Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 19.04.2024

Алыкул Осмонов ыр жыйнагы

ОТУЗ ЖАШ

Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз…
Тагдыр ошол, өлчөмүнөн көп кылбас.
Бирок чиркин аздыгына мейли эле,
Анын октой тездигине катат баш.
Кечээ гана тиги кырда жок эле,
Кайдан чыкты боз ат минген отуз жаш?

Токточу өмүр, токточу өмүр, токтой тур!
Көзүң чуңкур, өңүң кансыз, сары сур.
Тил албассың, жоголо бер, кете бер,
Сенден күчтүү, сенден өжөр бул учур.
Он беш жолу улам кайра туулуп,
Он беш жолу жашарбасам, карап тур!

 

ЭСКЕРМЕ

Билбейм, кандай, эмне ойдо экен катарым?
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай,
Эрте кургап, муздап бара жатамын.

Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек, жаман ойго багынбай.
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап кеткен карындай.

 

АТА ЖУРТ

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

 

БАР БОЛГУЛА

Бар болгула, түгөнбөйлү, курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар.
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да
Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар.

 

КОШТОШУУ

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы.
Алыс сапар кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Неге керек сүйгөн жардын көз жашы.
Жолтоо кылып «кош» дегенди угузбай,
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы.
Эгер «кел» деп Ата Мекен чакырса,
«Аманбыдан» «кош» деп айткан сөз жакшы

 

МЕН ТАНСАМ

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канаттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.

Мен кыргыздын акыны
Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды.
Ушакчыдан не кылам деп сурасам,
— Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Чайга салып жутар кезде:
Заар тилин куйкалачу,
Мен кыргыздын акыны!

Карлуу күнү берсе керек бактымды,
Аяз күнү койсо керек атымды.
Ичи арамдан не кылам деп сурасам,
— Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымды?
Кантка салып жутар кезде:
Кара көңүлүн куйкалачу,
Мен кыргыздын акыны!

Таш идишке куйса керек бактымды,
Татты идишке куйса керек атымды.
Кароолчудан не кылам деп сурасам,
— Балам алсын бекер бер дейт даңкыңды.
Берем!
Алсын!
Сатпайм кадыр-баркымды,
Уйчу, койчу, кетменчинин
Менмин кымбат акыны!
Баалай келсе тең келе албайт,
Бул ааламдын алтыны!

 

ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ

Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат…
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан…
Деп жалооруп көңүлүм шондо бир сынат.

Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт…
Албуут бала, эми болуп араң жан,
Айыкпас дарт болгон өңдүү өнөкөт.

Мен өзүмдү уктаганда карасам,
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок.
Жүрөк күчүн тамырынан санасам,
Чарчагандай араң согот, алы жок.

Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан,
Тагдырына рахмат айткан азамат.

Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара,
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.

Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыстан чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан,
Эрдигинен эчен тирүү жан чыгат.

 

АДАМГА

Адамды адам меймандап
сыйлайт экенсиң,
Жакын жолдош жорону
жыйнайт экенсиң.
Жакшы тилек ак ишти
кыйбайт экенсиң,
Жакшы коргон досуңду
кең дасторкон үстүндө
Ичкин муну жегин деп
Кыйнайт экенсиң.
Ошентсе да өмүргө
Сыйбайт экенсиң.
Кара жердин алдына
Бири-бирин жашырып
Ыйлайт экенсиң…

 

АДАМЗАТ

Мүрөктүн суусу жөн суулардай шылдырап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп,
Өзүм ичпей, ичирер элем адамга.
Мүрөктүн суусун ичирейин дегеним:
Адам деген картайгыч тура бечара.

Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап,
Ташып жатса куш жете албас ыраакта.
Эти калың пилдей күчтүү болсун деп,
Бүт агымын бурар элем адамга.
Замзамдын суусун агызайын дегеним:
Адам деген чарчагыч тура бечара.

Олуя табып Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада.
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Дары чөптү ичирейин дегеним:
Адам деген оорукчан тура бечара.

Ак шайы көйнөк, күмүш кемер сыяктуу,
Адамдын жаны сатылып турса базарда.
Дагы жыргап, дагы жашап көрсүн деп,
Өзүм албай берер элем адамга.
Жандарына жан кошоюн дегеним:
Адам деген көп өлгүч тура бечара.

 

МЕНИН КҮНҮМ

Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт.

 

СҮЙҮҮ ЖАНА МЕН

Сүйүү эмне? Сүттөй таза колукту!
Ансыз анан алтын өмүр толукпу?
Ошондуктан эң биринчи жаш сүйүү,
Бермет,жакут,каухар кийип жолукту.

