Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Среда, 15.05.2024

"Атага кат" Артык Саитов
Кат жазды бала атага,
Башымды коюп катага.
Ооруңду жерден көтөрбөй,
Айына барып бир көрбөй,
Жүрөмүн жетпей батаңа.

Ооруба, ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Караңгы жерден чалынба,
Болоюн чырак колуңа.

Кат жазды бала атага,
Катыңды алдым, садага.
Сыздатып ийдиң балаңды,
Айылдан айтып саламды,
Зар болдум ата, батаңа.

Кат жазды ата балага,
Жашытып ийдиң атаңды.
Мойнуңа алып катамды,
Зар болуп менин батама.

Ооруба, ата, ооруба,
Болоюн аска колуңа.
Атадан ыйык зат болбойт,
Энеден ыйык ат болбойт.
Кабар ал, муну унутпа,
Ооруба, ата, ооруба.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (02.02.2014)
Просмотров: 4980 | Рейтинг: 3.6/7