Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 20.04.2024

Токтогул Сатылган уулу ыр жыйнагы

ЖҮРГӨНҮМ КАБАК ЖЕР БОЛДУ

Кедейге ырыс болбоду,
Кесирлүү кызыр конбоду.
Келе турган бакты жок,
Казанбак бизди кордоду.
Карабады жашыма,
Капалык түшөт башыма.
Кабагын бүркөп ачпады,
Кызганып бышкан ашына.
Казанбактын бейли тар,
Өкүнүп кылам кимге зар?
Токтогул тоодо жүрөбү?
Томсорбой, ойноп күлөбү?
Тотудай жаштын кадырын,
Тозоктуу кудай билеби?
Эш-Сай менен Абыла,
Жашымда болдум дабылда.
Ким күнөөкөр, кимдер ак,
Кудай келер бекен агына.
Таманым ташка тилинди,
Тарлык заман билинди.
Денеңден кетсе ысык жан,
Өлгөндөр кайдан тирилди.
Бутумда чокой чаначтан,
Кимдерге кимдер карашкан?
Түңүлдүм түндө байымдан,
Казандан жарма талашкан.

 

БЕШ КАМАН

Акмат, Дыйкан — алдамчы,
Атакан, Миңбай — жалганчы.
Эгемберди, Бактияр —
Эл жегенге жардамчы.

Чыгым салып эл жедиң,
Чыркыратып жардыны,
Жалгыз атын сен жедиң.
Жакын көрдүң байларды,
Жам букара бирикти,
Таба албассың айлаңды.

Жетим, жесир, алсызга
Карабадың, беш каман,
Жетилсин деп жардыны
Санабадың, беш каман.
Жеп ичкенден башканы
Каалабадың, беш каман.
Он асыйга бир жыктың,
Орозаалы карыны,
Бүтүн элдин акысы —
Өмүрүңдүн жарымы.

Көрө албайсың жардынын
Жакшы ат таап мингенин.
Акмат, Дыйкан, Атакан,
Керкоолугуң бул сенин.

Талап алып тентиттиң,
Боромбайдын Сарысын.
Күндө жейсиң айыптап,
Бүтүн журттун баарысын.

Тырмагың уу бүркүттөй,
Тукумуң кантип жарысын?
Өчөшсөң, Миңбай, Атакан,
Мени да жыгып алаарсың,
Тогуз айып салаарсың.
Адатыңды карматсаң,
Үй оокатым талаарсың.
Канкорлугуң кармаса,
Өлтүрүп каным жалаарсың.
Уу тырмактуу беш канкор,
Өлтүрсөң да жалынбайм.
Эки келбейм жаралып,
Өлгөн соң, кайра табылбайм.

 

ЖАШТАРГА

Жакшы болсоң, азамат,
Болбос ишке тырчыгып,
Жаман сөзгө барышпа.
Андан көрө жадырап,
Жакшы сөз менен арышта.

Жакшы кийсең, жаш балдар,
Көйрөңдөнүп элирбе.
Жаш кезиңден кызмат кыл,
Баркыңды билген элиңе.
Өзүңө керек болбосо,
Бирөөнүн жолун торгобо.
Башкаларга жеткирбейт,
Басыгы болот жоргодо.
Пайгамбардын сөзү деп,
Апырылтып калп айтса,
Ишене бербе молдого.
Кез-кез келчү меймандан
Тамагыңды катпагын
Душманыңа алданып,
Элиңдин сырын сатпагын.
Бет алган жоодон качпастан,
Ишеничти актагын.

Жаш кезиңде жаркылдап,
Эмгегиңден талбагын.
Карыганда калп айтып,
Көрүнгөн жерге барбагын.
Баркың кетип карганда,
Шүмшүк болуп калбагын.
Көрүнгөнгө карыз болуп,
Сөз ээрчитпе артыңдан.
Ачылып топко ырдабай,
Адашып жүргөн калкымдан.
Ашыра сүйлөп мактанып,
Улууларга калп айтпа.
Калпычы акта коносуң,
Бир эмес, жалпы калк айтса

 

ЭСЕЛБАЙ

Сен, Эселбай, Эселбай,
Өмүрүң өттү бекерге ай!
Ээлик кылып келгенбиз,
Эрке кыз көөнүн кече албай.
Калың берип, кыз алып,
Кадырына жете албай,
Байлыгыңа — байпагым,
Шерменде болдуң кетерде ай!

Отурасың араңдан
Буттарыңды жыялбай.
Кедейдин жаш баласын
Кантип алдың уялбай?
Атасынын малы жок,
Биздин кыздын —
Апасынын багы жок.
Көр турмушу болбосо,
Анын койнуңа жатар чагы жок.

Санап-санап, мал берип,
Сатып алдың, Эселбай.
Сары алтындай сулууну
Абийириңден ажырап,
Кантип алдың, Эселбай?

 

ЖҮРГӨНҮМ КАБАК ЖЕР БОЛДУ

Алчы болуп жалдырап,
Жүргөнүм Кабак жер болду.
Кара ташы калдырап,
Ашканым аска бел болду.

Кызыл-Бейит, Кулама,
Кыйналганды сураба,
Үмүт кылам айтар деп,
Бул күндү кийин улама.

Казанбак качан сыйлады?
Карып энем ыйлады…
Картайганда атакем
Кара жанын кыйнады.

Кедейде ырыс болбоду,
Кесирлүү кызыр конбоду.
Келе турган бакты жок
Казанбак бизди кордоду.

Карабады жашыма,
Капалык түшөт башыма.

Кабагын бүркөп ачпады,
Кызганып бышкан ашына.

