Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 20.04.2024

Кожогелди Култегин ыр жыйнагы

* * *
Ана шайлоо! Чоң казаттай күтүрөп,
Армиялар ар тараптан күч үрөп,
Армиялар жалаң арак… арактан
Ага адамдар багынууда бүтүн ооп.

Талапкерлер жата албай да ката албай,
таттуу, ачуу окторду атып — бата алмай.
Жарадарлар жайнап жүрөт көчөдө
жан-шериги жөлөп-таяп… баса албай.

 

* * *
Ыштаны тардык кылгандай
ырасы, элим кыйналды ай.
Мыйзам жок окшойт, мыйзам жок
мынабу кыргыз сыйгандай.

 

* * *
Арыбасын даарат алган ак таңдар
арыбасын ат сугарып жаткандар.
Сабиз кейпте самсаалаган муздарды
сабиз сымал жеп жүргөндүр жаш балдар?

 

* * *
Эркек кургур эминесин аянат,
эрип мендей түгөнгүчө жана алат.
Жанын куюп ийген үчүн аялга
жаны бирге жаркын балдар жаралат!

 

* * *
«Ак ичинг…» — десем баары угуучу эле,
а чыгып, апам кымыз сунуучу эле.
Керилген тоо башына ат үстүнөн
кесенин кыры тийип туруучу эле.

 

* * *
Казак жерин барат поюз аралай —
кабырылган, айнеги жок, кара май.
Кыжырландым, поюзуна дал ушул
Кыргызстан окшошконсуп аябай.

 

* * *
Заман ушул – күчөгөндү күчөткөн,
зар какшатып жүдөгөндү жүдөткөн.
Кыйындары карагайдай тоодогу,
Кыйшык жерде көктү карай түз өскөн.

 

* * *
«Кеттим…» дебе, ишенбеймин, жок, досум,
кезигүүнүн башталышы — коштошууң.
Ат үстүндө уктап калсаң эгерде
атың келип, эшигиме токтосун!

 

* * *
Терметишпейт бош турганда бешикти,
теппей ачып үйрөнгөн оң эшикти.
Эңгезердей эки колуң турса да,
эки колго жалгыз камчы жетиштүү.

 

* * *
Кечээги муз, кечээги кар каякта?
Кейип, күлүп өзгөрдү чар тарап да —
Президент түшөөр замат сүрөтү
бирден-бирден алынгандай заматта.

 

* * *
Ким чалынып жыгылса тирдигине
кирет турмуш аны эзүү бийлигине.
Бир жүк дайым ныгырып турган буттар
бир-бирине кайдыгер, бир-бирине.

 

* * *
Ирмем… ирмем… ирмем кыз,
интернетке кирген кыз.
Издегени табылса
ичтен «Есть!» деп ийген кыз!

Кайда болсун жол табат,
каалаганын мол табат —
тиги колдор бошобой,
тизе менен «кол чабат».

СТАЛИНДИ КӨРГӨН БАЛА
(Юрий Кузнецовдон)

Вокзалга жол турат түптүз сайылып,
Куштар сайрап кубулжутуп туш жагын.
Атасы анын медалдарын тагынып:
– Жүр, көрөбүз. Өтөт, – деди, – Сталин.

Кыла-ак эте түштү Сталин, о, мына,
Кыйгач тиктеп, болор-болбос жылмайган.
Канжа кармап багыт берчү колуна,
Калып жатты түтүндөрү кыйрайган.

Келгенде үйгө – атасы, эмне, көйрөңдүр,
Кемер менен сабады уулун курутуп:
– Уруп жатам Сталинди көргөн булл
Улуу күндү калбаса деп унутуп.

Жаны ачышып, жан соогалап чаңырды,
Апасы да эл чакырып жардамга.
Бир кошуна баланы аяп – жалынды,
Ушак сөздү таратты анан ар кайда…

Түндүккө айдап кетти атасын, катыгүн,
Түк сөз айтпайт баласы аны эскерип.
Бүт унутту – атасын да акыры…
А Сталин тирүү дайым – сес берип…

СЕНЕКМИН

Ушунчалык тебелендим, кордолдум,
уу-тикенек уюктары болду ордум.
Сезимимде оюктар бар, орлор бар,
сел кетсе эле – ага барып толгондур?

Антсем деле баш көтөрүп бир демеп,
албан топко келип алдым илбээлеп.
Молдо куран окуп кирди кафеде,
момоём мен келдим эле кимге деп.

Таптым, ооба, атасы «өтүп» неменин…
тартып бойго: «Кайрат кыл, дос…» – дегемин.
Үнсүз көңүл айтышкансыйт мага не –
үшкүрүнө бергенимди эледим.

Куран узак окулганда, оо, мынча,
кургуйга бой урган тура ой-ынтаа –
опей, жалгыз калыптырмын кашайып
оомийинге колду сунган боюнча.

