Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 02.05.2024

Cулуу тоолор
Кышта аппак кийинет,
Кыр-кырларда жүгүрөт.
Кызыгына белчеден,
Кийиктер кызык сүйүнөт.
Кыштын бели ноодадай,
Кыл курттай болуп ийилет.

Жазда жашыл жамынат,
Жашыл мончок тагынат.
Жашыл чачы сууларда,
Жалпы төмөн агылат.
Жан дүйнөсүн акындын,
Жана-жана сагынат.

Жайда кандай кийгенин,
Жаным курбан билбеймин.
Жанына барсам тоолордун,
Жаман кээде сүрдөймүн.

Жапайысын. Токуш деп,
Жаман-жаман тил жеймин.

Күздө күрөн кийими,
Гүлгө толо ийини.
Гүлдүү тоолор туйгула,
Гүл жыттанган сүйүүнү.
Күндө берем гүл эгип,
Гүлгө айлантам түрүңү.

Сулуу тоолор суктанам,
Суктануудан шыкты алам.
Түрткүлөсөм болбойсуң,
Түбөлүккө уктаган.
Ыйманыңды ыпысык,
Ыр кылууга шыктанам.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (18.10.2013)
Просмотров: 1219 | Рейтинг: 0.0/0