Казанбактын пейли тар,
Өкүнүп кылам кимге зар?
Кара жер тартып өлбөсөм,
Көрө турган күнүм бар.

Токтогул тоодо жүрөбү?
Томсорбой ойноп күлөбү?
Тотудай жаштын кадырын
Тозоктуу кудай билеби?

Эш-Сай менен Абыла,
Жашымда болдум дабыла
Ким күнөкөр, кимдер ак
Кудай келер бекен агына!

Таманым ташка тилинди,
Тарлык заман билинди.
Денеңден кетсе ысык жан
Өлгөндөр кайдан тирилди?

Жокчулукту байкадым,
Жоодурап көзүм жайнадың.
Колумда малым жогунан
Ичимден бышып кайнадым.

Атам байкуш алсырап,
Ичимен сызам канеырап,
Жабырды тартпай не кылам,
Кимге барам мал сурап?

Бутумда чокой чаначтан,
Кимдерге кимдер карашкан?
Түңүлдүм түндө байымдан
Казандан жарма талашкан.

Жакшыга жакшы жанашкан,
Мен мусапыр адашкан.
Байдын колун каратпай,
Болсо боло карашкан.

Муздаса бутум тарталбайм,
Муңумду ичтен арталбайм.
Мусапыр болуп жүрсөм да,
Бул сөзүмдү кайтарбайм.

Абыла аска, Токтобек,
Казанбактан кетпейт кек.
Кыйналганда ойлоймун
«Аскадан учуп кетсем» — деп

Жүзүмдүү-Булак, Алма-Сай
Жүрүүгө жетет кандай шай?
Жүрөгүм муңга кысталды
Сырдашсаң боло, чыккан ай!

 

НАСЫЛКАН

Кимдин, кимдин көчөсү?
Насылкандын көчөсү.
Бүгүн айдын нечеси?
Ай караңгы кечеси.

Тал чыбыктай буралат
Насылкандын мүчөсү.

Алда кандай болду экен
Ардактаган энеси?
Сыр чечишип бир жүргөн
Сымбаттуу экен жеңеси.
Күн-түн кетпейт оюмдан
Насылкандын элеси.

Айдай жүзүн жаркылдап
Күлөсүңбү, Насылкан?
Азап тартып жүргөндү,
Билесиңби, Насылкан?
Сырың ачып айтпаган,
Мүнөзүңбү, Насылкан?
Теңештирбейм миң кызга
Бир өзүңдү Насылкан!

 

КҮЛҮЙПА, КҮЛЖАР АШЫК КЫЗ

Кереге таштан эл көчөт,
Кең арал дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Кейисем дартым кимге өтөт?

Үйгөн таштан эл көчөт,
Үч арал дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Үшкүрсөм дартым кимге өтөт?

Калкагар таштан эл көчөт,
Кара бир дайра суу кечет.
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Кайгырсам дартым кимге өтөт?

Ак дөбөдөн эл көчөт,
Алты арал дайра суу кечет.
Ак маңдай сулуу ашык кыз,
Азаптуу дартың кимге өтөт?

Көк дөбөдөн эл көчөт,
Көп арал дайра суу кечет.
Көңүлүм билген ашык кыз,
Күйгүзгөн дартың кимге өтөт?

Ботолуу нарча жетелеп,
Боз талаа менен өтөсүң.
Борумуң башка экенсиң,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Боздотуп кайда кетесиң?

Кара нарча жетелеп,
Как талаа менен өтөсүң.
Кадыркеч жандан экенсиң,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Какшатып кайда кетесиң?

Сагызган учуп жеткисиз,
Сары ойго көчүп кетипсиз.
Сары чаң чаңдайт, шамал жок,
Күлүйпа, Күлжар ашык кыз,
Санаада турат, амал жок.

 

АРЗЫМАТКА

Бекти көрсөң, мактайсың,
Бекер ичкен аш үчүн
Кошомат кылып бегиңе
Бечараны каптайсың.
Ханды көрсөң мактайсың,
Кардың тойгон жериңде
Кошомат кылып ханыңа
Карыпты көрсөң, каптайсың.
Хан Дыйканбай үйүндө
Жүргөнүңдү ырдадың.
Кошоматка кой союп
Күлгөнүңдү ырдадың.
Бий, болуштун астында
Сен да билгениңди ырдадың.
Казы менен картага
Тойгонуңду ырдадың.
Хан Дыйканбай ырчысы
Болгонуңду ырдадың.
Кара карга үндөнүп
Каркылдаган, урганым!…
Манаптан ичкен ашыңа
Мактанып жүргөн экенсиң,
Мадырайган соргогум
Мени жакырсың деп кордодуң.
Жакыр да болсом мен өзүм
Жаандан чыккан жоргомун.

 

АЛЫМКАН

Атка салган дилдейсиң,
Ачылган кызыл гүлдөйсүң,
Бир күнү оору, бир күн соо
Алымкан, азабың тартсам билбейсиң.

Бетегелүү майданым,
Пейли жакшы жайдарым!
Көлөкөлүү майданым,
Көөнү жакшы жайдарым!

Букардын тоосу бурулуш,
Бурулуп учат улуу куш.
Бурулуп мага келе кет,
Алымкан, муңдуга салбай кыйын иш!..

Кашкардын тоосу кайрылыш,
Кайрылып учат улуу куш.
Кайрылып мага келе кет,
Алымкан, карыпка салбай кыйын иш!..

Саркештеп тиккен жоолугуң,
Сар санаа кылат жоругуң,
Көккештеп тиккен жоолугуң,
Көп санаа кылат жоругуң.