От-сезими кагыраган сенекмин,
олтурсам да – оркойгон бир терекмин.
Эп келгенин көргүн элдин тамакка,
э-койчу ары, эминесин жемекмин?

Жакпайт жалмаңдагандары эт жулуп,
жарытпаймын же болбосо кепти угуп.
А көрөкчө арак коюп койбойбу,
алып ийет элем «уф-фу!» деп туруп.

Кабыр-күбүр… кайкалайм мен тунжурап…
качантадан канттын түсү муңдуураак?
Катарым не карайт десем –  табака
кашыгымды жатыптырмын ургулап.

КӨК КӨЗ ДӨӨ
(Назым Хикметтен)

Килейген бир… көзү көк Дөөнү айтайын –
кирбийген бир аялда көөнү ансайын!
Боюнан чоң ойдо аял жүрбөгөндүр –
болсо дечү кичикий үйүм менин,
болсо дечү шилбиси гүлдөгөн бир!
Дөөдөй-Дөөдөй сүйүүсү кабатталып…
тоодой-тоодой иштерди так аткарып…
куурагыр Дөө майда ишти сүйбөгөндүр –
курганы жок кичикий үйүн анын,
кулпурткан жок шилбисин гүлдөгөн бир.
Килейген ал… көзү көк Дөөнү айтайын –
кирбийген бир аялда көөнү ансайын!
Кирбигийи чарчады тең баса албай.
Ким жүрө алат Дөөлөрдүн жолу менен?!
Кичине үйгө кетсем дейт – бирге эс албай.
«Кош!» деди эле…  тоскондой шымаланып
кодойгон бир дарбадар чыга калып…
ээрчитти да, сүйгөндүр-сүйбөгөндүр,
эңсеп жүргөн үйүнө алып кетти
эшигинде шилбиси гүлдөгөн бир.
Дөө түшүнүп мына эми – акмак эмес!
Дөөнүн Дөөдөй сүйүүсү батмак эмес –
баарын ойлоп, күйгөндүр-күйбөгөндүр,
батмак эмес кичикий үйүнө анын
бажырайып шилбиси гүлдөгөн бир!

КЕЛИН КЕЛГЕН ҮЙДӨ

Тасмал башка, тамак башка – коошподу,
таңы дагы башкачараак окшоду.
Кайнатасы “Кандай жаттың, балам?” – деп
капыс сурап ийе жаздап – токтоду.

Учурашса – көргөн өңдүү коноктой…
үндөбөсө – койгон өңдүү тоготпой…
Үйдөгүлөр үчүн келин даңаза
үйдө жүрсө деле оюнан жоготпой.

«Үф-фүү!» десе кулачудай үлбүрөп…
«сүф-фүү!» десе кетүүчүдөй үргүлөп…
калтыраган, жалтыраган бечара
канчаларды какайтканга үлгүрөт:

баштагыча бакыра албай, күлө албай,
байчасы ачык шалбар кийип жүрө албай…
да бирөөсү оонап кечке жата албай,
да бирөөсү жыртык-тешик бүрө албай…

тартип башка боло түштү – кабылда,
тамакка бүт олтурушуп маалында.
Кебетелер турса дагы окшошпой –
келин басыш, келин күлүш баарында!

«Үф-фүү!» десе кулачудай үлбүрөп…
«сүф-фүү!» десе кетүүчүдөй үргүлөп…
Башка чүмкөй салган менен жоолукту
бары-жоктун баарын көрүп үлгүрөт.

Ал тамактын көрүп жатып тузун бу
айтпай эле айтып салды бүтүмдү:
«Уул-кыздарды төрөгөнү келдим мен,
улантканы келдим сиздин тукумду!»

Дене дүргүп(!), тепчип учу кеңдикти –
демейден тыш кайнатаны эргитти!
Эң бир жакын урук-туугандарынан
эч ким жасай албайт тигил эрдикти!!!

Келининен кереметти көрүп тур!
Кең орунду ага андыктан бөлүп тур!
Ушундай бир асыл жандын күйөөсүн
урушкан кез көңүлүн да өйүп тур.

Жүрөт каптап келин жакты “Оомийин!”
жүгүнгөндө жүктү сезет жон… ийин…
Башка ааламды баскан назик-баатырдын
баары-баары көзүн карайт оо-кийин!!!

Тасмал башка, тамак башка – коошподу,
таңы дагы башкачараак окшоду.
Кайнатасы “Кандай жаттың, балам?” – деп
капыс сурап ийе жаздап – токтоду.

ЖИНДИ ЧАЛЫШ ЫРЛАР

* * *
Коңур үнүң бар тура, коңур үнүң —
кой, чайылдай бербегин, токтот десем,
коңуругуң жаңырды, коңуругуң.

* * *
Мертинген көп — сулуунун кырсыгынан!
Мен көп жолу буландым кайгы-муңга
чөнтөгүнүн түшкөнсүп жыртыгынан.

