Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 29.03.2024

Жусуп Баласагын накыл кептер

Теги мыкты адамдарга кандай
мамиле кылуу керектиги айтылат:

Ичинде бекке кызмат кылгандардын,
Жандар бар, сыймык ага таанышканың.
Жакындар бар ичинде пайгамбарга,
Кадырлаган аларды бактылуу да.
Аларды чын көңүлдөн кадырлагын,
Жөнөткөн белек-бечкек, олжо дагын.
Алар жакын пайгамбар үммөтүнө,
Урматта кудай үчүн болбойт күнөө.
Сыйлагын, түпкү тегин сураштырба,
Жаман сөздү айтса да каршы турба!

 

Даанышман, илимдүү адамдарга
кандай мамиле керектигин айтат:

Дагы бир адамдар бар билими мол,
Билими жалпы журтка көрсөтөт жол.
Кадырлап, сыйлуу болгун алар менен,
Азбы-көппү билимин алгының сен.
Жаман менен жакшыны билет алар,
Ак жолду ажыратып баарын табар.
Билимин алыш үчүн аракет кыл,
Ашык айтпай, белегиң жөнөтүп тур.
Алар түркүк жолунда акыйкаттын,
Билиминен күч алат шариат чын.
Болбосо кокус булар бу дүйнөдө,
Жерде жемиш мол болуп өнбөйт эле!
Билими даанышмандын элге жарык,
Жарык болсо түндө да жолуң анык.
Белек берип, аларды урмат кылгын,
Аш берип, ачык жүздөн күлүп тургун.
Ийменип ашык сөздү айта көрбө,
Уу болот артыкбаш сөз андай жерде.
Сый көрсөт, дасторконуң болсун ачык,
Кадыр тутуп аларды сыйла чачып.
Илимине ишенип, айтканын кыл,
Сөзүн бузуп ишине салбагын чыр.
Илими андайлардын сага керек,
Ак жолуңду адашпас айтып берет.
Алар чыны отордо — эркеч сымал,
Баштаса койду жолго алып чыгар.
Булар менен жакшы бол, ынтымак тап,
Эки дүйнө табасың кетпеген бак.

 

Дарыгерлерге кандай мамиле
керектигин айтат:

Адамдын түрлөрү бар, дагы канча,
Иштери, мансабы да башка-башка!
Таанып ал арасынан дарыгерди,
Айыктырат кеселден алар элди.
Ойлосоң булар сага керектүүлөр,
Буларсыз жолуң болбойт басып жүрөр.
Сопсоо туруп кээде адам ооруп калат,
А дарыгер кеселге дабаа кылат.
Оору жолдош өлүмгө, жолун туткан,
Өлүм болсо — өмүргө чексиз душман.
Дарыгерди сыйлагын, достошо жүр,
Элге керек, айтканын аткара бил.

Эмчилерге кандай мамиле
керектигин айтат:

Дагы бар эмчи жандар — сыйкыры бар,
Жел тийгенди тууралап эмдейт алар.
Булар менен оңдогун мамилени,
Жин ооруга чакыргын келсе жөнү.
Алгың келсе эмчилердин көмөгүн,
Жакшы сыйла, кааласа бер керегин.
Дарыгерлер эмчиге ишенишпейт,
Эмчилер дарыгерди киши дешпейт.
Бирөөсү кесел жанга дары берет,
Да бири жин ооруну эмдеп көрөт.

 

Түш жоруучуларга кандай мамиле
керектигин айтат:

Дагы бир билгирлер бар — түш жоруучу,
Көргөн түштү так жоруп айтат ушу.
Түш көрөт уктаганда, көргөн түшүң,
Туш келет, так сүйлөсө жоруур кишиң.
Түш жоруучу жоруса жакшылыкка,
Жолуң болуп, кубаныч келет сага
Эгерде көргөн түшүң болсо жаман,
Ырымдап дүнүйө чач — сооп саган.
Түштүн дагы жолу бар, кудай тапкан,
Кур болбой кулдарына кылат аян.
Жакшы болсо көргөн түш — чоң кубаныч,
Жаман болсо — кудай деп туруу парыз.
Кембагалга тараткын күмүш теңге,
Кудай оңдоп ишиңди салат жөнгө.
Түш жоруучу сөздү так билсин десең,
Көргөн түштү дурустап айтканың жөн!
Түштү жоруп баалашат ушул жандар,
Жакшылыкты каалашат саган булар.
О боорум, марттыгыңа татыйт эми,
Тууган кыл, дос болгунуң келсе жөнү.

