Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Стихи

Воскресенье, 18.02.2018

Темирбек Алымбеков

УШУ СЕНИ САГЫНГАНЫМ ЖАКШЫДЫР

Курган жаным көнүптүр ээ өзүңө,
Бир сагыныч ээлеп алды бу кандай?
Кең жайлоодо жүргөндүгүм курусун,
Кейип турам сенин үнүң угалбай…

Ашып-шашып агып жатат Ала-Арча,
Мен олтурам өзүң көргөн ташыңда.
Ала-Арчадай санаам сага агылат…
Андан бөлөк эч нерсе жок башымда.

Сага жакчу карагайлар бой тиреп,
Табияттын ачып турат көркөмүн…
Мен ошондо билбей калган экемин,
Сени менен жарыктыгын эртеңим.

Арча-кайын айкалышат жарашып,
Аны көрүп бир саамга кубандым.
Дарак деле өсөт тура түгөйлөш,
Мен өзүмдөн ушунчалык уялдым.

Ушу сени сагынганым жакшыдыр,
Башы сонун, аягын да көрөөрбүз.
Ак көйнөгүң шамалына делбиреп,
Ала-Арчага далай жолу келээрбиз…

 

ДӨҢГӨЧ

“Сүйүнтүп бир кээде түшкө кирчү элең,
Сүйбөй койдуң жаныңда эле жүрчү элем”, —
Деп жазыптыр Фейсбуктан бир айым,
…Эсте-эсте карачу элең муңайым.

Байкачумун жайнап чыгып жамалың,
Башкача эле ыр жазганда абалың.
Карындаштай кылаар элем мамиле,
Күндө мактап чачтарыңдын тарамын.

А ырларың жалаң сүйүү болучу,
Жаккан мага, али эсимде бул сабың:
“Сүйүү өзү убара окшойт болбогон,
Бир дөңгөчтү жаза берип чарчадым”.

“Ал дөңгөчтү ойготоюн мен барып,
Кайда жүрөт сени сезбей сандалып”,-
десем кайра күлүп эле жатчусуң,
Каткырыгың бир керемет жер жарып.

Көрүп эле жүрөбүз го дөңгөчтү,
Балта чапсаң ыргыйт кайра тийгенде.
Тажаганда таштап салсаң дөңкөйүп,
Жата берет тоголонуп бир жерде.

Эриксизден эске түшөт кечээгим,
Эми кайдан ал күндөргө жетемин?!
Карегиңден сүйүү отун туя албай,
Кайран өзүм дөңгөч болгон экемин!

 

ӨЗҮМӨ ЖАНА АЯЛГА

Кана Темир токтолбой карма калам,
Жан элең өзүңдү, элди алдабаган.
Жетик болсоң көргөзгүң мүнөзүңдү,
Жеңил сөздүн кайыгын айдабаган.

Анты болот ыр дегендин ач сырыңды,
Алың келсе жазсаңчы жакшы ырыңды.
Эңгилчек басып кеткен жүрөгүңдү ач,
Эске салган качаңкы таш кылымды.

Колдон келген иш болсо түк аянба,
Берем дедиң ыр жазып бир аялга.
Качан болсо салты эле азаматтын,
Каалаганын карматкан сулууларга.

Беш күн болду аял ырды күткөнүнө,
Сен жүрөсүң күчүн салып мүштөгүңө.
Аруу күтсө ырыңды кандай бакыт,
Андай кезде акындар иштегиле!

Келгилечи кайдасыңар чымындарым?
Келбесеңер жакшы го кырылганың.
Жарышып сага жакчу ойлор келет,
Жазгычакты чыгабы чымын жаным!

Акылдуу сөздү сүйбөйм билесиң да,
Арнайм сага кадимки саптарымды.
Карап туруу мен үчүн андан кызык,
Каткырып, жыргап окуп жатканыңды.

 

СААМАЙДАН ТАМГАН ТАМЧЫДАЙ
(Обончу, ырчы, композитор Каныкей Эралиевага)

Таш байлап бирөө койгондой,
Талмоорсуп жатсан ойгонбой.
Таңкы жел сымал сергитет,
Таңшыган үнүң торгойдой.

Көчкөндөй булут жакалап,
Көңүлүң дароо тазарат.
Бууругуп чыккан ырыңдын,
Бутагы сайын махабат.

Армандуу болгон майыптай,
Арзуудан жүрсөң айыкпай.
Аргендей доошуң укканда,
Ачылат маанай чайыттай.