Токтогул черткен «Жаш кыял»
Тыңдасаң боло, Алымкан.
Ак шайы жоолук колго алып
Булгасаң боло, Алымкан.
Аз күнчөлүк өмүрдө
Жыргасаң боло, Алымкан!..

 

БАКТЫКЫЗ

Калемпир мончок тактыңыз,
Казанат жандын барында,
Каш кагып ойно, Бактыкыз!
Казанат жаның өткөн соң,
Каткырык күлкү, көп оюн
Кайрылып кайдан таптыңыз?
Күдүмжан мончок тактыңыз,
Күлгүн жаштын барында
Күлүп ойно, Бактыкыз!
Күлгүн жашың өткөн соң,
Каткырык күлкү, көп оюн
Кайрылып кайдан таптыңыз?!

 

КҮЛҮП КОЙСОҢ ЖАРКЫЛДАР

Жазгы жамгыр болбосо,
Жашыл чөп кайдан гүлдөсүн?
Жаркырап ойноп жүрө бер,
Алымкан, жашыңда Токоң үндөсүн.

Жаныңда турат алганың,
Алымкан, жаман көрүп жүрбөсүн?
Күзүндө жамгыр болбосо,
Күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн?
Күлүп ойноп жүрө бер,
Алымкан, күкүгүң Токоң үндөсүн.
Күлүп койсоң жаркылдап,
Алымкан, күйөбүң жаман көрбөсүн?

Аптапта аппак сарайсың,
Алдыртан мени карайсың.
Азабым тартсын дейсиңби,
Алымкан, алдыртан чачың тарайсың?

Кундуздай кара чачыңды
Алымкан, кулпунтуп күндө тарайсың,
Күйүтүм тартсын дейсиңби,
Алымкан, күйгүзүп мени карайсың?

 

БОЛОБУ

Жайкалган жалы болбосо,
Аттын көркү болобу?
Жакшы сөзү болбосо,
Карттын көркү болобу?
Буралып шибер чыкпаса,
Жердин көркү болобу?
Жайылып малы толбосо,
Төрдүн көркү болобу?
Каз, өрдөгү болбосо,
Көлдүн көркү болобу?
Сайрабаса саратан,
Чөлдүн көркү болобу?

Бүрдөбөсө буралып,
Талдын көркү болобу?
Ээгинде сакал болбосо,
Чалдын көркү болобу?

Буралып эгин чыкпаса,
Жердин көркү болобу?
Көгөргөн музу болбосо,
Белдин көркү болобу?
Зарсымы жортуп жүрбөсе,
Желдин көркү болобу?

 

ЧАЙКАМА

Күүнүн башы чайкама,
Жигитиңде жигит бол,
Эч нерсени байкаба!
Күүнүн башы чайкама,
Көпчүлүк элге айтам а.
Ойду коюп, дөңдү бас,
Дөңдү коюп, ойду бас!
Теңтушуңа кошулуп,
Теңдешип ойноп кумар жаз.
Кейиш менен таң атат.
Күйөө менен кыз жатат,
Күлкү менен таң атат.
Жагалдантып аларды,
Жашчылык курчуп баратат.

Атың күлүк болгон соң,
Аштан-тойдон калган соң,
Күлүктүгү не пайда?
Алганың сулуу болгон соң,
Аркырап беттен алган соң
Сулуулугу не пайда?
Карагайдын бутагын,
Кайрып алма не пайда?
Кайран жаның өткөн соң,
Катының ыйлайт бейпайда.
Кескен терек жыгылса,
Кесинди калып не пайда?
Керектүү жаның кеткен соң,
Келиниң ыйлайт бейпайда.
Ичигиң түлкү болбосо,
Тон сынамак не пайда?
Күлүктү минген күндө мас,
Көпкөн бойдок түндө мас.
Зардалуу чечен топко мас,
Жорго минген жолдо мас.
Оймоктуу катын ишке мас,
Ойношчул катын түштө мас.

 

ТОКТОГУЛ МЕНЕН ЭШМАМБЕТТИН ЭШЕН-КАЛПАГА КАРАТА ЫРДАГАНЫ

Токтогул:
Айгыр, кочкор айдаган,
Теке менен букасы
Суусамырды жайлаган,
Азирети эшендер
Кемибептир пайдадан.
Кетте-кичик кошулуп,
Кекиртеги созулуп,
Кер жорго минип алдында
Келаткан экен озунуп,
Келтирип соогат сурачы,
Эшмамбет, эки колду куушуруп.

Эшмамбет:
Ассалому алейкум,
Ак селделүү калпабыз,
Ак теңгеге толгон бейм,
Асынып келген калтаңыз.
Ак шарият пири деп,
Алдыңан салам айтабыз.
Акындар ырдап келгенде,
Аздыр-көптүр байкаңыз.

Токтогул:
Шариятта, Эшмамбет,
«Кулмун» десең береби?
Кол куушуруп алдыңа,
Турдум десең береби?
Соогатыңа чубалтып,
Селде берип жүрбөсүн?
Же болбосо жанынан
Теңге берип жүрбөсүн?
Кошо чечип берет бейм
Кийип турган күрмөсүн?
Кара тилди безечи,
Кантип эшен сүйбөсүн?
Айдай албай баратат,
Айгыр, кочкор дүйнөсүн.
«Хаммасын бүт алгын» — деп,
Марттык кылып жүрбөсүн?
Элге бүтүн тараптыр
Эшендин берген топусу,
Эми бермек болду бейм,
Эки-экиден сүйлөшүп,
Ийкеңдеп турат чокусу.