 

Жылдыз саноочуларга
кандай мамиле керектигин айтат:

Мындан башка дагы бар жылдыз санар,
Так эсепке, санакка мыкты алар.
Жыл, ай, күндүн эсебин алар билет,
Мындай эсеп эң зарыл, баалоо керек.
Билгиң келсе үйрөнгүн, татаал эсеп,
Билим жолу так эсеп жерден өтөт.
Көбөйтүүнү, бөлүүнү, бөлчөктү бил,
Татаал жолду баспасаң келбейт үзүр.
Жакшы билгин катмардын эрежесин,
Санактан тамыр чыгар билип өзүң!
Аянттын өлчөмдөрүн так чыгаргын,
Жети катар асманды, жердей айткын!
Алгебра жолдорун даана тапкын,
Евклиддин капкасын катуу каккын.
Билип ал азыр дагы, келечекте,
Багынган акыл-оюң бүт эсепке.
Кутманым, эсебиңден ката кетсе,
Эч качан иш илгери болбойт иште!
Иш баштасаң — эң алгач суроо абзел,
Жакшыбы, жаман кезби ойдон өткөр.
Түрлүү Айдын күндөрү — жакшы, жаман,
Жакшы күндү так билип башта анан.
Кары айткан иштин көзүн жакшы билген:
«Иш баштасаң, акылдаш эстүү менен!»
Ар ишиңди коштосо илим-эсеп,
Максатыңа ойдогу колуң жетет.
Бардык иштин башында илим жолу,
Билимсиздин максатка жетпейт колу.
Сура көптөн, ишенбе сен баарына,
Бир гана ишенээриң теңир тура.
Булар менен жакшылап ымала кыл,
Ашык сөзгө албастан сый болуп тур!

 

Акындарга кандай мамиле
керектигин айтат:

Акындар бар кызматы алардын сөз,
Адамды мактайт, сөгөт тартынбайт эч.
Алардын тили кылыч — миздүү өткүр,
Алардын ою ичке, чачтай жиптир.
Уккуң келсе учкул сөз, ойду көркөм,
Булардын сөзүн угуп, көңүл бөлсөң.
Алардын акыл-ою деңиз сымал,
Сөз бермети, гаухары өнүп чыгар.
Мактаса алар кимди — алат атак,
Жамандаса кимди алар — уят, азап.
Достошуп алар менен жакындагын,
Тилине илинбегин акындардын!
Мактоого татыйм десең, акылманым,
Алар менен сыйлуу бол, өзүң дайым!
Сурайбы — аябастан көрсөт сыйды,
Сактап кал уулуу сөздөн сыймыгыңды!

 

Дыйкандарга кандай мамиле
керектигин айтат:

Эми айтамын дыйкандар туурасында,
Эң керектүү адамдар, ишен буга.
Аралаш, мамиле түз — ушул кеңеш,
Сен болосуң кардың ток, кырсыксыз эч.
Алардан адам көрөт сый-ырахат,
Ичер суусун, жээр аш андан алат.
Тирүүлөрдү тойгузат ичкен тамак,
Колду кароо оозантар тирүүгө адат.
Сыйынан дыйкандардын чете эмессиң,
Эмгегинен алардын ичип, жейсиң.
Дос болгун алар менен — тазарасың,
Жетиштүү дайым болот алдыңда ашың.
Угуп ал кадыр-барктуу адам сөзүн,
Көп нерсени акылга түйгүн өзүң:
«Ак жол менен жүрөмүн деген киши,
Алкымын адал тутсун ошол өзү.
А эгер кылам деген такыба өзүн,
Барды кийип, болгонду танбай жесин.
Дегендер кедей болбой бай болоюн,
Бузбастан таза тутсун ишин, оюн.
Жакшы аттуу болоюн өзүм десең,
Жаман ишке кошулбай жүргүнүң сен!»
Бузуктук бардык ишти булгап салат,
Бузуктарга оң баспоо болгон адат.
Бузуктар келген кутту кууйт чура,
Май куюп жамандыктын чырагына.
Жүзү жарык түз киши жакшы айткан,
Билим менен ишинин көзүн тапкан:
«Бузуктан оолактаган жакшы болот,
Бузуктар сени кошо булгап коёт.
Бузуктардан дөөлөт-бак качып турат,
Келсе да, бир түнөөрлүк кетчү конок!»
Дыйканда колу ачыктык, жоомарт сапат,
Теңир берген кенендик бүткөн адат.
Кыбыр эткен жердеги тирүү жанга,
Элге — тамак, кушка — дан, бары анда
Булар менен баарлаш, кошула жүр,
Ачык сүйлөп, ак дилден мамиле кыл.

