Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 27.04.2024

А дүйнө кетсем, кайыр кош!
Жайыгың кербен талаасы,
Көкбөрү тартып, ат чапкан
Кымбатым кыргыз баласы.
Тотукуштан булбулуң,
Тооруган ажал айынан,
Тобуңдан кеттим карачы.
Тозоку ажал келгенде,
Тосо албаган арачы.
Туурумду басар уулум жок,
Тынбады Өтө санаасы!
Кыйкырып ырдап отурсам,
Кыргыз, казак жактырган.
Кара-Сууда булуңду,
Кыдырата бак кылгам.
Жергеңдеги Жети-Уруу,
Элиң калды Жеңижок.
Жүзүм-Жан, Кез-Арт, Чомполдой,
Жериң калды Жеңижок.
Атагы бийик кырк уул,
Элиң калды, Жеңижок.
Аксы, Талас, атактуу,
Жериң калды, Жеңижок.
Ала-Тоодой таянар,
Белиң калды, Жеңижок.
Жогор жагы Баба-Ата,
Мазарың калды, Жеңижок.
Батышы Кербен созулган
Базарың калды, Жеңижок.
Өз алдынча жүгүргөн,
Субай элен, Жеңижок.
Уругуң сол, Таласта,
Кытай элең, Жеңижок.
Ата ордуна тутунган,
Садырың калды, Жеңижок.
Ак калпак элде дайындуу,
Кадырың калды, Жеңижок.
Жардам берген башынан,
Баялың калды, Жеңижок.
Алган жарың Көксулуу,
Аялың калды, Жеңижок.
Этегин тоскон Осмонбек,
Жолдошуң калды, Жеңижок.
Кыяматты тиктеген,
Жолборсуң калды, Жеңижок.
Тегирменчи Рыскулбек,
Коңшуң калды, Жеңижок.
Топ аралап бир барган,
Топ жыйынга үн салган.
Кыяматтык дос болгон,
Сарттардан чыккан Токтогул
Досуң калды, Жеңижок!
Минип жүргөн сарала,
Жоргоң калды, Жеңижок,
Эрмек кылып жатчу элем,
Эриксем кумар жазчу элем.
Талас менен Кең Аксы,
Ордоң калды, Жеңижок!..
Мингеним аттын дулду,
Кийгеним тондун күлгүнү.
Адашып элден баратам,
Арманга батып бул күнү.
Жакшы адамды жараткан,
Жай-жайына койсочу.
Көбүргөндүү Көк-Дөбө,
Көп мал келсе конуш жок.
Күмүштөй баштан жан кетсе,
Көксөген менен келиш жок!
Сарымсактуу Сары-Тектир,
Сан жылкы келсе конуш жок,
Сары алтын баштан жан кетсе,
Самаган элге келиш жок.
булбул доошун уксам деп,
Жашыл гүл кылат тилекти.
Жабырдуу өлүм курусун,
Жалын чок кылат жүрөктү!,.
Дөөлөткө бетим кызарбай,
Перзентке колум узарбай.
Казандан китеп бастырбай,
Капалыгым жазылбай.
Күлпөтүм элге жарашкан,
Жоргом бир жолду талашкан,
Жобурап айтып отурсам,
Жомогум калкка жарашкан,
Керегең талдын ноодасы,
Келин алып, кыз бербей,
Кейиштүү тагдыр соодасы,
Уугум талдын ноодасы,
Уул үйлөп, кыз бербей,
Убайым оору соодасы.
Кыялай тарткан көч экен,
Кырсыктуу өлүм өч экен.
Капталдай баскан көч экен,
Капилет өлүм өч экен.
Жаркыраган дүйнөгө,
Жаралып эки келбеймин,
Жараткандын боору таш,
Жалпыңды эми көрбөймүн!..
Бул дүнүйө ааламдан
Өлбөй тирүү ким калган?
Артымда калган туяк жок,
Ушул мага миң арман.
Жаркыраган дүйнөгө,
Кайтып келер болсочу,
О дүйнөнүн жалганын,
Айтып келер болсочу.
Кызыл тилин сайратып,
Чечендер өткөн дүйнөдөн,
Эсеп жеткиз ойлосоң,
Эчендер өткөн дүйнөдөн!..
Бул дүйнөдөн ким өткөн,
Ордо салып, чүкө атып,
Балдар өткөн дүйнөдөн.
Сан кылымды оодарып,
Саймедиреп кеп салып.
Санжырачыл, уламыш,
Чалдар өткөн дүйнөдөн.
Ат үстүнө оодарып,
Эңишкен өткөн дүйнөдөн.
Далысы жерге тийбестен,
Жеңишкен өткөн дүйнөдөн.
Багелектен алышып,
Бак-таалайга салышып.
Бар кумардан канышып,
Балбандар өткөн дүйнөдөн.
Ааламдын баарын багынтып,
Адамдын канын агылтып,
Тизеден канга малынтып,
Жек көрүнүп канчага,
Албандар өткөн дүйнөдөн,
Кум агызып сел болуп,
Сайлар өткөн дүйнөдөн.
Кул иштетип кумсарып,
Байлар өткөн дүйнөдөн.
Бир көргөнүн сынаган,
Сынчылар өткөн дүйнөдөн.
Ааламдын баарын ыр кылган,
Биздей ырчылар өткөн дүйнөдөн!..
Аргымак минсем бели бош,
А дүйнө кетсем, кайыр кош.
Бууданды минсем бели бош,
Эми бурулбай кетсем, кайыр кош!.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (14.03.2015)
Просмотров: 1733 | Рейтинг: 2.0/1