Маралдай сүйкүм басканың,
Махабат бүтпөс дастаның.
Каныкей сенин ырыңдан,
Кашкая түшөт асманым.

Санаага бүтпөс салчудай,
Сазына тартып алчудай.
Сарыгат кээде бир сезим,
Саамайдан тамган тамчыдай.

Ошондой сезим жанганда,
От болуп жүрөк алганда.
Качаңкы сүйүүң делбиреп,
Кашыңа келе калганда.

Карлыгач болуп жалганда,
Кайра учуп кетип калганда.
Кайрыгың издеп кайсалап,
Капталам чексиз арманга.

Арзыган кишим эртелеп,
Алдыман чыкпай эркелеп.
Ыдырап барат жан дүйнөм,
Ырдачы Каныш эртерээк.

Качырган көңүл капасын,
Канаттуу обон жазасың.
Калкыма калган бир келип,
Каныкей ырчы жашасын.

 

СҮРӨТКӨ ЭТЮД

Боз үй, тоолор, бир аксакал олтурат,
Бул көрүнүш мага тааныш, жакындай.
Кетким келет, ошол жакка мен дагы,
Бу Бишкектин бир бурчуна жашынбай.

Аксакалды карагыла жөнөкөй…
Ак калпакчан, кийип алган чапанды.
Бүт турпаты эске салып тургансыйт,
Бул дүйнөдөн эбак өткөн атамды.

Боз үй, тоолор, жаңы чыккан күн нуру,
Билгендерге эмне деген сулуулук…
Карапайым аксакалдын боюнда,
Катылгансыйт кол жетпеген улуулук.

Кээ бирөөлөр кыдырышып дүйнөнү,
Жер көрүшөт, шаар көрөт адеми.
Тоонун койну,тезек жыты, боз үйлөр,
Эмнегедир тарта берет а мени.

Мен баралбайм, тагдыр иши ошондой,
Жүрөм иштеп, эл катары жан багып.
Бишкек, элдер, ызы-чуулу көчөлөр,
Анан минтип Фейсбукта байланып…

 

«ШОКОЛАД» БОЛУП КҮЙҮПСҮҢ….

Айланып ак куум конгонсуп,
Асманда айым толгонсуп,
Үмүтүм өчкөн жангансып,
Үлбүрөп күйө калгансып…
Өзүңдү көрүп сүйүндүм,
Өнтөлөп сөзүм табалбай,
Өзүмдөн өзүм бүлүндүм.

Жай бою көлдө жүрүпсүң,
«Шоколад» болуп күйүпсүң…
Билсең да сагынганымды,
Билмексен боло сүзүлдүң,
Бийиксиң, жаным бийиксиң.

…Азыркы ишим оң болуп,
Алдыман чыксаң жол болуп.
Айланып эле кетсем деп,
Айлантып эле өпсөм деп,
Агаңда турса ой болуп…
Ал оюм туюп буластап,
Жоругу кымбат, садага
Жоодурай күлө назданып,
Жолотпой турдуң ыраактап.

 

КӨК ЖАЙЫК

Көк жайык жайлоо керемет,
Көргөндө болдум эбелек.
Аялуу кыргыз жери экен,
Аруудай эч ким өбө элек.

Чарчаган маанай жазылды,
Чайыттай көңүл ачылды.
Чатыраш ойноп жатсамчы,
Чачылган сыйда ташыңды

Аңкыган жыпар жыттанып,
Ажайып гүлүң кыстарып…
Алаптап чыкты курган жан,
Ар кимден сени кызганып.

Бооруңан акса булагың,
Бооруна тартат тулаңың.
Борчуктан үнү басылбай,
Бозойдой боздойт уларың.

Бурулган тооңо чыкпадым ,
Буралган гүлүң жыттадым.
Булбулуң тыңшап көшүлүп,
Булутуң жаздап уктадым.

Үркөрдөй гүлүң жыбырап.
Үзалбай жүрөк тыбырап.
Үзбөчү мени дегенсип,
Үлбүрөп турду шыбырап.

Көрсөм да сени кечигип,
Көңүлгө алдым көчүрүп,
Өзүңдү көрбөй өткөргөн,
Өмүрдү койдум өчүрүп.

Көшүлгөн жайлоо Көкжайык,
Көркүңдөн кайттым көз тайып,
Келтирип ырга салалбай,
Кечиргиң менден кетсе айып.

 

КАРКЫРА…

Көргөндө көңүл өскөн жер,
Көкөтөй ашы өткөн жер.
Каркыра болуп кыйкуулап,
Кайрылбай учуп кеткен жер.