* * *
Семиргенге жүрбөгүн эми кейип —
сени сөгүп жаткандай өтүк-такаң
кетип барат кыйшыйып-кемирейип.

* * *
Кабы сымал уурдаган-катканыңдын
капысынан ачылып, капысынан —
күбүлүүдө шыбагы ак тамыңдын…

* * *
Калпты неге кайталап кыстайсыңар?! —
Калпты көрүп турат калк — машиненин
каалгасынан этегиң чыккан сымал.

* * *
Баарынан да, баарынан, баарынан да
кыйшык кийе көрбөгүн калпагыңды —
кыйшайгансыйт Күн-Чыгыш жагың анда…

* * *
Ойногум ба-ар, ойногум, баса калып —
ошол сени качырып кеткен күндү
ой-даа сонун акчөлмөк жасап алып.

* * *
Ох-х, жаныбар, бозонун кекириги —
бөгүп жатып кыйлага… пар-р! деп учкан
бөксө тоонун сепсемиз кекилиги!

* * *
Керемет бул сүрөттү алдым катып —
кеткиң келип… көз арттың жылдыздарга
кепичиңдин апкытын кайрый басып.

* * *
Саптай албай жатамын ийнеге жип —
сааттан-саатка окулган докладдар
маселенин көзүнө кирбегенсип.

* * *
Асман тиктеп, мынча не кайкалайсың?
Айланайы-ын, чарт этип чагылгандай
айрылса да ыштаның — байкабайсың.

«АДАШКАН ЖАЗ»

«Арабызда тогуз жыл бар, тогуз жыл —
Артын салып тамекисин соруп тур.
Алдап-соолап ата кылып ал сени,
Мени болсо акын кылып коюптур.

Жүрөк дале жүдөп-какап согуп жүр,
Кылмышыбыз — аманыбыз, сообуздур?..
Эң жаманы, эң жаманы, коркконум —
Өлтүргөн жок, өлгөн да жок тогуз жыл».
Алиман Абдыкеримова,
«Адашкан жаз» жыйнагынан.

Кичинекей, кичинекей бактыдай
кирсиз колдо аяр кармайм апчыбай —
Алимандын «Адашкан жаз» жыйнагы
аптыгып тур акын кызды тапчудай…

Бул заманды буйткалардан кургансып —
бурулбасын, адашпасын ким кантип?
Көрүшпөдүк! Тогуз жыл бар ортодо
өлтүрбөй да, өлбөй дагы турган тик.

Аскадан зор тогуз жылдын көбүгү.
Алимандын ыр болчу дем-өмүрү,
торбосунда ырлар эгер жок болсо —
толду дечи тогуз жылдын өлүгү.

Жазбаган ыр — жарылбаган сыздооктур…
жаркын өмүр сүрсө дагы сыздап тур!
Адашса да, жоголбосун жаркын жаз,
жаз болбосо — жай да жоктур, күз жоктур…

Анда Алиман 20 ашкан чоктой кыз,
ар сабында агабыз да токтойбуз.
Агайы — мен! Алты гений — окуучум!
Ак деңизчен… океанчан окшойбуз!

Сүйүү менен кабак ачкан, бүркөгөн
сүрдүү кыздар сүрдөсө ичтен күлчү элем —
караан тутуп, карал тутуп аларды,
кармалып мен ыр-дүйнөдө жүрчү элем.

Кырдан өйдө, ырдан ылдый ооматы —
кычайт Ошто чакырык да доолашуу.
Жахан-Көлдө жайнаган көп кайыктай —
жайын-кышын кафе-бары, той-ашы!

Ачкан сымал эл аралык кылмышты
айгай салып издейт дебе бир кызды?
Тогуз жылы дайынсыз не кетти акын?!
Тогуз айда «багынтмак» бүт кыргызды!

Жанарадан окуп калам жакшына ыр,
Нарсулуудан күтүп жүрөм москва-ыр.
Аксым-заман, алып учтуң каякка
Алимандын жаштыгынын баштыгын?..

Укканымда алыска иштеп кетти деп —
убап-чубап… эки китеп… беш китеп…
Кайран гана менин ошол үмүтүм
калабы, эмне, үрбөс иттей тепки жеп?

Сыртта иштейм дейт… билбейт сөздүн ашташын…
«сырттан» китеп… чыгарам дейт башкасын…
Алып алган сымал аны жек көрдүм
Алимандын китеп басаар акчасын.

Батыраак деп, батыраак деп, батыраак,
балдар-кыздар калем кармап тапырап,
Байрон турсун Байдылданы окубай,
баарына өзүн окутууга ашыгат…

Ыр-дүйнөгө ыйманы ысык бак келгей!
Ырдын багы кыргыз-башка чак келгей!..
Отуз жаштан оосо дагы Алиман,
өлтүрбөстөн тогуз жылды апкелгей…

ТЕГЕРАН ТҮШ КӨРҮҮСҮ
(Юрий Кузнецовдон)

Түндүктөгү кыйроолордон сырткары —
Тегеранда тегиз күйүп тур жарык.
— Баарын жакшы айттык, маршал Сталин, —
Баштады сөз Черчилль-чечен кырданып. –

Көп аянга ишенмейим бар эле,
Көргөн түшүм — өзү го дейм кепилдин:
Жер-жүзүндө дайындалдым шар эле
Жетекчиси болуп планетимдин!