Кучактадым, өптүм, кыстым боорума,
Бул турмушта өлгөнчө бир болууга.
Бирок, сүйүү эң жалганчы нерсе экен,
Кош деди да от карматты колума.

Экинчиси: андан сулуу, андан жаш,
Жалынына жана турган жансыз таш.
Анын көркү миң бир түрлүү көрүнүш,
Мен андыктан: кайра кумар, кайра мас.

Аз дууладык жаштык, мастык оюнунда,
Ант бериштик өмүр байлап көп жылга.
Бирок, сүйүү жерден муздак нерсе экен,
Жашырынды жылаан байлап мойнума.

Менде айып жок…төмөнсүнбөйм эч кимге,
Андай болсо, «күнөө өзүңдө» деп билбе,
Бирок сүйүү уудан бүткөн нерсе экен,
Yчүнчүсү заар чачты бетиме.

Жылаан таштап, заар төгүп, чачып от,
Эрк сеники, шылдың кылмак, ойномок.
Бирок, түшүн, акылың кем жаш сүйүү,
Ошентсе да сенден көңүлүм калган жок!

Билем, анын туш тарабы терең жар,
Өзү зоока, куш жете албай болгон зар…
Эгер сүйүү күчтүү болсо өлүмдөн,
Мен сүйүүгө теңелүүгө акым бар.

 

СҮЙҮҮНҮН ТҮРЛӨРҮ

Сүйүү кызык, сүйүү таттуу бир башка,
Кимдер сүйбөйт дени таза жаш чакта.
Биз сүйөбүз, намыс кылбай сүйөбүз,
Жаш улгайып, карып бара жатсак да.

Анда айып жок. Айтам деген оюм бул:
Сүйгөнүм бар эки кызды бир учур.
Кандай болду ал сүйүүнүн аягы,
Мен сүйлөйүн сен жакшылап угуп тур.

«А» аттуусу мени көрүп кызарат,
«З» аттусу мени көрүп кумсарат.
Ал кызаруу, ал кумсаруу – чын сүйүү,
Сүйүү күчү жүрөгүнө от жагат.

Мен ойлодум, терең ойго малындым,
Ортосунда дал ушул эки жалындын.
Байкоо кылбай кумсарганын алам деп,
Өктө калып өмүрлүккө жаңылдым.

 

ФРУНЗЕ

Фрунзе, учкан уям, сүйгөн калаам,
Көп жүрдүк, ойноп, күлүп эсен-аман.
Эч качан жакшы элесиң эстен кетпейт,
Кашка суу, жашыл бакчаң, салкын абаң.

Фрунзе, сүйгөн шаарым, сүйгөн калаам,
Жаш күнүм, балалыгым сенде калган.
Турмуштун эң ысыгын сага берип,
Бөлүнүп бир өзүңдөн кайда барам.

Эй карачы эс алуучу жер сонун,
Көрө аласың ырахаттын толугун…
Фрунзе өстү, таштап баткак чыласын,
Бир эле көр, дүйнөгө кеп кыласың…

Дагы мына сабыр кылгын шашпагын,
Тээ тетиги бийик зоока таштарын.
Ташып келип сонун тамдар тургузсак,
Келет го дейм дагы миң жыл жашагың

 

ТИРҮҮЛҮК

Кеткен кетти, өткөн өттү бирдеймин,
Кечтим дайра агымынын миңдейин.
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?
Кайдан чыгып, качан келдим бу жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайгак жолдун миңдейин.
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем анан аны не дейин?
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби, билбеймин.

 

ТАБИЯТ ЖАНА МУЗЫКА

Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңкиси ырахаттуу!
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап,кандай сулуу,кандай шаттуу!…

 

ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ

Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн, керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер, дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат — кыргыз аты.

Таарынба, белегимдин көрдүң азын,
Сынагын кандай экен, ичин ачкын.
Ал белек сага тааныш – сулуу Нестан,
Мен аны кыргызчалап кайра жаздым.

Тариэл – сен көргөндөй баа жетпес эр,
Автандил – жүзү жылуу акылман шер.
Түз талаа, бактуу калаа, тунук суулар…
Баары бар… Тинатин кыз үн салган жер.

Баягы кара үңкүрдө күткөн Асмат,
Батмажан виного мас, күлгөн шат-шат…
Айтылды өз түрүндөй Фридон дос,
Не сулуу, айлуу түндөр күмүштөй ак…

Айыбы жок жаш сүйүүнүн кайгылары,
Эң таттуу, эң бир укмуш муңу, зары.
Арфа ыры, жанды эриткен коңур үндөр,
Таарынуу, сүйүнүүлөр, баары… баары…

Жок күтпөйм, алдын алып айтпа рахмат,
Өзүң көр, өзүң өлчө таразалап.
Арманым ошол сүйүү бул күндө да,
Кайрадан жаралсачы, атаганат!

Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат — кыргыз аты.

 

ЫСЫК-КӨЛ

Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым,
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Күнүмдүн ичкен суудай берекеси,
Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың.

Ысык-Көл, сен ырыскым, сен жыргалым,
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Өзүнчө урматтуу бир салт экен го,
Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың.

Ысык-Көл, өзүң барда, мен да бармын,
Сен жарым, кереги не башка жардын.
Тагдырдын марттыгына мен ыраазы,
Бар тура, кубанаарым, мактанаарым…

 

* * *

Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун.
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсом дагы,
Бир сырлуу мындай жолдош күткөн жокмун.

 

МУЗЫКА

Мен суу ичпейм таңдай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда.
Музыкадай мага таттуу суусун жок,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым кашык музыка!

Мен ыйлабайм капа тартып турганда,
Мен кубанбайм бак-дөөлөткө тунганда.
Дарым ушул кайгы жана шаттыкта,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым ууртам музыка!

Эмнелер жок бул дүйнөдө, жарыкта,
Не бир сонун… не бир кымбат асыл баа.
Мен кетерде ошончонун ичинен,
Сагынарым,
Эң аярым,
Эң кымбатым — музыка!

 

КОШТОШУУ

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайт сүйгөн жардын көз жашы.
Алыс сапар кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.

Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Неге керек сүйгөн жардын көз жашы.
Жолтоо кылып «кош» дегенди угузбай,
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы.
Эгер «кел» деп Ата Мекен чакырса,
«Аманбыдан» «кош» деп айткан сөз жакшы.

 

МЕН ЭМНЕДЕН УЯЛАМ

Мен уялам, сүйбөдү деп жаш теңим,
Же болбосо аты назик ак келин.
Ая, жаным, антпе дешке чолом жок,
Чынын айтсам андай ишке жок эбим.

Мен уялбайм дайым бүркөө түрүмдөн,
Жаш болсом да картка окшогон сүрүмдөн,
“Койдум, курбум, мунун жаман” – дей албайм,
Өзгөрмөй жок жаралган түс, гүлүмдөн.

Мен уялбайм ал кетирген оорумдан,
Баскан күндө төрт аяктап боорумдан.
“Кантем, апа, ушинтемби, я”, — дебейм,
Сөөгүм чыкпайт бараткан түз жолумдан.

Мен уялбайм балам жок деп соңумда,
Жал-жал күлгөн жарым жок деп оңумда.
Балам, жарым – доорум үчүн шилтеген
Найза учунда, зор замбирек огунда.

Мен уялбайм кедейликтен, жоктуктан,
Тапкым келсе, жок колунан чок чыккан.
Менин казынам, байлыктарым миномёт,
Батыш жакта жоо калаасын коркуткан.

Мен уялам, мына мындан уялам,
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам.
Колун кезеп жолуң болгур дегенсийт,
Жер шаарынан күлүк учкан заманам.
11/XII 1944 Койсары

 

АЛДАНБА

Бирин бири жыга албайт,
Багынтсам деп өзүнө,
Турмуш менен адамзат –
Бири – баатыр, бири – дөө.

Күн менен түн сыяктуу,
Кээде кара, кээде аппак,
Турмуш митаам, турмуш куу,
Өзгөрүлгөн эң бат-бат.

Бири зоока, бири аска,
Бири түз жер, бири ор,
Турмуш чиркин адамга
Бирде кор да, бирде зор.

Анткен менен адамзат,
Балбаныраак турмуштан,
Турмуш болсо – найзачан,
Адам – болот кылыччан.

Бирок тиги өйдөкү,
Көз боочудай шамдагай.
Ошондуктан астыңкы
Алдырып коёт байкабай.

Өзүм адам болгон соң,
Адамга айтар насаатым,
Биздин бөбөк, инилер,
Эч кайгысыз жашасын.

Андай болсо турмуштун,
Балдай ширин даамына
Жана кыздай жароокер,
Наздыгына алданба.

Кээде жок да, кээде көп,
Аздыгына караба.
Бели ийилип картайбас,
Жаштыгына алданба.

Алтын төшөк, ак бермет,
Жаздыгына караба,
Телегейи тегиз шай
Мастыгана алданба.

Жашыл, сары, көк гүлдүү,
Көркөмүнө караба,
Атак, урмат кучактап
Өпкөнүнө алданба.