Атпайга дайын кутман жер,
Атагы кылым бузган жер.
Башынан аттап Жолойдун,
Бабабыз Кошой жыккан жер.

Кошулган сымал асман-жер,
Койнуна баары баткан жер.
Кадырын билбей кыргызы,
Казакты беттеп качкан жер.

Керилип өсүп кайыңың,
Келберсип жатат жайыгың.
Атабыз Манас жогунан,
Алдырып ийген айыбым.

Чылбырдан кармап калалбай,
Чыркырайт жаным жай албай.
Көзүмдүн жашы төгүлтүп,
Көркүңө турдум каналбай…

 

ТОЛКУ ЫСЫК-КӨЛ! ЧАЛКЫ КАСПИЙ!

Бар экенсин… “Сагындым”,- деп жазыпсың,
Ушул сөзүң кандай гана жагымдуу….
Бу Бишкекке жаңы төккөн жамгырдай,
Бир сергитип өттү курган жанымды.

Сагынычтар тарагандай заматта,
Санаам дагы учпай калды бириндеп.
Балага окшоп оюнчугун таап алган,
Басып жүрөм өзүмчө эле күлүңдөп.

Алды кызык, арты өкүнүч өмүрдүн,
Ачылчудай жаңы, жакшы жактары.
Эртең сага жолугаарды эстесем
Азап болду ушул таңдын атмагы.

Ээ, кыскасы Расулча айтканда:
Толку Ысык-Көл! Чалкы Каспий!
Суктангыла, суктангыла баарыңар
“Я с женщиной свиданье назначил!”.

 

АЙЛУУ ТҮН… СОҢ-КӨЛ… АРУУ КЫЗ…

Бетеге жыттуу жел келип,
Бешиктен бетер термелип.
Беймарал Соң-Көл мелтирейт,
Бейиштин төрү өңдөнүп.

Каалгып тоодон ай чыгып,
Караңгы качты камчы уруп.
Кашкая түштү боз үйлөр,
Каркыра болуп тартылып.

Тунжурап ойго чөмүлүп,
Тулпар-Таш турду көрүнүп.
Түрүлүп үркөт жылдыздар,
Түндүктөн үйгө төгүлүп.

Карасам бетин Ай чалып,
Касиет- куту байкалып.
Калкылдайт Соң-Көл жарыктык,
Кашыкта суудай чайпалып.

Ажарын көлдүн талашып,
Аккуудай жалгыз адашып.
Алдыман чыкты бир сулуу,
Абайсыз жүрөк канатып.

Жомокто куштай түрлөнүп,
Жоголгон кыяк үндөнүп.
Жоодурап турду садага,
Жолумдан өтпөй ийменип.

Кыз экен аруу, наз дагы,
Кызгалдак гүлдөй жаздагы.
Кызганып менден Ай дагы,
Кырынан кете жаздады.

Көз мончок Соң-Көл сулуусун,
Көргөнү келген экемин.
Өзөктү өрткө чалдырып,
Өлгөнү келген экемин…

Сонун түш сымал тимеле,
Соң-Көлдүн айлуу түнү эле.
Көөдөндө күйөт тилегим,
Көрсөм деп кайра бир эле.

Сол менен оңду батырган,
Солтодон өткөн эл болбойт.
Сонуркооң канбай өтөөрсүң,
Соң-Көлдөй түбү жер болбойт,
Аймаңдай сулуу кыздардан,
Асты,
Ак мөөрдүн журту кем болбойт…

 

ЖҮРӨКТӨСҮҢ АСЫЛЗАТ

Паранжа деле такпадык,
Паранда учуп өталгыс,
Пакса тамга катпадык.
Абалтан эле кыргыздар,
Абийирин коюп өзүнө,
Аялды эркин сактадык.
Ак жүзүнө суктанып,
Жерден теңдеш табалбай,
Жеткизе Айга мактадык.

Энебизге ийилдик,
Эжебизге сүйүндүк.
Кызыл гүлдөй садага,
Кыздуу болсок жалындык.
Канатыңдай учаарга,
Карындашка кагылдык.
Саамайы сүйкүм жар күтүп.
Саат өткөрбөй сагындык.
Сүрдөнтүп турган жүрөктү,
Сүйүүгө далай чалындык,
Кыргыз атың өчүрбөй,
Кылымдарга кетилбей,
Кыраңда Айдай жаңырдык.

