Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 25.04.2024

Камбаралы Бобулов ыр жыйнагы

ТООЛОРУМ

Караганда көз кайкыган тоолорум,
Ак мөңгүсү алтын сымак жер соорум.
Кайда жүрсөм көңүлүмдө турасың,
Төрөлгөндөн эгиз өскөн бир боорум.

Өркөчтөнгөн өкүмү күч тоолорум,
Өзгөчөсүң — сенден ашык не сонун?
Бабаларым өзүн сактап жан берип,
Талкалаган сай батпаган жоолорун.

Асман менен эрк талашкан тоолорум,
Сенден бийик, сенден таза не сонун?
Аппак карың көздөрүмдүн нурубу,
Ак калпагым сенден алган порумун.

Кыш айында көркүн ачкан эң сонун,
Кымбатымсың касиеттүү тоолорум.
Араласам атчан жүрүп койнуңду,
Атырылат асман тиреп ойлорум.

Жай айында жагалданган эң сонун,
Жаркынымсың жарашыктуу тоолорум.
Бетегеңе бетим тийип уктасам,
Бекемделет пейли таза ойлорум.

Алыс жүрсөм карааныңды сагынам,
Кадырыңа, келбетиңе жагынам.
Ыйык көргөн мекенимсиң, жеримсиң,
Бийик койгон, артык койгон баарынан.

 

ДАТКА ЭНЕМДИН СҮРӨТҮНӨ

Таң калам Курманжандын тагдырына,
Бороон-күн, кан аралаш тардыгына.
Чөгөлөп башым ийип мүрзөңүзгө,
Мактанам Сиздей энем бардыгына!

Илинип сүрөтүңүз төркү үйүмдө,
Жанаша апам менен көрк берүүдө.
Экөөңөр ардакталып турасыңар,
Дүйнөдө өзүм барда, мен тирүүдө.

Укканмын атыңызды бала кезден,
Атакем жомок кылып айтып берген.
Жашырбайм чын сырымды энем
Сизден:
Мен болом тукумуңуз Камбар деген.

Капасыз: баарын билем, түшүнөмүн,
Ойлоном, өзүм дагы үшкүрөмүн.
Калп эмес, кылымдарга ой жүгүртүп,
Ар дайым кан аралаш түш көрөмүн.

Не бүркөө кабагыңыз, асыл энем,
Кайрылып өзүңүзгө суроо берем?
Бир кылым өтсө дагы арасынан,
Унутпай жашайсызбы күйүт менен?

Жүрөгүн канга боёп Камчыбегиң,
Балдардан артык көргөн кенже эрмегиң.
Мүрзөңдөн угулгансыйт улуу күйүт,
Камчым деп арман айтып жан бергениң…

Түшүнөм: улуу кемпир унчукпайсыз,
Жер карап тиштенесиз, уу жутпайсыз.
Ар-намыс эркектерден ашып түшкөн,
Чыгыштан жанып чыккан аял затсыз.

Энекем таң калдырат кылым жашың,
Муңайба, бекер төгүп көздүн жашын.
Артыңда канча сенин уулдарың бар,
Өксүбөй, кайрат кылып, көтөр башың!

Сиз биздин атабыз да, энебиз да,
Чөгөлөп мүрзөңүзгө келебиз да,
Бата алып уулдарың кыйын кезде,
Күч алып, кайраттанып кетебиз да!

Таң калам Курманжандын тагдырына,
Бороон күн, кан аралаш тардыгына.
Чөгөлөп башым ийип мүрзөңүзгө,
Мактанам Сиздей энем бардыгына!

 

ТОКТОГУЛДУН ЭСТЕЛИГИНЕ!

Тоо бүркүтү Токтогул,
Канатың кайда шаңшыган?
Ак калпак элиң тыңшаган
Аваның кайда таңшыган?
Манаптар коркуп жалтанган,
Кайратың кайда ташыган?
Сибирден келген жөө жүрүп,
Азабың кайда ашынган?
Үңкүйүп мында турасың,
Ой, Токо, койчу белең кашынган?

 

СҮРӨТТӨРҮҢӨ

Кайрадан карап чыгып сүрөттөрүн,
Эстедим эң бир сонун доор өткөнүн.
Мен кантип унутайын тирүү кезде,
Жалбарып сен өпкөнүң, мен өпкөнүм!..

Биринчи бирге түшкөн биздин сүрөт,
Уялып унчукпайсың, толкуп жүрөк.
Мен турам чекем тердеп сол жагында,
Сүр басып, анын баары эсте жүрөт.

Мынакей башка сүрөт катарлашкан,
Жүрөктөр жалын чачып жакындашкан.
Көрүнбөйт башка жандар көзүбүзгө
Макулбуз түшүп кетсе көпкөк асман.

Дагы да отурабыз моюндашып,
Дүйнөдө биз жалгыздай ашып-ташып.
Капыстан кол үзүшүп каска айландык,
Тагдырга биз экөөбүз кайдан жаздык?

Карасам: башка сүрөт, жалгыз өзүң,
Арбайсың кадимкидей сүзүп көзүң.
Азыр да чынын айтсам күйүп кетем,
Эстесем мага жаккан шок мүнөзүң…

Сен билген бирге түшкөн далай сүрөт,
Карасам жүрөк эзип, ич күйдүрөт.
Канчалык биз экөөбүз жоо болсок да
Сүрөттөр өз алдынча өмүр сүрөт!

Кайрадан карап чыгып сүрөттөрүн,
Эстедим эң бир сонун доор өткөнүн.
Мен кантип унутайын тирүү кезде,
Жалбарып сен өпкөнүң, мен өпкөнүм…

 

АКТАМАК

Сулуулардын периштеси Актамак,
Куп жарашат жалгыз бассаң чалкалап.
Сыймыгысың борборумдун, шаарымдын,
Арт жагыңдан дайым калат эл карап.

Тик караштан ак жүзүңдөн жалтанам,
Билгизбестен көп ээрчиймин артыңан.
Салам айтып, сүйлөшсөм дейм — тартынам,
О, кантейин, жүрөгүм бар жалкыган…

Көргүм келет көркөмү артык түрүңдү,
Уксам деймин укмуш сенин үнүңдү.
Карабайсың ээрчип жүрсөм артыңдан,
Караңгылап жарык турган күнүмдү!

Кайраттанып тике чыгып жолуңдан,
Кармасам дейм аппак билек колуңдан.
Күлүп койсоң маңдайымда Актамак,
Айыкмакмын жүрөк эзген оорумдан!

Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (30.11.2017)
Просмотров: 2740 | Рейтинг: 0.0/0