Кээде турмуш уу берет,
Ачуусуна караба.
Кээде турмуш кант берет,
Таттуусуна алданба.

Дал турмуштун өзүндөй,
Миң айлакер жүздүү бол.
Дал турмуштун өзүндөй,
Акылдуу бол, күчтүү бол.
19/XII 1944 Койсары

 

МАГА КҮЛБӨ

Бул кандай ысыгы жок кансыз жүрөк,
Турмушта бүркөө түндөй жалгыз жүрөт.
Бечера ай, ээн талаадан эмне издейт деп,
Кара көз бетин басып кыт-кыт күлөт.

Аның ырас, кече жуук, эртең менен,
Ың-жаңсыз тынчтык менен эрмектешем.
Чабыттап жем издеген ак барчындай,
Үйүмө эки-үч сап ыр таап келем.

Мен киммин, бир жай адам Алыкулмун,
Эгерде жаза албасам, алсыз кулмун.
Томсоруп кол куушуруп өтүп кетсем,
Заманга анда менин кайсы кунум.

Жаза алсам өз доорумдун чын китебин,
Дайрадай тынбай аккан эрдиктерин.
Жанымда жазган жазуум гүлдөп турса,
Анда мен Аалы шерден алдуу шермин.

Кой антип кыт-кыт күлбө эркетайым,
Жан шоолам, жарык күнүм, бак-таалайым.
Сен үчүн бүркөө акындын ачык ыры
Ай нурлуу, ак жүзүндөй айланайын.

Аның ырас, кече жуук эртең менен,
Ың-жаңсыз тынчтык менен эрмектешем.
Чабыттап жем издеген ак барчындай
Үйүмө эки-үч сап ыр таап келем.
22/XII 1944 Койсары

ТАБИЯТ МЕНЕН МУЗЫКА

Өмүр кең, солор гүлдөр… өчпөс, жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар,
Эмесе: бул дүйнөгө туулуу менен,
Кайрадан, ар адамдын өлмөйү бар.

Өлүм ак, пейли сараң, көңүлү тар,
Күчү жок, бирок мени коркута алар!
Себеби: мен өлгөндө ордум басат,
Менден соо, менден жакшы, акылдуулар!

Кубанам, туулуп-өскөн заманыма,
Барабар бир сагаты, бир кылымга!
Урабас менин дагы кирпичим бар,
Көз жеткис анын чымыр катарында.

Курбума, ини-агама рахмат, айтам,
Биз чын эр, бул турмушка жашап-кайткан.
Кан төккөн зор майдандын жыйынтыгы,
Мынакей түбөлүккө улуу майрам.

Бул бүткүс, айтар сөзүм төмөнкүдөй,
Анчалык орчундуу эмес, жөпжөнөкөй.
Кантейин жазмыш күчү руксат бербейт,
Заманга иштер элем далайга өлбөй.

Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңкибиз ырахаттуу!
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап, кандай сулуу, кандай шаттуу!

Ах дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңибиз рахаттуу!
Ушундай сонун күндө өлгөндөргө
Байкачы кандай гана аянычтуу!..
27/XII 1944 Койсары

 

БҮКӨН

Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.

Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.

Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет,
Кучактап уктап калат бир жилик эт.

Ар убак абалары “ырдап кой” дейт,
Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет:

“Сагындым, атакемай келсе экен – дейт,
Ал жеңип, тилегимди берсе экен”, – дейт.

Карылар муну укканда жым болушат,
Көзүнөн жаш чууртушуп бурчак-бурчак.

Анткени – үч жыл болду кабар келген,
“Палан күн… палан жерде өлдү”… деген.

Эл үчүн каза таап жоо огунан,
Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.

Бирок да бардык айыл жакшы көрөт;
Бүкөндүн – эркелетчү атасы көп.
31/XII 1944 Койсары

 

КЫЛЫМДАР

Ай батат, жылдар өтөт, зуулдап бат-бат,
Жебедей кароолуна тийип шак-шак.
Түгөнгүс эртеңкинин эшиктерин
Китептин барагындай ачып шарт-шарт.
Жортуулдап жолдуу кайткан жигиттердей,
Өмүрлөр муңду тепсеп күлөт шат-шат.
Кылымдар кыз эскирткен шайыга окшоп,
Кайдадыр желп-желп этип жатат.