Кантсе дагы эркектер,
Кадырына жетпедик.
Каректен жашын төгүлтүп,
Катыра канча сөкпөдүк.
Кол көтөрүп кээ бирде,
Кодура чөптөй тепседик.
Анан,
Жыргатып ийчү немедей,
Жылаан чагып алгансып,
Жылына бир жол эстедик.
Колдорун кармап болбойбуз,
Кошомат жагын ойлойбуз,
Коюучудай эстелик.

Аялдын бүгүн майрамы,
Аркы-берки кеп козгоп,
Айтпайын сөздү кайдагы.
Жүрөктөсүң асылзат,
Жүрсөңөр болду жайдары!

 

АФГАНЧЫ КУШТУН АЗАБЫ

Абайлап көрсөң кыргыздар,
Ачылбай жүргөн кылмыш бар:
Айлаңды алты кетирген
Афганчы деген бир куш бар.

Чокуп билип жайыңды,
Чолоо жер койбой жайылды.
Чокуга сүрүп таштады,
Чоорчу торгой шайырды.

Чыйырчыкты тоготпой,
Чычыра кууду жолотпой.
Кайран куштун тукумун,
Кайсап ийди ороктой.

Тартып алды жыласың,
Таранчынын уясын.
Таза «нахал» турбайбы,
Тартипке кантип бурасың?

Каш кайтарар калбады,
Катары менен жайлады.
Жан-жагынан жабылып,
Жакадан алат карганы.

Диссидент беле түрлөнгөн,
Диверсант ишти үйрөнгөн.
Пачагы чыгып баратат,
Паранда калбай дүйнөңдөн.

Байкабай калдык келгенин,
Балээни мындай көрбөдүм.
Палоодой оюп жейт экен,
Памидордун бөйрөгүн.

Ыйлатты шүмшүк канчаны,
Ыраактан тааныйт алчаны.
Укурук алып кубалап,
Ушунча жаным чарчады.

Заарда бузуп уйкуңду,
Заар үнү алат тынчыңды.
Үстүнө минип үрпөңдөп,
Үркүтүп турат жылкыңды.

А, паччагар тил билсе,
Айрып таанып пул билсе,
Ак үйүң балким жалдамак,
Аппазицияны айдамак.

Пикетке чыгып жумалап,
Пилди да турмак кубалап,
Үзөңгү-Куушту мындай кой,
Үйүңдү бер деп сурамак.

Конуп турса чалкалап,
Койгуң келет балталап.
Тебетей менен урам деп,
Терезем алдым талкалап.

Апчый жаздап бетиңди,
Ала качат этиңди.
Айланып чыкпайт корооңдон,
Алчудан бетер өтүңдү.

Кайдан келген ыйык куш,
Каада салты тири укмуш,
Өлсө бири чуркурап,
Өкүрүгү бир укмуш.

Афганчы кушуң ушундай,
Адаты мунун жутунмай.
Атпай журт атың арыбас,
Асты мындай кутулбай.

Кашайта көзүн ойгула,
Каргаша кушту жойгула.
Каапырың бир кирбесин,
Катыныңдын койнуна.

 

БИР СУЛУУГА

Аттиң,
«Асылба байке», — деп эле,
Азапка салдың эң эле.
Билинбей соолуп баратам,
Бир сезим мени жеп эле.

Кантем,
Кашыңдын алды кал экен,
Карашың тайлык бар экен.
Кармаган колун бошоткон,
Кадырың билбес жан экен.

Күйдүм,
Күлгөнүң эле салтанат,
Күн тийгенсип чар тарап.
Жоодурай карап турганда,
Жоругуң жүрөк аңтарат.

Жарыгым,
Жайлоодон жаштык көчкөндө,
Жакалап ылдый кеткенде.
Эх, чиркин бекер жолуктуң,
Эңкейип калган кездерде.

Ушу,
«Улуу» сөз айтсам уялган,
Ууртуңда сүйкүм уяңдан…
Калкылдап чыгат курган жан,
Кайталбай учкан кыялдан.

А чиркин,
Айтпайын анда калганын,
Ал – ичимде кетер арманым.
Айламды таппай жүрөмүн,
Арбадың сулуу арбадың…

А арман,
Асылың кимдер билди экен?
Алкымың кантип сүйдү экен?
Койнунан сени чыгарган,
Кокуй күн, күйөөң жинди экен.

Кыскасы,
Көз алдамчы, акыл ДОС,
Көп эле жүрбң башың бош…
Эмине кылсын бул агаң,
Эстүү жан өзүң акыл кош!

Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (30.11.2017)
Просмотров: 35 | Рейтинг: 0.0/0