Эшмамбет:
Ийкеңдетсе береби
Экиден бизге допусун?
Иш ара кылып жатпайбы,
Алдына ийкеп чокусун.
Мурут болгон калпа көп
Биздин Кетмен-Төбөдө.
Эшендин оюн байкасам,
Дүнүйө кызык жөн эле,
Бизге бербейт, Токтогул,
Акарат кылба төрөгө,
Андан көрө баралы,
Аштан, тойдон калалы,
Айлыбызга баралы,
Аттын майын алалы,

Тамашага баралы,
Тапканды бөлүп алалы.
Коңур-өгүз жериңде.
Өйүзгү саяк элинде
Эл чогулуп конот дейт,
Эртең аш кеңеши болот дейт,
«Коногун алып бөлөт» — дейт
«Ырчысын ылгап көрөт» — дейт.

Токтогул:
Жүрсөң, жүргүн, кетели,
Эшенди тооруп нетели.
Ушулардан эч кимдин
Узарбаган этеги.

 

ЖЫРГАЛЫ СЕНДИК ДҮЙНӨНҮН

Жайлоого чыккан гүлкайыр,
Жарашыктуу кыз шайыр.
Биле жүргүн, жигиттер,
Жайдары сулуу кыз жайын.
Акактай аппак алкымы,
Адамдын жайын бүт билген
Адамдан артык акылы.
Көйкөлгөн шибер саз менен,
Кошулушуп сүйлөшсөң,
Көркөм сулуу кыз менен.
Айдың жарык түн менен,
Айкалышып сүйлөшсөң,
Айнектей сулуу кыз менен.
Булбул, тоту үн менен,

Сырдашып сырды чечишсең,
Буралган сулуу уз менен,
Жай салкыны тун менен
Кызгалдак кызыл гүл менен.
Жашчылык өмүр сүрүшсө,
Жарашкан сулуу кыз менен.
Аргымак болсо мингениң,
Акылман сулуу жан болсо,
Абдан арзып сүйгөнүң.
Тор чалыш болсо мингениң,
Тотудай сулуу жар болсо,
Тобокел кылып сүйгөнүң.
Аргымак чалыш болсо дейм,
Астыңдагы мингениң,
Айнектей сулуу жар болсо,
Өмүрдүккө сүйгөнүң,
Өзгөчө болот жыргалы
Өтүп кетчү дүйнөнүн.
Гүлдөн чөлгө кайрылбай,
Өмүрүң өтсө армансыз,
Сүйгөнүңдөн айрылбай…
Жашчылык гүлү ушундай,
Жаркылдап өмүр сүрүшсөң,
Өмүр бою бузулбай.
Атыр жел согот жай менен,
Жигитке таалай бүтпөйбү
Акылман сулуу жар менен?
Акылман болсо алганың,
Өлгөнүңчө сүрөрсүң
Өмүрдүн ширин жыргалын.
Көркөм кийим кийинип,
Көйкөлүп турса алдыңда,
Тамаша таттуу сөз айтып,
Жаркылдаса жаныңда.
Өз өмүрүң өткөнчө

Сүйгөнүң менен сүйүшсөң,
Сүйкүмдүү жакшы өмүрдө
Өлгөнчө бирге жүрүшсөң…
Уктасаң, түндө ойготуп,
Сүйүп алган сулуу жар
Кайгыңды ачса сооротуп…
Сырыңды тапса сулуу жар,
Куралып келет колуңа
Аздыр-көптүр дүйнө мал.
Арманың болбойт эч качан,
Анык сүйсө, сулуу жар.
Акылдаш болсо ойлонуп,
Үйрүлүп түшсө толгонуп,
Күйүмдүү болсо сүйгөнүң,
Жыргалы сендик дүйнөнүн!

 

ЭРКЕ САРЫ
(Күү ыры)

Эрке сарым, элге дарым,
Күйкө сарым, күйдү жаным,
Сүйүмканым, сүйдү жаным.
Жогору жагың базаркан,
Төмөн жагың шааркан.
Жети эшик алды жеке тал
Жеталбадым, Сүйүмкан.
Жеткендерден бир салам
Айталбадым, Сүйүмкан.
Кара кырым каптал жол
Кайтмак элем, Сүйүмкан.
Каттагандан бир салам,
Айтмак элем, Сүйүмкан.
Алкымың жыттап, кубанып
Жатмак элем, Сүйүмкан.

 

БОЛОСУҢ АКЫН

Окубай, жазбай кат болбойт,
Минбей буудан ат болбойт,
Куйкасыз башта чач болбойт,
Ичпей мамил чай болбойт,
Кийбей кызыл шай болбойт,
Минүүсүз жорго тай болбойт,
Ак буудан баспай чаң болбойт,
Акылынан адашпай,
Адам уулу маң болбойт.
Асмандан тийбей күн болбойт,
Азап түшпөй адамга,
Караңгы кирип түн болбойт.
Улугуң калыс болбосо,
Ушундай түндө ким коргойт?
Жоргону минген жолдо өсөт,
Күлүктү минген күндө өсөт,
Душмандан кордук көргөндө,
Уйкуң келбейт жатканда,
Болосуң акын келтирип
Ар санатты айтканда.

 

ЭШЕН-КАЛПА

Койгуласам жорголойт,
Коңгуроодой комузум,
Жаак тилди ирмесем,
Кошо чыгат добушум.
Кулак салгын сөзүмө,
Ырдап турам өзүңө,
Көптү көргөн болушум.
Эстетсем, болуш, жаман иш
Элдин канын сорушуң?
Алыстан келген меймандар,
Аламын деп умтулган
Силер да элдин шорусуң.