Андан ашкан көтөрүлүү барбы эми,
Алибетте, көңүлүңөр чөкпөстүр…
— Карасаңар, кандай укмуш дал келүү! —
Каада менен Рузвельт сырын төкпөспү. –

Унутулгус жолугушуу болду да,
Урматына түштөр кирди олуттуу:
Ай-ааламдын жетекчилик ордуна
Алкап мени олтургузуп коюшту!

Анда Сталин айтты сөзүн түздөнүп
Канжа-несин калбаат соруп тынымга:
— Мен өзүм да чыктым түндө түш көрүп —
Бекитпедим дайындоонун бирин да!..

ТЕҢИРДИН КЫЛЫЧЫ
(Кайсын Кулиевден)

Асан-Үсөн түштү асмандан анаке,
Кандан кызыл, чөптөн жашыл түсү ынайт.
Адамдарды сүйүндүрчү жан экен,
Тоо, деңизди туташтырган күчүн-айт.

Жети түстүү, жети кабат керемет
Баарысын тең кучакка алып турбаспы.
Ашуу, аска, талаа, жалпы тегерек,
Анда иштеген аялдарды нур басты.

Ийгиликке, сүйүнүчкө арналат,
Чынында эле кылычы го Теңирдин!
Балдар аны көргүсү бар кармалап,
Аны менен ойносок дейт кээ бир күн.

Жер үстүндө илинип тур термелбей,
Балдар аны карап суроо салышты:
Артка ийилме мизи кана — шерденген?
Сабы кайда? Бар экени аныкпы?

Кылыч мына — ак жүрөк да зыянсыз,
Жазалоону, өч алууну билбеген.
Үмүт сыңар — эгер болсо ким алсыз,
Сүйүнүшөт, таңданышат миңдеген!

Асан-Үсөн! Жакшылыгы жатталуу,
Жарак да жок андан картаң, эскирген.
Анын мизи бир тал чөптү чаппады,
Алдында анын жүгүнбөдү эч кимдер.

Кандай сонун ушул жарым айлана,
Билбейт эч бир жандын башын кыйышты.
Талкалап бүт куралдарды шар гана,
Калтыргыла жалгыз ушул кылычты!

КЫРГЫЗ-ЫЙМАН

Кыргыз чегин курчап турган тоодо адеп!
Кыргыз жак деп суусап турган жоодо адеп!
Башкалар бүт «ба-а!» деп келсе дүйнөгө,
байкагыла, кыргыз туулат «ооба-а!» деп!

«Ооба-а!» деген сөздүн ошол деминен
орду менен мөңгүлөр да эриген!
Кандай арман — жерди таштап көз жумуу,
андан арман — кетүү кыргыз жеринен!

Конушун көр — коңшу турган айы бар,
комузун көр — жүрөк, жүрөк сабы бар.
Кырдан ойго, ойдон кырга зуу койчу
кыргызга бул кыйын заман багынаар.

Ооз ачылат, эрдигиңе, бир карап —
оорчулукту коштоп шаттуу ыр барат!
Илинсе эгер кыйшыгыраак, чалараак
илгичтеги кийим канча кыйналат?!..

Кыйынчылык басса дагы жол болбой,
кыргыз-ыйман калбасын эч корголбой.
Кам көр ага — диванда жаш баланын
капталына төшөк-таянч койгондой…

КОЖО СӨЗ

* * *
Алар мындан ары эч качан ажырашпас үчүн ажырашып кетишти.

* * *
Алайку менен Алай, ал турсун Чоң-Алай тутумдаш. Андыктан баарын бириктирип, «алай», «куу», «чоң» деген сөздөрдү да кошуп, «Чоң Алайку» деп атап койсо болчудай.

* * *
Партияда жоктордун «партиясынан» күчтүү партия эч жерде жок!

* * *
Аялынын жаштыгынын азабын тартып, ого бетер карыгандар көбөйдү.

* * *
Тоодо туулуп-өскөн шаардыктар чогулуп эс алса — тоо таянып, жаратылыш беттеп кетмейи адат. Шаарда туулуп-өскөн шаардыктар эс алса — ресторанга түшүп, кабинада кадалып олтурмайы адат.

* * *
Менин ар бир ырым — окурмандарыма жазган катым.

* * *
Арак — ар ак (оңунан окусаң), арак — кара (тескерисинен окусаң). Тактап айтканда, аз ичип, оң жүрсөң — ак, ашыкча ичип, тескери кетсең — кара.