О кайда, мынча алкынып жулунасың,
Тоо-ташка азоо тайдай урунасың.
Соң-көлдүн колго түшпөс кундузундай
Жылтылдап кызыктырып кубуласың.
Кул болуп адамзаттын бийлиги үчүн,
Кош миздүү канжар болуп сууруласың.
Заманга тоскон тогуз өнөр жасап,
Жүзүндө кайра энеден тууласың.
29/I 1944 Койсары

 

РОССИЯ

Эй, Россия, Россия, бир боор энем!
Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен,
Чың сөздү туура айтуудан таймана албайм,
Биз элбиз, биз кишибиз – сени менен.
31/I 1944 Койсары

 

СҮЙБӨЙМ СЕНИ

Сүйбөйм сени: түбөлүккө муздадым,
Бирок анын себептерин билбеймин,
Жаз чыкканда терезеңди каккылап,
Бай төшөктүү жакшы үйүңө кирбеймин.

Бала, жардан, бир туугандан артыкча,
Бул дүйнөдө сүйгөнүм бар жапжалгыз,
Билген билер, анын жанга ысыгын,
Бизден гана жыргап кумар тартарбыз.

Аным эмне? Өлбөй турган жакшы ырлар,
Бул турмуштун ырлары бар укмуштуу,
Күчү кетип талыкшыган күндөрдө
Эр азамат иче турган мүрөк суу.

Ырас, курбум, ырастыгым ким билбейт,
Бул турмуштун ырлары бар укмуштуу,
Жанга кубат керек болгон күндөрдө
Эстүү жигит иче турган дары суу.
3/I 1944 Койсары

 

ЖАШТЫККА

Күнөөсү жок махабаттай мөлтүлдөп,
Жаштык менден өмүрлүккө бөлүнөт.
Эң акыркы ажырашуу элеси
Өз баламдан ысыгыраак көрүнөт.

Кетти, кетти, жибек боосун чече албайм,
Кечкен сууну кайра экинчи кече албайм.
Учкан куштай суу шаарындай жаштыкты,
Самолёт минип кууган менен жете албайм.
1/II 1944 Койсары

 

КАЙЫҢДЫ

Калды, калды Кайыңды айлым ыраактап,
Мен калтардай алыс кеттим кылактап.
Мүрү түшкөн жетим куштун канатын
Айыктырган сууларыңа ыракмат.

Кеткен жолум, күндүк эмес айчылык,
Ошондуктан, бир барбадым кайрылып.
Чоло тийбей, боорум, калам экөөбүз
Өскөн айыл, тууган жерден айныдык.

Же эр болбой, сан жигитти башкарып,
Же мен болбой, күйгөн оттой каарып,
Баарын билбей, жаным, калам экөөбүз
Бир боор эже, агаларды таштадык.

Неге унуттум ууз таза күндөрдү,
Кылтак менен кыргый тутуп күлгөндү,
Эне-атадан, тууган достон иши жок
Таштан белем Алыкулдун жүрөгү.

Жок туура эмес, кайда барсам, — айлым бар,
Мага эне – казак, кыргыз, орустар.
Ким өмүрдө, кан кечишсе биз менен,
Ошол болот мага курдаш, мага жар.

Эстейм сени, Кайыңды айлым сагынам,
Барбайм сага, сагынганда не кылам.
Бул турмушта мен атылган күлүк ок,
Деңиз, дайра, тоодон өтүп жарылам.

Учам алыс, арышым бек чоюлбайт,
Такам болот, тамандарым оюлбайт,
Тирүү жаным буюрбаган сыяктуу
Мен өлгөндө сөөгүм сага коюлбайт.
5/II 1944 Койсары

 

ООРУЛУУ АКЫН

Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз олтурат.
Акын, акын,
Акын баркын –
Өлүм билбей кол сунат.

Оорулуу акын,
Сөздөрү алтын,
Алсыз, жалгыз олтурат.
Кантсин акын,
Ак кагаздын
Бетин ырга толтурат.

Оорулуу акын,
Өмүр артын
Каламына калтырат,
Билген достор,
Жан жолдошто,
Эстесин деп бир убак.

Оорулуу акын,
Соолук баркын,
Эми билип тамшанат.
Кимдер келет,
Кимдер кетет,
Келүүчүгө из калат.

Оорулуу акын,
Ойлоп баккын,
Бизден журтка не калат?
Биз өлөрбүз,
Бирок өчпөс –
Жазган ырлар төрт сабак.

Заман калыс,
Эрдик намыс,
Керек болоор,
Берели.
Жан бүткөнчө –
Кадырлайлы,
Ата менен энени.
6/II 1944 Койсары

 

КАЛАМГА

Сен жолдошум, сен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп, издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдун мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жарымысынан жараттым.