Эл ичинде кыдырган
Эшен болот дечи эле,
Элден алдап албаса,
Кесел болот дечү эле.
Эшен менен энчилеш
Калпа болот дечү эле,
Аркасында асынган
Калта болот дечү эле.
Ажалга бербей байларды,
Калка болот дечү эле,

Арабызда азгырган
Алдамчы бар дечү эле.
Туура сөздү билбеген .
Жалганчы бар дечү эле.
Куран ачып караган
Молдосу бар дечү эле.
Ыймам болуп теңге алган
Тойбосу бар дечү эле.

Эшендердин бейиште
Ачып койгон даярдап,
Эшиги бар дечү эле.
Он карадан бир кара
Кесими бар дечү эле.
Көрүп келген бейишти
Жетиги бар дечү эле.
Алдына келип Токтогул
Кантип айтпай турамын,
Ар кимден алып зекитти,
Бекер малды курадың,
Акыретти сүйлөгөн
Акылмандар ушубу?
Байгамбарлар баш ийип,
Чакыргандар ушубу?
Кара оокатка калп айтып,
Сатылгандар ушубу?
«Балакеттер кайда» — деп,
Бакыргандар ушубу?
Эл сыйынган кудайдын
Курдаштары ушубу?
Баарын көргөн немедей,
Сырдаштары ушубу?

Эл кыдырган эшендер,
Сыйлайсыңар урматтап
Оокаты көп кененди.
Карабайсың көз салып
Эл ичинде кедейди.
Олуя жакшы көрөбү
Даамдуу тамак жегенди?
Болушту издеп келишкен
Ак элечек адамдар,
Эшен, бакшы, молдолор,
Ажырабайт араңар,

Ак элечек оронгон
Болчу эле биздин аялдар.
Айылдап келген ак жоолук
Каерде болот калааңар?
Шарыяттан айтууга
Канчалык жетет чамаңар?
Ажырата албадым
Аялга окшош караңар.
Эпчилдик менен эшендер
Элден алып жейт экен,
Жалган сөздү апыртып
«Баарын билем» дейт экен,
Ак элечек оронгон
Алдамчынын шерти экен.

Бул ырды угушуп, эшен-калпалар жакаларын кармашып, шыбырашты. Болуш Токтогулга ачууланып: «Өз башыңды көп көрүп жүрөсүңбү? Менин меймандарымды ырдайсың, айта турган болсоң, жакшылап айткын, болбосо, жөн отур» деди. «Ар ким билгенине өзү кожоюн, мен ар кимдин кылган кесибин айткым келет. Туура ырдабаса, акындык бекер», — деди да, Токтогул дагы ырдады:

Болушсуң, элди бийлейсиң,
Адамдын көөнүн оорутуп,
Эл оокатын билбейсиң,
Адилдикти ырдасам,
Жактырбастан тилдейсиң.
Чакырасың, келбесем,
Корсулдайсың өзүмө,
Кошуп ырдап бербесем.
Келиптир эшен айлыңа,
Келгенден Токоң дем албай,
Ырдап турам алдында
Олуя чалыш мейманың,

Карасам окшош эмеспи
Койнуңдагы зайбыңа.
Эркек да болсо окшошот
Аялдардын жармына
Акын болуп чыккамын
Атка минип жашыман,
Айтып көндүм ар сөздү
Айткан октой башынан,
Келген сөздү кетирбейм,
Айтып ырдайм атынан,
Ырдын кени өзүмдө,
Нак кымыздай ачыган,
Айтсам алтын сөзүмдү
Адам уулу жашыган.

Кылбагын, болуш чырыңды,
Билбейсиң менин сырымды,
Кожо, молдо, эшендер
Жалган сөзгө сыйынды.
Адиңден ашкан болушсуң,
Кыласың күндө жыйынды,
Оокаты жок кедейге
Өз оюңдан чыгарып
Саласың күндө чыгымды.
Кордуктан кедей корккондо
Сатты го жалгыз сыйырды,
Көрсөтөсүң кедейге
Жанга жакпас кыйынды.
Келген эшен мейманың,
Күтүп жаткан адамың.
Алыстан келген ак эшен
Элден алдап алуунун
Эсебин таптың, жарадың.
Акыреттин ал-жайын
Барып көрүп келишет,
Алдамчынын салыгын
Алсыраган букара
Амал жоктон беришет.

 

БЕШ КАМАН

Акмат, Дыйкан — алдамчы,
Атакан, Миңбай — жалганчы
Эгемберди, Бактыяр —
Эл жегенге жардамчы.

Кол курады беш каман,
Муруңкудай чапмакка.
Короодогу кой турмак,
Коргол бербейт жети ата!1

Жети атанын таш бараң,
Таш бараңга батпаган,
Чаап, талап, жеп жүрүп
Букарадан айрылган —
Рыскулбектин беш жаман.

Керимбай менен Мырзакан,
Келсең, кардың жарылды,
Төрт миң үйлүү жети ата
Төкпөй койбойт каңынды.
Жедирмек тургай жети ата
Аралатпайт Арымды.2

Балапандай уйпалап
Чыгым салып эл жедиң,
Чыркыратып жардыга,
Эч бир теңдик бербедиң.
Жалдыратып жардынын
Жалгыз атын сен жедиң.

Жакын көрдүң байларды,
Жам букара бирикти,
Табалбассың айлаңды.

Букаранын санаты
Кинегеңе чийилди.
Съезд кур деп жиберди
Болушуң менен бийиңди.
Табалбассың беш каман,
Корголорго ийинди.

Жетим, жесир алсызга
Карабадың, беш каман,
Жетилсин деп жардыны
Санабадың, беш каман.
Жеп-ичкенден башканы
Каалабадың, беш каман.
Он асыйга бир жыктың
Орозаалы карыны.’
Бүтүн элдин акысы —
Өмүрүңдүн жарымы.
Көралбайсың жардынын
Жакшы ат таап мингенин,
Акмат, Дыйкан, Атакан,
Көркоолугүң бул сенин.

