Сулуу көрүп
Сулуу көрүп үйүнөн, Сулууң эрип тилинен. Сулууларга суктанып, Сүйрөлгөндүн бири мен. Сулуу чыкса тушуман, Тулку боюм ысыган. Өтө кызык боломун, Өрт чыккандай бутуман. Сулуу көрсөм жыйындан, Сурап калам кыйындан. Сулууну алат турбайбы, Суктануу эмес буюрган. Сулуу көрсөм айылдан, Сук кыялым жайылган. Суурулуп жүрөк ийнеси, Сулуу изине сайылган. Сулуу деп келем үн кошуп, Өнүнө өндүү гүл кошуп. Өндүүлөргө табийгат, Өзү турат түр кошуп. Сулууну такай талашам, Сулууларга жанашам. Сулууларды көргөндө, Сууган аттай тан ашам.
| |
Просмотров: 1285 | |