Ооруп турат жүрөгүм
Гүлмира Рысбаева "Ооруп турат жүрөгүм" Сени таштап учуп кетсем куш болуп, Таалайыма ошол тагдыр туш болуп. Таарынбагын өзүң болдуң себепкер, Көңүлүмдүн калганына суз болуп. Жаным сыздап ооруп турат жүрөгүм, Жалгыздыктан абдан жадап, жүдөдүм. Жакыныңдан айрылуу да бат белем, Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм. Көздөрүмдө турган жашым термелип, Көкүрөктө калаар балким сыр болуп. Көрө билип көңүлүңдө туя жүр, Кайтып келем кайра жакшы ыр болуп. Жакшы көрүп жаным бирге деп жүрсөм Жан дүйнөңдө жасалмалуу жан белең. Жаман айтып жүрөгүмдү ооруттуң сен, Кандай жансың жакшылыгым билбеген. Жаным сыздап ооруп турат жүрөгүм, Жалгыздыктан абдан жадап, жүдөдүм. Жакыныңдан айрылуу да бат белем, Күтүп жүрөм үзүлбөстөн күдөрүм. | |
Просмотров: 5056 | |