Талап алып тентиттиң
Боромбайдын Сарысын.
Күндө жейсиң айыптап
Күлдү журттун баарысын,
Жыгып алдың, Атакан,
Тоялынын чалышын.
Токтотту далай бечара
Той менен ашка барышын.
Жетим менен жесирдин
Тыңдабадың арызын,
Тырмагың уу бүркүттөй,
Тукумуң кантип жарысын?..

Өчөшсөң Миңбай, Атакан,
Мени да жыгып аларсың,
Токтогул деп кекетсең,
Тогуз айып саларсың.
Адатыңды карматсаң
Үй оокатым таларсың.
Канкорлугуң кармаса,
Өлтүрүп каным жаларсың.

Уу тырмактуу беш канкор,
Өлтүрсөң да жалынбайм,
Эки келбейм жаралып,
Өлгөн соң кайта табылбайм.

 

ЭМНЕ КЫЗЫК

Күрбөң-күрбөң жүгүртүп,
Күлүктү минсең бир кызык.
Ай далыңды кубантып,
Асылды кийсең ал кызык.
Адырма адыр оттотуп
Айдап жүрсөң мал кызык.
Азамат эрге табылса,
Айнектей сулуу жар кызык.

Жакшы ат минип кубанып,
Жалындуу жүрөк чыңалып,
Жарашыктуу кийинип,
Жагалданып сыланып,
Жашыл көйнөк, шай көйнөк
Жароокер сулуу кыз сүйсөң,
Жашчылыгың бир кызык.

Эмгек этип жашыңдан,
Элге жаксаң эң кызык.
Эки курбу баш кошуп,
Эркелешсең сен кызык.
Эриккенче сүйлөшүп,
Элестешсең тең кызык.
Эл чогула келгенде
Элиришке мен кызык.

Келин-кызга жарашкан,
Керенелүү шай кызык.
Кары кемпир-чалдарга
Кант салган кара чай кызык.
Ойноо кезде балдарга
Ооз жарма тай кызык.

Өмүрүңдүн ичинде
Өлбөгөнгө миң кызык.
Алганың жакшы жар болуп,
Айкалышып уктасаң,
Ай жарыгы түн кызык.

 

ГҮЛДӨП АЛ

Кара күрмө шай кийип,
Бойлогула кыздар ай,
Кадыр, көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай.
Кайрылып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай,
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кайран жашты картайтып
Койбогула, кыздар ай!..

Кызыл күрмө шай кийип,
Бойлогула, кыздар ай,
Кызуу көңүл бар чакта
Ойногула, кыздар ай,
Кылчайып келбейт өмүрүң,
Ойлогула, кыздар ай.
Ойной албай, күлө албай,
Ойногонду биле албай,
Кызык күнүң өткөрүп,
Койбогула, кыздар ай!..

Кызыл жибек түрдө бар,
Кызыл тилим, сүйлөп ал,

Кылчайып келбейт өмүрүң,
Кыз экенде гүлдөп ал.
Кыялданып качпагын,
Кыз ойнобос көрдө бар.

Жашыл жибек түрдө бар,
Жаңсап, тилим, сүйлөп ал,
Жанып келбейт өмүрүң,
Жаш экенде гүлдөп ал,
Жалтанбагын, качпагын,
Жаш ойнобос көрдө бар.

Кайран өмүр барында,
Балалыктын чагында,
Гүлкайырдай гүлдөп ал
Күлгүн жаштын барында.
Карылык кууп жеткен соң,
Кайран өмүр өткөн соң,
Кара чым басып денеңди
Каларсың жердин астында.

 

ТҮЗ ЖОЛУҢДАН ЧЫКПАГЫН

Калың топко сайраган,
Акын Токоң мен мында!
Сагынган элди көрөм деп,
Көп элге ырдап берем деп,
Кетмен-Төбө жеримден
Атайы мында келдим да.

Жаш кезиңде жаркылдап,
Калкыңа тийсин керегиң,

Билишимче кубултуп,
Санаттан ырдап берейин.

Жаман адам жалтанган,
Жалкоо болот карганча.
Жаныңдан кетпейт жалтактап,
Бир нерсең алдап алганча.

Аңчынын чери жазылбайт,
Булкунтуп бүркүт салбаса.
Туугандары жат болот,
Бир-бирине барбаса.
Арманда кылып калтырат,
Бекерге кылган далбаса.
Айдатып ийген Токоңду
Байлардан чыккан каргаша.
Түз жолуңдан чыкпагын,
Бузуку сени алдаса!

Боз карчыга боодо ойнойт,
Болумдуу балдар жоодо ойнойт.
Болуму жок, шыгы жок
Аш талашып үйдө ойнойт.

Көк көгүчкөн көлдө ойнойт,
Көлөкөсү жерде ойнойт.
Көөдөнү жок, шыгы жок
Үйдө жатып, үйдө ойнойт.

 

ДҮНҮЙӨ

Бул дүнүйө бекерсиң
Бир күнү өтүп кетерсиң,
Опосу жок дүйнөнүн
Түбүнө ким жетерсиң?

Келериңде дүнүйө,
Толукшуп чыккан айдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жүрбөгөн сайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Асмандагы күндөйсүң,
Кетериңде дүнүйө,
Кайгылуу көңүл кирдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Өзөнгө бүткөн талдайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Өлүмдөн бетер алдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Мөмөлүү дарак шактайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Суу жетпеген кактайсың.

