, Тариелдин сүйгөнүнө жазган Жарамды жүрөгүмдөн айыктырдың. Буулугуп капа болгон көңүлүмдү, Муң эмес, күлкү менен каныктырдың. Мына эми, баштагыдай кайгырбайын, Тамаша, сан-салтанат сайрандайын. Ыр ырдап курбуларым кубанышсын. Ай жүздүү сөөлөтүңдөн айланайын
| |
Просмотров: 1306 | |