* * *
Кээде мага жаңы жыл — он эки ай ичинде бирөөлөрдү өлтүрүш үчүн келгендей туюлуп кетет.

* * *
Сүйгөнүңдүн жасап берген тамагы — нак бейиштин тамагы.

* * *
Заман бул — оттогу казан сыңары. Заман алмашканда — казан алмашкандай ичиндеги кайнаган турмуштун үстү астына, асты үстүнө куюлат. Башкача айтканда, баштагы бийик нерсенин төмөнгө түшүп, төмөн нерсенин бийикке чыкмагы бар.

* * *
Азыркы «ыштаны» жок гезит чыгарып оокат кылгандар — илгерки «Төө чечмей» оюнундагы ыштаны жок тоңкоюп, абийирин артындагыларга көрсөткөнчө төөнүн буйласын чечкен, анан ага акча алган катындардын өзү!

* * *
«Ыр жазганды качан баштагансыз?» — деп сурай беришет. Мен билбеймин. Адам түш көргөндө ошол түшүнүн качан башталганын билбеген өңдүү мен дагы качан ыр жаза баштаганымды билбеймин.

* * *
Аялың менен «беркиниңди» ынтымак кылайын десең үчүнчү бирөөгө кетип кал, дос. Ошондо тиги экөө: «И-ий, өлүгүңдү көрөйүн, сени да ошентчү беле…» — деп атып эле ынтымакташып кетет.

* * *
Эң таза аба — мончонун астындагы аба. Ал жуунуп чыкканыңда укмуш байкалат.

* * *
Жөн жүрүп карыган эч нерсе эмес. Теле экрандан түшпөй жүрүп карыган ашкере аянычтуу.

* * *
«Кыз-келиндерге арналган ырларыңыздан улам аялыңыз урушпайбы?» — деп сурашты автордук кечемде. «Урушат, урушат. Ушу алтындай болгон аялзаты жөнүндө эмне үчүн начар жазып жатасың деп урушат».

 

БУЛБУЛ ЫРЫ
Булбул жыл сайын жумурткасын тууган күндөн баштап балапанын учурган күнгө чейин гана сайрайт. Балапанын учурган күнү тили катат.

Булбул сайрайт, булбул сайрайт — бул… бул… бул!
Буулуккан бир көңүлүңдү бур… бур… бур?!
Ооруп жатып, онтоп жатып энеси
оо, баласын эмизгени тур кургур.

Элбип-селбип энекеси тур кургур
эмизем деп, эмизем деп уулун бул.
Буулуккан бир көңүл-дитин бурдуруп
булбул сайрайт, булбул сайрайт — бул-бул-бул!

Булбул сайрайт, булбул андан баласаак —
бул мындай деп, ал андай деп карасак.
Жумурткасы туулаар замат баштайт ал,
жуп ошондон безеп-сайрап баратат!

Ырдайт булбул башка ырларды тен албай,
ырлары өзүн, өзү ырларын жеңе албай…
Береги эне сакайса да онтоодо
бешик ырдан беш сап айтып бере албай.

Булбул гана болсун менин балам деп,
булбул болбой калса — кокуй, арам деп
сайрайт булбул, сайрайт бурбай өз тилин,
салат дилге алыс-жууктан салам-кеп!

Ырдап айтса ыйык сөзүн тумардай —
ырасында ким коё алат тил албай!
Ооруп-онтоп жаткандан да оорулуу
онтогондор бешик ырын биле албай…

Булбул ырын уккун дайым, ук таңда —
буюгуп бир уккуң келет уксаң да!
Баары бүтүп — тили катат булбулдун
балапаны канат күүлөп учканда…

Айланайы-ын, ырыс ыр бул, кешик ыр,
апкелүүдө сезбегенди сезип ыр!
Бүт ааламды багындырган өзүнө
булбул ыры — бар болгону бешик ыр…

Ырдап айтса ыйык сөзүн тумардай —
ырасында ким коё алат тил албай!
Ооруп-онтоп жаткандан да оорулуу
онтогондор бешик ырын биле албай…

 

КАЙРАН СҮЙҮҮ

Тең жарылган каткырыктай сабалап,
тең жарышкан сүйүүбүзгө салават!
Каткырыктай күчтүү да экен, кыска экен,
кала бердик жүрөктөрдү жаралап.

Айлуу түндүн салкыны өлдү — чөлдөдүк,
алоо күндүн ысыгы өлдү — көрбөдүк.
Ыпыр-сыпыр..ыпластанды көңүл да
шыпыргыга шиленген нан өңдөнүп…

Кай тарапты, кайсы гүлдү карасак —
кара күйүк, кара темгил, кара так.
Үстүбүздө ээри оогон ат болуп,
үрккөн бойдон мезгил ана баратат.