Келериңде дүнүйө,
Алмач өркөч лөктөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Тулпар минсең жетпейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Аргымак минип ойнойсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Айланып учкан торгойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Адырдан соккон желдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Кол жетпес аска белдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Ай менен күндөй жарыксың.
Кетериңде дүнүйө,
Таманы түшкөн чарыксың.

Келериңде дүнүйө,
Кош тегирмен ноодойсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Көз жетпес бийик зоодойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Алтын жагоо куштайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Кышкы чилде муздайсың.

Келериңде дүнүйө,
Алтын така тулпарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Артынан кууса жеткирбес,
Айланып учкан шумкарсың.

Келериңде дүнүйө,
Урууда күлүк дулдулсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Уясын бузган булбулсуң.

Келериңде дүнүйө,
Ташкын дайра селдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Карматпас бороон желдейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Алтын тутка түркүксүң.
Кетериңде дүнүйө,
Туурдан учкан бүркүтсүң.

Келериңде дүнүйө,
Кебелбес эрдин мүлкүсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Керүүдөн качкан түлкүсүң.

Келериңде дүнүйө,
Байгеден чыккан аттайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Мөмөсү түшкөн шактайсың.

Келериңдн дүнүйө,
Көңүлүң курсант болорсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Көк шумкар алган коёнсуң.

Келериңде дүнүйө,
Курбулуу тоодо уларсың.
Кетериңде дүнүйө,
Куйругун жанчкан жылансың.

Келериңде дүнүйө,
Көк болот шамшар-канжарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Көксөө болгон чалдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жоо качырган эрдейсиң.
Кетериңде дүнүйө,
Кейиген менен келбейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Кериде жайык конушсуң.
Кетериңде дүнүйө,
Капкагы сынган комузсуң.

Келериңде дүнүйө,
Чытырман калың токойсуң,
Кетериңде, дүнүйө,
Жыртылган тери чокойсуң.

Келериңде дүнүйө,
Ак үйгө салган айнексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Туткасы сынган чайнексиң.

Келериңде дүнүйө,
Ала кар жаткан бийиксиң.
Кетериңде дүнүйө,
Мергенден качкан кийиксиң.

Келериңде дүнүйө,
Көкөлөп өскөн чынарсың.
Кетериңде дүнүйө,
Шамалдан качкан тумансың.

Келериңде дүнүйө,
Толкуган көлдө шардайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Томугу түшкөн тайдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жыйырма беш жаштайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Жыдыган кара чачтайсың.
Келериңде дүнүйө,
Караңгы тамда чыраксың.

Кетериңде дүнүйө,
Карышкыр жеген улаксың.

Келериңде дүнүйө,
Айчыгы алтын туудайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Соолгон кудук суудайсың.

Келериңде дүнүйө,
Булутсуз тийген күндөйсүң.
Жанаша чыгып ыргалган
Жазгы талдай бүрдөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Булут баскан түндөйсүң.
Карарып алса көңүлүң,
Кармаса колго кирбейсиң.

Келериңде дүнүйө,
Түнкүсүн жарык айдайсың.
Адамдын көөнүн сергиткен
Жашыл гүлдүү жайдайсың.
Кетериңде дүнүйө,
Кайрылып карап койбогон
Кайыры жок байдайсың.

Келериңде дүнүйө,
Жайкалган ыраң чөптөйсүң.
Жашылданып буруксуп,
Туш-туш жакка көктөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Эшиктен төргө өтпөйсүң,
Жардылыкка таянтып,
Жакыныңды өрттөйсүң.

Келериңде дүнүйө,
Бир туугандан ынаксың.
Караңгыда жарк эткен,
Кавхар, жакут чыраксың.
Кетериңде дүнүйө,
Душманымдан ырааксың.

Келериңде дүнүйө,
Жаз бүрдөгөн терексиң.
Жагалдантып көнүлдү
Жаш, карыга керексиң.
Кетериңде дүнүйө,
Түбү түшкөн челексиң.

Келериңде дүнүйө,
Бүр алган кырчын талдайсың.
Таттылыгың тамшантып,
Шекер менен балдайсың,
Кетериңде дүнүйө,
Азыткыдай алдайсың.
Келериңде дүнүйө,
Жасалгалуу үйдөйсүң.
Кетериңде дүнүйө,
Жакыныңды сүйбөйсүң.

Келериңде дүнүйө,
Ташып чыккан булаксың.
Кетериңде дүнүйө,
Желсиз өчкөн чыраксың.

Келериңде дүнүйө,
От жакпай оргуп кайнайсың.
Күн тийгендей жаркырап,
Күлө багып жайнайсың.

Дүнүйө чиркин ушундай,
Колуңдан качкан кушуңдай.

 

АККАН СУУ

Кырк миң жыл жердин алдынан
Карып чыккан аккан суу.
Толгон айдай жаркырап,
Жарык чыккан аккан суу.
Булаң куйрук, жез канат
Балык чыккан аккан суу.
Курт-кумурска жандууну
Багып чыккан аккан суу.
Кара жердин алдынан
Жарып чыккан аккан суу.

Көз жетпеген кара кыр
Тоого чыккан аккан суу.
Кош тегирмен паралуу
Ноого чыккан аккан суу.
Жети кабат жер менен
Зорго чыккан аккан суу.

Көз жетпеген ала кыр
Сайда болгон аккан суу.
Чаңкаганда адамга
Пайда болгон аккан суу.
Азган менен тозгонго
Айла болгон аккан суу.
Кызыл-тазыл жайнатып
Гүл жараткан аккан суу.

Жер жүзүндө сонорго
Түр жараткан аккан суу.
Жашыл ала ыраң чөп,
Миң жараткан аккан суу.