Чырагымсың, айсыз түндө адашпайм,
Ынагымсың, жан чыкканча тарашпайм.
Дүркүрөгөн дөөлөтүмсүң каламым…
Вашингтон долларына алмашпайм.

Командириң – эл намысы, эл анты,
Сага ишенип курч куралып карматты.
Ошондуктан, өрт аралап бараткан –
Сен доорумдун танка минген солдаты.

Заман күчтүү, күч чак келбейт алдына,
Заман дайра, аккан катуу агымга.
Бул турмушта: нечен кыйын жол бастык,
Дагы кыйын жолдор жатат алдыда.

Эгер өлкөм керек десе биз белен,
Эл эрки үчүн, туулганбыз энеден,
Жүрөгү чоң баатырларбыз бактылуу –
Жер шарынын азаттыгын ээлеген.

Мына ушундай улуу жолдо баратып,
Кезек менен күндөр батып, таң атып.
Күтүлбөгөн бир мезгилде, түбөлүк –
Эгер өлүм, мени кетсе уктатып.

Ошол замат, арта салып мойнуңа,
Тез чуркап жет, кең өрөөндүн оюна.
Көп ыйлабай, капаланбай көөп кой,
Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна.

Көр шарпылдап толкундарын таратсын,
Толкундары мени карай баратсын.
Жүр көрөлү: кыргыздын бир акыны
Уктап жатат… уктап жатат, деп айтсын…

Биздин турмуш, биздин кылым эң кызык,
Октор гана оюн кылган жол сызып,
Ок күчүнөн жеңип алган өмүрлөр,
Чындыгында эң бир ширин, эң ысык.

Сен жолдошум, сен кубатым, сен бактым,
Ашык болуп издеп жүрүп мен таптым.
Колуктумдан мурда сүйүп өзүңдү,
Өз жанымдын жармысынан жараттым.
8/II 1945 Койсары

 

СУЛУУГА

Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген – сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген – от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бака миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген – сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген – сүзүп өтүү деңизден.

Сен бир жүзүм бышып турган мына бу,
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу,
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.

Таттуусуңар, ачуусуңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар.
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар.

Бирок менин махаббаттым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.
14/II 1945 Койсары

 

ЗАМАНДАШЫМА

Жашыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Жакшы өмүрдүн жарашыгы биз элек.
Жаштык күндүн ар бир соккон сагаты,
Жаш сүйүүдөй койнубузда эркелеп.

Кызыл-ала жагоо тагып желбиреп,
Кызык күндүн кызыктары биз элек,
Кымбат күндүн ар бир соккон сагаты,
Кыз баладай койнубузда эркелеп.

Жашоо эркине жаратылып бир ирет,
Карап көрсөң кандай эмгек кылдым деп:
Кайран күндөр бекер кеткен экен деп,
Ойлоп-ойлоп өкүнөрүн ким билет?..

Сонун күнгө жаратылып бир ирет,
Санап көрсөң кандай эмгек кылдым деп.
Сайран өмүр текке кеткен экен деп,
Самап-самап сагынарын ким билет?

Кеткен кемтик жакшы ыр менен жетилет,
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет.
Доорубузга каухар чачып калалы,
Алдыбызда канча күн бар ким билет?

Жаштык айып таттуу ыр менен жетилет,
Андай болсо, көп кечикпей кууп жет,
Заманага жыпар төгүп калалы,
Дагы канча жашоо калды ким билет?..
14/II 1945 Койсары

 

БОЗ БАЛА
(Кыргыз вальсына текст)

Борумуңдан боз бала,
Боздотпочу садага.
Боздосом да жеткирбей
Бой саласың башкага
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм колхоз
Багында.
Жок келбейсиң,
Чолоң тийбейт.
Кызыл кырман,
Маалыңда.

Жайдарыңан жаш бала,
Жалынтпачы садага.
Жалынсам да жеткирбей
Жалооруйсуң, башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм өзөн
Жанында.
Жок келбейсиң,
Колуң тийбейт.
Кызыл кырман,
Маалыңда.

Кыялыңан бир бала
Кыйналтпачы садага.
Кыйналсам да жеткирбей
Кызыгарсың башкага.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Күтөм кампа жанында.
Жок келбейсиң,
Күткөн дейсиң,
План бүткөн
Маалында.

Ой, боз бала, боз бала
Ойнойлу кең заманда.
Мага да далай жалынган
Сен өңдөнгөн көп бала.
Ой боз бала,
Ой боз бала,
Бери басчы
Жаныма.
Чер таратып,
Жашайлыкчы,
Ушул жарык
Заманда.