Карашалбай же каткырбай, сөгүнбөй,
какшып турбуз чайнек менен чөгүндөй.
«Ошол сүйүү кайда?» — деген — осол сөз,
ортобузда мүрзө турат көрүнбөй…

Арман канча алкымдан бек кыспасын —
ал сүйүүгө акаарат кеп чыкпасын.
Тилек ушул — адамзаты мүрзөгө
тик сайылган бычак бар деп укпасын…

 

* * *

Жасалганда — жакшылап бата алганбы,
батанын же өзүнөн жасалганбы —
кут даарыган жерди көр, кут даарыган
кулпунтат да кулпуртат адамдарды!

Ал-ансайын жер бетин оё басып…
адамбайлар мал топтоп — короо ташып!
Кут даарыган жерди көр, кут даарыган
кулпундуруп малды да коёру ачык!

Баккан малы бал татып турса мына
бар-береке(!) — туш болот ууртамына…
Аны туурап жер дагы бирден-бирден
адамдарды жымырат курсагына…

 

УКТА, СУЛУУ

Укта, сулуу, эч ким тоскоол этпесин,
укта ойгонбой болсо да азыр кеч бешим.
Көзүңдү ачсаң — канат кагып каштарың,
көктү карай үркүп-учуп кетпесин.

Жан көшүлтчү жаркын сөздөй жалынган
жабыз, жагым — шейшебиң да жамынган!
Бойтоюп бир балкып-көлкүп тур мында
бой жеткенде тапкан бардык «табылгаң».

Укта, сулуу, уктай турган орун бул,
учу барып түшкө айлансын оюңдун.
Сулуу, сенин түшүңө бир кириш да —
ЦУМга кирген сыяктанып сонундур!

Кайтарса да сулуулукту — мактанбай,
кароолчу-кал какайып тур, ах, кандай!
Бүт сырыңдын, бүт кылымдын капкасы
бүлк-бүлк эткен оң ууртуңда жаткандай.

Укта, сулуу, ууз демиң ак, таза —
уйкуңдун ал улам кадам ташташы-а.
Үстүңкү эрдиң — канат жайып акырын
үргүлөгөн барчын сымал башкача.

Улуу турмуш чарчатып бүт — балбан-ов,
уктаар кезде уктап-жыргап алган оң.
Сулуу, сага суйсалып да суйкайып,
суроого жооп бериш эле кандай оор!

Укта андыктан, уктап сага алган оң…

 

ЧҮРӨК

Оо, мен билген сулуулар,
Арзыбаган кунуңар…
Нагыз чүрөк мынаке —
наркы дүйнө бурулаар!!!

Кел-кел доорго чыракпы?!
Кетпесеңер уят бу —
күн чыкканда жылдыздар
күм-жам болгон сыяктуу.

Баскан изи — башка тең,
бак-таалайга накта кен!
«Бар» деп айткан бир сөзү —
бардыгы өскөн бакча экен.

Жыргал-туусу бүктөлбөй,
жылмаюудан бүткөндөй.
Мөлтүр көзү ирмелсе
мөмө үзүлүп түшкөндөй.

Карай калса — бүгүлүп,
Хандар — жетим жүгүрүк.
Томуйтуптур чекесин
тоолор толук жүгүнүп.

Жамгыр сымал, ой сымал
жан сергитет доошу улам.
Ит үрсө да жүрөкпө
гүл атылат оозунан!..

 

…ГА ЭКИНЧИ ЫР

Чыныгысың, чыныгысың, чыныгы!
Чыгат эми чыгаандардын чын ыры!
Үшкүрүнө сен дегендер – турмуштун
улам түтөп… кемип жаткан чылымы…

Нагызысың, нагызысың, нагызы!
Насыяттай – карегиңдин жанышы!
Сезгендер да ааламга өзүн  кожоюн
сени көрсө – сезет бардай карызы…

Дал өзүсүң, дал өзүсүң, дал өзү!
Дайым сени карап турат ай өзү!
Дааналап бир айтып коёр сөз ушул –
далдааңда тур  жарык дүйнө, кап, өзү…

 

БҮГҮН МЕН ЫР ЖАЗДЫМ ЭЛЕ

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
алмалар ачып-жапма тереземден
акырын башбагууда шакта туруп
алыстан окучудай барактарды.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
тулаңда чалкасынан жаткан жоокер
тураарда автоматты таянды да,
куралдын оозун калды кыртыш бүтөп.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
жигити шоколадды тиштеп сунду,
жымыңдай башын созуп жароокер кыз,
жыргаган бойдон үздү жармын тиштеп.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
саяпкер ат такалап жатты кылдат,
саал ачык турган ооздон  түкүрүгү
саламдай агып түштү ай-туякка.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
дайрада ыштаны агып… аттай-буттай
далдайган балыкчы кууп келатканда –
дардайган дүмүр-бутак токтотту илип.

Бүгүн мен ыр жаздым эле –
кызымдын  «5»теринин бутагына
кызыл тил булбул келип конуп алып,
кыраатын бузбай сайрап жатат тынбай.