Баасы кымбат, эти алтын,
Мал жараткан аккан суу.

Башатына көгөртүп
Тал жараткан аккан суу.
Карыптарга күч-кубат
Ал жараткан аккан суу.

Жадыратып жайыкка
Чөп жараткан аккан суу.
Жашыл майдан салкынга
Көк жараткан аккан суу.

Агын дайра шар болуп
Толкуп турган аккан суу.
Ак тулпар кечип өтө албай
Коркуп турган аккан суу.

 

НАСЫЯТ

Дениң соодо эринбей,
Бекерликке берилбей,
Эркиң менен жумуш кыл
«Эринчээк, жалкоо» дедирбей.

Эрдин күчү — сом темир,
Эритүүгө эр керек.
Эч оокатың болбосо,
Эгин айдар жер керек.
Эр жигиттин белгиси —
Эпчил болот термелеп,
Өз колуңда болбосо,
«Өлдүм» десең, ким берет?
Күчүң барда иштеп көн,
Күлүп жайнап, эр жигит,
Күнүмдүктү ойлобой,
Кулак байлап жер жибит.

Жакшы азамат түрдөнүп,
Жалбырттаган жалындай,
Өзүн өзү асырайт,
Уурулукка малынбай,
Уятын ойлоп ар убак,
Ушак сөзгө чалынбай.

Түрүнүп иштеп, эр жигит,
Тишиң барда таш чайна.
Ирээтиңди түзөтүп,
Иштебесең аш кайда?
Эгин айдап, чөбүң чап,

Эмгегиңден пайда тап.
Азамат болсоң, ак иштеп,
Аздыр-көптүр малың бак!

Эр жигиттин белгиси —
Кайраттуу болот жалындап,
Өз колунда болбосо,
Оңойбу оокат табылмак?

Өлмөйүнчө кор болбойт,
Өксүгөн менен ниети ак.
Жамандыкка чалынбайт,
Өз башына өзү сак.

Өлбөй тирүү калбайсың,
Жан аманат, ойлоп бак.
Ыркырашпа тирүүңдө:
Ырыс алды — ынтымак…
Ачуулуу болуп, эр жигит,
Аксымдыкка бут малба,

Көпкөндүккө жеңдирип,
Көрүнгөнгө мактанба,
Алып калгын Токоңдун
Үлгүлүү сөзүн укканда.
Карыздар болбо эр жигит,
Көтөрмөгө бурулуп.
Абийириңди кетирип,
Аласа келет чубуруп.
Андан көрө эгин бак,
Алың барда жулунуп.
Кайда качат ырыскы?
Өзү эле келет курулуп.

Эсиң кетсе, эчки бак,
Эчки тууйт үч улак.
Айраныңды мол кылып,
Саан берет үч убак.
Эч болбосо экиден
Эгиз тууйт улагың,
Эшигиңден эрмен жейт,
Эстебей тоонун тулаңын.

Эгин айдап, жакшы бак,
Жазында чыгат жалтылдай,
Кампадан ашып кап толот,
Баасы кызыл алтындай.
Жашыңда кылгын мээнетти,
Жалкоолонуп тартынбай.
Карды тойбойт адамдын
Кайрат менен иш кылбай.

Качкы болот кээ акмак
Кара чака табалбай,
Коё берет акыры
Катынын эптеп багалбай.
Иштеп жатса бир дыйкан,

Кыт-кыт күлүп табалайт.
Дыйкан кууп жолотпой
Айыл үйдөн талаалайт.

Андай сыйкыр шумдарга
Азаматтар байланбайт,
Ачык-айрым азамат
Аргымак аттай шайдаңдайт.

Карыздар болбо сүткорго,
Бардык малын сүт кылат;
Бир жылда эки туудуруп,

Жарым сомун бүт кылат.
Убагында бербесең,
Бийге салат тыткылап.
Бий-болуштар башыңан,
Арылбаган жут кылат.

Кумарын жазат куш салган,
Кымылдайт ичи кыз алган.
Куюлтуп ырдап отурсам,
Сөзүмдө барбы бир жалган?

Күнү-түнү тынчы жок
Ашка-тойго ат чапкан.
Берекеси жок болот
Бекеринен мал тапкан.
Чынчыл жакшы көрбөдүм
Чыгым албай эл баккан.
Эки колун тынчытпайт
Эт башырып, от жаккан.

Мергендиктин белгиси —
Бугу, марал, теке аткан.
Үңкүйүп үйдө жатканча
Ит агытып, сал капкан.

Курсагың сылап тынч жаткан,
Тамак даяр болгондо,
Ал урган кирип келет бир жактан.
Жардылык, байлык кимде жок,
«Жардысың» деп демитпе,
Жамандашып, эр жигит,
Бириңди-бириң кемитпе!

Аз өмүрдүн ичинде
Амандашкын күнүгө.
Өлбөгөнгө табылат
Аздыр-көптүр дүнүйө.

Алакөөдөн акмактар
Антташкан сөзгө туралбайт.
Айылына бата албай,
Акыр өзү бураңдайт.

Как ошондой адамдын
Каадасы калбайт карганча,
Өткөн өөнү билинбейт
Өлөр күнгө барганча.

Ырыс алды ынтымак,
Өлмөйүнчө кол кармаш.
Билими бар азамат,
Бир-бириңе жардамдаш.
Билинбей жүрүп бир күнү
Мүдүрүлөт алтын баш…

Өнөрүң болсо, өргө чап,
Кор кылбай, асыл жанды бак.
Эрдин көркү — эл менен,
Эмгегиң менен элге жак!

 

Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (30.11.2017)
Просмотров: 7297 | Рейтинг: 0.0/0