 

АККАН СУУ

Ай аккан суу, аккан суу,
Шылдыр мончок таккан суу,
Сыр дайрадан чоң туруп,
Сыр аякка баткан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Асман кезип шашкан суу,
Тынч деңизден кең туруп,
Бир чыныга баткан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Ар пендеге жаккан суу,
Карысы да, жашы да
Кесирленип чачкан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Өмүрдүн көркүн ачкан суу,
Ошентсе да адамзат
Бир тыйынга саткан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Жок жерден конуш тапкан суу,
Айбанаттын бардыгы,
Белиңди кесе баскан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Жалпы ааламды баккан суу,
Ошентсе да баркы жок,
Ар кай жерде жаткан суу.

Ай аккан суу, аккан суу,
Ичинде болбой таткан суу.
Өмүрү кең, күнү жок
Бул аккан суу, кандай суу?

Ай аккан суу бир күнгө
Сууң кургап түбүңдө,
Акпай калсаң ошондо,
Түшөр элең көңүлгө.

Чаңкар эле адамзат
Азар эле адамзат,
Бир тамчыңа бир уулун
Сатар эле адамзат.
6/XII 1945 Койсары

 

СААНЧЫ ЖЕҢЕ

Сүрөттөй сүйкүм, сүзүлгөн, жеңе,
Көркүнө көзүм түшүргөн жеңе.
Ак алма мисал түсүңөн, жеңе,
Ак куудай айбат түзүлгөн жеңе.

Алкымың алды бүчүңөн, жеңе,
Албырткан жанды күчүңөн, жеңе,
Түндө бир көргөн түшүңөн, жеңе.
Чака алып баскан жолуңан, жеңе.

Саатта саанын бүтүргөн, жеңе,
Табакка куйган сүтүңөн, жеңе.
Калкыңа берген майыңан, жеңе
Планың ашкан айыңан, жеңе.

Чачпагың учу шырп этет, жеңе,
Шырп этсе, жүрөк зырп этет, жеңе.
Зырп эткен жүрөк шааныңан жеңе,
Эртелеп сааган сааныңан, жеңе.
7/XII 1945 Койсары

 

БЕШ ЖАШАРГА БЕРБЕЙМИН

Картайган сайын адамзат
Карылыгын жек көрөт,
Кайран өмүр өттүң деп
Санаркап күнүн өткөрөт.

Эскирген сайын адамзат
Эскилигин жек көрөт,
Эссиз өмүр өттүң деп
Өткөнүнө өкүнөт.

Жашаган сайын адамзат
Жаштык кезин сагынат,
Аттиң ай минтип калбай деп
Жаш күнүнө таарынат.

Майышкан сайын адамзат
Балалыгын сагынат,
Баягыда минтпей деп
Өзүнө өзү таарынат.

Мен антпеймин, курдаштар,
Жаштыгым өттү кезинде;
Заманым тынбай жоо кырып,
Ок жамынган мезгилде.

Өттү зуулап балалык,
Заманым баатыр кезимде,
Алпкаракуш жар ташка
Таш түлүк тууган мезгилде.

Өмүрүм кетти жыргалда,
Заманым жигит чагында,
Шумкарлар жүрдү үстүмдө,
Кабландар жүрдү алдымда.

Ар жашаган күнүмдүн
Бир миң күндүк салмагы,
Ар бир өткөн жылымдын
Бир кылымдай ардагы.

Жан көрбөгөн укмуштун
Артынан кетип баратам,
Өлүмдүн бары чын болсо
Өлүмдү барып таңгалтам.

Жаш улгайып күн өтсө –
Бекерге өттү дебеймин,
Отуздан ашкан жашымды
Беш жашарга бербеймин.
10/XII 1945 Койсары

 

ТОЛКУЙТ ДА КАЙРА БАСЫЛАТ

Турмушту өжөр дешет,
Өжөр эмес менимче.
Андан жумшак нерсе жок
Күчтүүсүнөн жеңилсе.

Турмушту орой кол дешет,
Орой эмес менимче.
Андан сылык нерсе жок,
Алдуусунан жеңилсе.

Турмушту сараң деп жазат,
Сараң эмес деп жүрөм,
Андан өткөн жоомарт жок,
Артылып турса өзүңдөн.

Турмушту соргок күч дешет,
Сук айланган көзүнөн.
Андан сыпа нерсе жок –
Чачылып жатса өзүңөн.

Кыян, бороон, сел дешет
Кыян эмес, сел эмес.
Ал бир кубат адамга –
Тең эмес да, кем эмес.