 

ЖЫЛКЫЧЫ ЖАНА МУРУТУ

Жылан мурут Жылкычы!
Жылгалардын ырчысы!
Ырдап жатып кол серпсе
мурут учу чырпычу.

Карап көздүн дал алдын:
«Каралдым, – дейт, – каралдым…» –
ажыдаар жон мурут тур
агылжын да каралжын.

Батпай үйгө – чалынып,
бал кымызга малынып,
секи, кырга сүйрөп тур
сергийли деп – кам уруп.

Маңызданбай, какшанбай,
мактанбай да актанбай –
муң баскан жоон үн менен
мурут сүйлөп жаткандай!

Бирок, жазылчудай курушу
жалынганы-ай куп ушу!
Качат балдар безилдеп
кармачудай муруту.

Канаттарын талыткан
кайткан куштай алыстан.
Жаалданганда карасаң –
чапчып алаар арыстан!

Сылаганда – жоош болуп,
сый-урматтар коштолуп –
түштүк, түндүк– бир мурут,
батыш, чыгыш дос толук!

Кыска тостту укпаган,
узун тостто уктаган.
Арбаң этет муруту
алып ийер тушта анан.

Жылан мурут Жылкычы!
Жылгалардын ырчысы!
Ырдап жатып кол серпсе
мурут учу чырпычу.

 

ТОЙДОГУ КЕЛИНДЕР

Келе бери, мен жасайм деп чыгышкан
келиндер-эй тойдо кызмат кылышкан –
кемди толук кыла турган армия
кемселчен да, кепкүүрчөн да, кылыкчан!

Жок булардын үстөлү да төшөгү,
жок жалкоолук, жок анан да өчөйүү!
Тоонун жүгүн көтөргөндөн оорураак
тойдун жүгүн, тойдун жүгүн көтөрүү!

Бир кылчайып жарк эттире шок немең
бирөөлөргө жооп ыргытат чок менен!
Канча келин канча жумуш бүткөрдү
катарында тең алоолоп от менен!

Тез-тез каттай берип – сулуу тентек жол,
тепилдемей, лепилдемей элпек кол!
Келиндердин кепичинче иш кылбай
керсейген да, торсойгон да эркек мол.

Тамак толо табактарды карма, бас,
кандай кыйын тайтаңдабай алгалаш.
Көңүл отун көтөрбөсө келиндер
көп самоордун чайлары да кайнабас.

Шай жоолугу кыйшайса да жарашып,
шашылганда аттап итти – каратып…
Түгөнгүр-ай, илип кетти анан да
түшүп калган бир боорсокту баратып.

Оо, мейманды утурлаган келиндер –
ой-иий, кандай эриндер де… эриндер…
ой-иий, кандай күлкүлөр де, сөздөр де…
ой-иий, кандай дасторкон де керилген…

Жасайт дебе жалаң гана жумушту,
жаркылдаган келиндер, чын, улук бу –
саясатчы-төбөлдөрдөн жакшыраак
сактап турат кыргыз деген улутту!

 

ОШ

Үч миңге чыккан өткүр шаар!
Үйрүлүп сырды төктүм шар!
Жанары менен жангым бар,
анары менен өскүм бар!

Айкашкан жигит-кыз жаркып,
Ак-Буура агат ышкы артып.
Сулайман-Тоого чыккандар
суктантат жүзгө чыккансып!

Тоосу жок – бул шаар өнө албайт,
шаары жок – бул тоо өң албайт!
Кыргыздан досту бөлсө да,
кыргыздан Ошту бөлө албайт!

Жароокер калкы жаккандай
жарашат ырыс-бак кандай!
Ийилип саламдашат эл
ийилген мөмө-шактардай.

Ынтымак-ыркы түптөлгөн
ыдырабасын бүктөмдөн!
Тоо башын шаардан тиктейм деп
топтошуп учкан куш көргөм!

Айкашкан жигит-кыз жаркып,
Ак-Буура агат ышкы артып.
Сулайман-Тоого чыккандар
суктантат жүзгө чыккансып!

 

АКУН АКЕ

Кайкалайсыз! Каткыра сүйлөп-жаркып…
Калкагарсыз! Нарк-сыйды түрлөп-калпып…
Ойноп кээде буттарын чеберенин –
ооз-гармошка кыласыз “үйлөп-тартып”.

Жалын дагы сиз жакка жан-н(!) деп качат.
Жаңсап эле койсоңуз – адеп-башат.
Эки бирдей сулууну күлүңдөгөн
эки көзгө таккансыз айнек жасап.

Телегейи тегиздей нурданган – сиз,
тегиз болом деп кээде кур калгансыз.
Тең экиге, эки эмес – андан көпкө
терезедей бөлүнүп турган жансыз.

Эргип айткан сөзүңүз – аскадагы ыр,
ээк көтөрүп эрүүдө канчаларың?!
Жарыядай жайкалып, тура калып,
жарашканды-айт шляпа башкача бир!

