Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Вторник, 23.04.2024

Ата Журт
Ата журт! сага дайым ынак болуп,
Ай күнүн турса болду чырак болуп.
Ар күнү ак береке ак токчулук,
Акса дейм, ар төшүңдөн булак болуп.
Ал эми эл кыйнаган тартыпгчылык
Арадан жоголсо экен жылас болуп.

Турсан болду бүпбүтүн мертинбестен,
Тургунуна жоготуу келтирбестен.
Коргой алам күч жетет, акыл жетет
Кумурсканды бей ажал өлтүрбөстөн.
Тилейт элем тик туруп аруу менен,
Турсан болду түн ичи силкинбестен.

Ээнбаш тырмак эт-бетинди чийбесин,
Эркин бийлик, эркин жашоо бийлесин!
Жарандардын ар бирине эскертем

Жат түстүүлөр жайытыма кирбесин.
Ата-журтту ыйык тутуу жүрөктө —
Анык менин, ачык менин милдетим.

Айлананы карап турам тикчийип,
Адамына калбасын деп ок тийип.
Канатыма ката коем душмандан
Калабы деп баатырына көз тийип.
Ала көрбөй, чала көрбөй келатам,
Ата-журтту илгертен эн бийик!
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (14.03.2015)
Просмотров: 2828 | Рейтинг: 3.0/5