Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 02.05.2024

Мен жаш тилек балапан
Мен жаш тилек балапан,
Канатымды тарасам.
Чалгын өсүп жетилип,
Чамдап учуп баратам.
Мен жаш тилек адатым,
Ажыратып билемин.
Асман жердин арасын.
Аткан октой качырсам,
Алышкандар жадасын.
Кайраттуу баатыр экен деп,
Кабарым элге таралсын.
Мен жаш тилек тилегим,
Жалындаган жүрөгүм.
Акыл сөздөн тайбаган,
Ай нурунда сайраган.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (18.10.2013)
Просмотров: 1929 | Рейтинг: 0.0/0