 

Соодагерлерге кандай мамиле
керектигин айтат:

Дагы бар соодагерлер, күнү-түнү,
Максаты өз пайдасын көздөп жүрүү.
Киреше үчүн тынбастан дүйнө кезет,
Бир кудайга ишенип өмүрү өтөт.
Мамиле түз аларга, келиш-барыш,
Сураса бер, болгунуң алыш-бериш.
Керектүүлөр арзыган анда делет,
Эл издеген асылды алар берет.
Чыгыш менен Батышты өтөт басып,
Керектүүнү жеткирет сага ташып.
Түрлүү-түмөн табылбас буюмдарды,
Табасың соодагерден сен аларды.
Соодагерлер болбосо аалам кезген,
Кара кештен тонуңду кийет белең?
Келбесе Кытай жактан баалуу кербен,
Шайы, мата сен кайдан алат элең?
Жүрбөсө соодагерлер дүйнө кезип,
Кимдер көрмөк берметти койгон тизип!
Санай берсе баарысын жетбес эсеп,
Тилиң катып, санагың келбей кетет!
Соодагерлер табышат сураганды,
Достошуп, ачык карма дарбазаңды.
Ачык болуп, кабыл ал алар келсе,
Жакшы атагың таралат алыс жерге!
Ааламга ат чыгарар мына ушулар,
Жаман, жакшы атыңды жаят булар.
Азбы-көппү буюмун кылса тартуу,
Жандырмагын кубантар кылган жакшы!
Пайда-залал кай жерде — алар билет,
Аралашсаң пайдасын арттыруу эп.
Көптү көргөн адамдын айтканын ук,
Ааламды аралаган жер кыдырып:
«Жаям десең ааламга жакшы атыңды,
Сыйлагын жолоочуну, мусапырды!
Адилеттүү атыңды жаям десең,
Соодагерге ачык кол болсоң экен!
Атак алгың келеби, билгин анда,
Мусапыр, кербен келсе — сыйың камда!»
Соодагерге түздөсөң мамилени,
Атаң-даңкың аралайт бүт дүйнөнү!

 

Малчыларга кандай мамиле
керектигин айтат:

Мындан башка дагы бар малчы адамдар,
Мал-жандыкка көзөмөл, башчы алар.
Булар — ак дил, такыба элден болот,
Эч адамга тийгизер залалы жок.
Кийим, тамак, ат-унаа — ошолордон,
Шамал сындуу күлүк ат ушул колдон.
Кымыз, сүт да, май, жуурат жана курут,
Шалча, кийиз, ат токум — алардан бүт.
Малчылардын бардыгы — асыл келет!
Ишенимин алардын актоо керек!
Ичир, жегиз, аларга жакын болгун,
Адилетке сен анда дос болосуң.
Сураганын бер дагы, керегиң ал,
Жалган айтуу дегенди билбейт алар.
Булардан тартип-билим талап кылба,
Бирок кенен мүнөзү, адаты да.
Аралашсаң буларга сактана жүр,
Каада, сыпаа билишпейт, ошону бил.
Жалган айтпа, ачылба, дос экен деп,
Билим болбойт Чигилде, түркөйү көп.
Тартип көргөн бир адам кеңеш берет,
Эл тааныган аралап нечен ирет:
«Билимсизди өтө эле жакын кылба,
Жакындатсаң жаман иш кылат анда!»
Акылман жан эң жакшы айткан экен,
Бардык ишти башта деп акыл менен:
«Билимсизге жолобо, алыс турсун,
Токтоо болсоң дайыма бактылуусуң.
Билимсизден ар дайым болгун ыраак,
Кулк-мүнөзү алардын начарыраак!»
Малчылардын жөн-жайы мына ушундай,
Кеңешти ук, аралашсаң, чеки кылбай.
Баарын сага жашырбай айтып бердим,
Не иштээрди сен өзүң ойлоп көргүн.

 

Усталарга кандай мамиле
керектигин айтат:

Дагы бар өнөрү артык уста жандар,
Аларды өнөргө маш колу багар.
Булар дагы керектүү жандар сага,
Өзүң үчүн аларды жакын кара.
Темирчилер, өтүкчү, бычмачылар,
Боёкчусу, жебечи, жаачысы бар.
Ааламда кооз буюм ушулардан,
Таң каларлык жасалга усталардан.
Санай берсе узартып созом кепти,
Маанисин өзүң ула, бүттүм сөздү.
Булар менен болгунуң карым-катнаш,
Кубандырсаң аларды кубаныч качпас.
Кызматы үчүн акысын кылгын белен,
Ичир, жегиз, казаның болсун кенен.
Ошондо сага айтылбайт ушак-айың,
Атак-даңкың бөксөрбөй турат дайым.
Жакшы айтыптыр бир адам көптү билген,
Ак жүрөк, адамдарды жакшы көргөн:
«Жакшы жашоо көздөбөй, — атак көздө,
Жакшы атагың артык го тирүүлүктө.
Өзүң өлсөң артыңда атың чыгып,
Жакшы болсо атагың, жашоо кызык.
А кокус өз атыңды булгап алсаң,
Анда артык бул жашоого туулбаган!
Өмүр эмес, атыңды ыйык сакта,
Түбөлүктүү даңк болбойт мындан башка!»

Которгон Төлөгөн Козубеков.

Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (30.11.2017)
Просмотров: 3444 | Рейтинг: 0.0/0