Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 29.03.2024

Нишан Молдо (1846-1916)

Эски терме-санат ырлары
Жашыңда оку илимге,
Жакуттай көзүң ачылат.
Ынтымак болсо бир тууган,
Башкалар кантип батынат.
Алганы жаман чыкканда,
Азамат жигит пас болот.
Амандашаар тууганың
Алыска кетип жат болот.
Көргөндүн көркү көө болот.
Жаман менен достошсоң,
Акыры түбү доо болот

Башынан арбак ургандын,
Аркасында чуу болот.
Ынтымагың бар болсо,
Душман да сага эл болот

Элге насыят
Ынтымагың бар болсо,
Ар жерден намыс аласың.
Башкадан келген душманга
Батырып найза саласың.
Ынтымагың бар болсо,
Мусапыр келсе, багасың

Сөздү сылык чыгарсаң,
Кимге да болсо жагасың.
Ынтымагың бар болсо,
Алыстагы душманга
Айбатың шаңдуу болосуң,
Ынтымагың болбосо,
Ач бөрүдөй улуйсуң,
Алдырып жатка куруйсуң.
Ынтымагың болбосо,
Душманга бута болосуң,
Ача албай көзүң оёсуң.
Ынтымагың болбосо,
Тарп болосуң душманга.
Ынтымагың жок болсо,
Чекеден келген душманга,
Кошоматтап сүйлөйсүң.
Тууганыңды жамандап,
Душманга бет аласың,
Ырыскыңды түгөтүп.
Ынтымагың бар болсо,
Толуп турган айдайсың.
Ынтымак кетсе элиңден,
Бекинесиң душмандан,
Бүркүттөн качкан улардай,
Айтканың болот кош жүздүү,
Эрден чыккан жубандай

Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (30.11.2017)
Просмотров: 1591 | Рейтинг: 0.0/0