Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 18.05.2024

Күттүм сени, М.Жангазыев
Күттүм сени шүүдүрүмдүн тамчылары акканча,
Жеңелерим чака кармап сууну көздөй басканча.
Күттүм сени кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып, эмне мынча алдадың?

Күттүм сени күн баткандан таң сүрүлүп атканча, 
үкү келип, уясына уйкусурап жатканча.
Күттүм сени жылдыз тарап жалгыз Чолпон калганча,
Жылкычылар үйүн карай эс алууга барганча.

Күттүм сени шүүдүрүмдүн тамчылары акканча,
Жеңелерим чака кармап сууну көздөй басканча.
Күттүм сени кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?
Эмне мынча жалдыратып, эмне мынча алдадың?
Эмне мынча жалдыратып, эмне мынча алдадың?

Күттүм сени, күттүм сени сен да мени күтөрсүң, 
Сүйгөндөрдүн кайыгына калагы жок түшөрсүң.
Сүйгөндөрдүн кайыгына калагы жок түшөрсүң,
Сүйгөндөрдүн кайыгына калагы жок түшөрсүң.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (02.02.2014)
Просмотров: 4135 | Рейтинг: 1.3/3