Ал бир жаздын булуту
Бүркөлүп кайра ачылган.
Ал бир күздүн толкуну
Толкуп кайра басылган.
12/XII 1945 Койсары

 

ЭСКЕРМЕ

Мен тургузбайм эскерсин деп эскерме
Эскерсин деп эстетерге эч нерсе,
Кайтпас күнгө калкып кете беремин
Кайсы күнү тагдырма кез келсе.

Эрксиз сылап, караңгы көр кереңин
Сыртта калар аз болсо да керегим.
Билбес жанга өспөс менин бийигим,
Билген жанга өсөр менин тереңим.

Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм,
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн.
17/XII 1945 Койсары

 

ТИРҮҮЛҮК

Кеткен кетти, өткөн өттү, бирдеймиң,
Кечтим дайра агымынын миңдейин,
Кемибеген кенч экен го тирүүлүк,
Кенч дебесем анан аны не дейин?!
Кайдан чыгып качан келдим бул жерге?
Жел миндимби, суу миндимби, билбеймин.

Калган калды, бирин көзгө илбеймин,
Бастым ашуу, тайган жолдун миңдейин,
Шаан-шөкөт, той экен го тирүүлүк,
Той дебесем, анан аны не дейин?!
Жашоо чиркин, бир тамшаным нерсе экен,
Кант жедимби, бал жедимби билбеймин.
18/XII 1945 Койсары

 

КЫРГЫЗ КӨЛҮ

Ысык-Көл – кыргыз көлү кылкылдаган,
Кыз-келин кылаасында шыңкылдаган.
Кылымдар колдон түшкөн маржан болуп,
Көрүнбөй тереңине жылтылдаган.

Ысык-Көл – кыргыз көлү шарпылдаган,
Көркүнө көктөн башка тартынбаган,
Замандар кербенчидей чубап өтүп,
Чарчаса саясында салкындаган.

Ысык-Көл – күрдөлдүү көл күрпүлдөгөн,
Көркүнө көктөн башка сүртүнбөгөн,
Көк түсү таалай көркү, ырыс көркү,
Толкуса толкундары түркүмдөгөн.

Көзү курч, көкүрөгү бек уландары,
Пейли кең, берешен кол адамдары,
Ысык-Көл, касиетиңен айланайын,
Сыйла, сүй бакыт берген замананы.
19/XII 1945 Койсары

 

БИРГЕ ЖҮРДҮК

Бирге жүрдүк бирге жайлап, бир айлап,
Кайык минсек сен олтуруп, мен айдап,
Мен арчадай жаш эсебин билгизбей,
Сен кайыңдай жаңы гана бүр байлап.

Уялбадым тартынчактык кылбадым,
Шек билгизип, атыңды атап ырдадым.
Тик карабай, чырайыма, түсүмө,
Сен уялып жерди карап кызардың.

Кетпейт, кетпейт ал уяттын кызылы,
Мына ошондо ашыктыктын кызыгы.
Кубартпаса, бозортпосо кокустан
Фрунзенин аптабы курч ысыгы.
20/XII 1945 Койсары

 

СҮЙДҮМ СЕНИ

Сүйдүм сени, көзүм түштү көркүңө,
Бир күндө эмес, бирге жүргөн көп күндө.
Мындай иштен унут калган жанымды
Салдың кайра махабаттын өртүнө.
Эгер шоолам, мени аясаң азыраак,
Сүйбө мени, мага бетиң өптүрбө.

Сүйдүм сени, сүйүү эрки бат чакта,
Азга жетпей, көптөн куру калсак да.
Алда качан унут калган нерсени
Алек кылып, алсыратып чарчатпа.
Эгер күнүм, мени аясаң азыраак,
Жакындатпа жаш колуңду карматпа.

Түшүн эркем мааниси бар булардың,
Неге сенден сүйбөгөн деп сурадым?
Эгер сүйсөң: көргө башым кирсе да,
Кол алдыңа кулдук уруп турармын.
Ошондуктан сүйбө деди жалынып,
Сүйүп калсаң кимге менин убалым?
21/XII 1945 Койсары

 

СҮЙҮҮ – КЫЯЛЫ

Сүйүү деген: келбет эмес, көрк эмес,
Өлчөөсү жок, аз эмес да, көп эмес.
Арбыныраак ысыгынан суугу,
Толкун эмес, бороон эмес, өрт эмес.

Мүнөзү жел, тең жүрө албайт, бөлүнөт,
Жүрөгү суу, көңүл калат, төгүлөт.
Сүйүү деген: арзан, кымбат баасы жок,
Тек гана бир кыялы нерсе көрүнөт.
22/XII 1945 Койсары

 

 

Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (30.11.2017)
Просмотров: 157661 | Рейтинг: 0.0/0