Ырымдын обону сен – Кыргызстан
Сайра комуз, добушуңду коштоп сайра, Мен ырдайм кылымдарга – Кыргызымды. Кайсы элден көрө алдың, айтчы досум?!.. Кыргызстан, таңкы Чолпон жылдызымды. Ырымдын обону сен – Кыргызстан, Кушумдун коноору сен – Кыргызстан. Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан, Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан! Мен бийлейм, бар сырыңды бийге кошом, Толкундап, ар бир таңда обон созом. - Кыргызстан! Мекеним, алтын уям! Сен энемсиң! Сен атамсың! Мен бир ботоң!!! Ырымдын обону сен – Кыргызстан, Кушумдун коноору сен – Кыргызстан. Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан, Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан! Доор айланып… Доорлорго кеткен кыргыз… Сайра комуз, күүгө салгын кыргызымды! Уксун Аалам, дагы кайрып бир шаңшыгын, Кылымдарды таңданткан Чынгызымды! Ырымдын обону сен – Кыргызстан, Кушумдун коноору сен – Кыргызстан. Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан, Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан! | |
Просмотров: 1678 | |