Убаданын учунда – демей жорук…
улуктарга тургансыз ченем болуп.
Билгизбестен карайсыз бийликченди
бир көз тургай, бир ыпта менен толук.

Мамиленин кашкасын аяр сылаар…
маданият жөлөнгөн адам-чынар!
Баары-баары ордуна келип турсун
байбиче “өтсө” – башкасы даяр сымал…

Кайкалайсыз! Каткыра сүйлөп-жаркып…
Калкагарсыз! Нарк-сыйды түрлөп-калпып…
Ойноп кээде буттарын чеберенин –
ооз-гармошка кыласыз “үйлөп-тартып”.

 

ЭКӨӨ

(“Кайрадан жазылган ырлар” топтомунан)

Эки коңшу (бирөөсү кош балдакчан)
ээн бакты башка кийип – балжактап,
өлөрчө бир ичишти да чегишти,
жөнөштү анан арыкты аттап, карды аттап.

Бар тулкусун артып эки балдакка,
барат бири ооп-кыйшайып ар жакка.
Ачык турган беш салаадай жарданат
ага баары – жакаларын кармап да.

Баспай…
чылым тутантам деп шалпылдап,
балдагынан кулаган тур калтылдап –
чекити жок көр-тирликке коюлаар
челек баштуу үтүргө окшош ал чындап.

Кайгы-муңга капталышып ары жагы –
капысынан милийсалар кармады.
Салып кетти машинага бирөөсүн,
а бирөөсүн, а бирөөсүн албады.

“Балдакчандай бактылуу жан барбы?!.” – деп,
бараткан бар кармалганга кайгы жеп.
Кирип жерге – кемсинген бар мени эч ким
киши сымал эсептебей калды деп…

 

ИЗДЕЙМ СЕНИ

Мезгилге куйрук-улаш түшүп алып,
мен сени издеп келем – утуру арып,
күч берээр бакытымды, таалайымды
100 грамм шарап сымал жутуп алып…

Изделип жүрүп өзүм – кийик болуп,
издеймин ийне-жибиң билип толук,
калчылдап бут шилтенбей калган кезде
кайгымды канттай чагып, шимип коюп.

Издеймин, таап бүтүп, жаным, дагы!
Издөөгө өмүрүмдүн кайыл баары!
Табылып, колтукташып жүргөндүгүң –
болгону, дарегиңдин табылганы!

Сени мен издеп келем мекенимдей!
Сезимдер далбалактап этегиңдей!
Издебей калган ошол мүнөт-саатта
из-тозсуз бул дүйнөдөн кетеминби-эй?!

Кашкайган тиштериңдей – каткырыгың,
кайрылып бир карасаң – катты кылым.
Ийниме бул ааламды илип алып
издеген үчүн сени бактылуумун!

 

…ГА БИРИНЧИ ЫР

Чыныгысың, чыныгы, чыныгысың!
Чыр дүйнөнүн батадай тынымысың!
Көз ирмемиң кыркып тур жамандыкты –
көп жандардын кырсыктан кырылышын!

Нагызысың, нагызы, нагызысың!
Нан жытынын, даамынын маңызысың!
Жоодурап бир карап сен койгон адам
жортуулдарда билбестир багынышын!

Дал өзүсүң, дал өзү, дал өзүсүң!
Данакер да жароокер жан өзүсүң!
Тушоо тойдо жүгүргөн балдар сымал
турат сага багыттап баары өсүшүн!

 

МУШТУМ

Автотыгын айламды кетирип бир,
алтыныма, мынаке, кечигипмин.
Түйө коюп муштумун кезеди эле –
тормуз бастым ичинде кесилиштин.

Күдөр үзгөм – учурдай өлө турган,
күндөрүм көп турбайбы көрө турган –
өзү сымал муштуму супсулуу экен,
өбө турган нерсе экен, өбө турган!

Калптын-чындын баарысын азыр аңдап,
газды бассам – машинем адыраңдап…
Түйүп алган муштумун сулуу, мөлтүр
түгөтө албай кезейт ал бажыраңдап.

Айткылачы, аруу бир нерсе менен
агайына муш кезеп эркелеген –
эмне деген ишеним, эмне деген,
эмне деген эркиндик, эмне деген!!!

Ырас, ырас, муштуму – курал ушу,
ырысты андан жандырып туралычы?!
Тиштенсе да, эринин жымыйтса да
тышта-а кыздын күлкүсү, кубанычы.

Куштарлантпас анчалык – көнүк нерсең,
кумардын зор куту бар – чөгүп жеңсең.
Тимеле бир ырахат, лаззат болмок
тигил муштум тийгенде өлүп берсең.

… Кучагымда жалынчка муюп-калкып,
кумарлана өбүштү уюп-балкып.
Абай салсам, муштуму тирүү дале –
айдалыма нап-назик уруп… тартып…

Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (30.11.2017)
Просмотров: 1785 | Рейтинг: 0.0/0