Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 17.05.2024

Акын болсоң …
Жоо келгенде сүйүнгөн,
Жоо жарагын кийинген,
Кылычын кыя байланган,
Кыргындарга шайланган.
Түпөктүү найза карманган,
Түгөйү менен жамдаган,
Көк болот найза карманган,
Көк тулпар минип чамдаган.
Чарайна тондун териси,
Жанчышкан жоонун бөрүсү,
Туулга тондун териси,
Тытышкан жоонун бөрүсү,
Таш акурдан жем жеген,
Тамаша десе дегдеген,
Чоң акурдан жем жеген,
Чууну укканда дегдеген,
Ак олпогун жамынса,
Кийгенине жарашкан
Астындагы Аккула
Мингенине жарашкан,
Айкөл Манас баш болгон
Арыстандай баатырды айт!
Казанда ашы кайнаган,
Кабагы күлүп жайнаган,
Куйруктуудан кой сойгон,
Курама журту тең тойгон.
Ай туяктан тай сойгон,
Айылдашы тең тойгон,
Алты пакса* дубалдан
Ашырып улак таштаган,
Жети пакса дубалдан
Жеткирип барып таштаган
Атайлап соккон дубалдан
Айлана басып кетпеген,
Алты челек арпасы
Ат жемине жетпеген,
Жети пакса коргондон
Желбегей басып жетпеген,
Жети челек арпасы
Жети күнгө жетпеген.
Элинин алган намысын,
Эр көкүрөк балбанды айт!..

Кийизин аппак бордоткон,
Кылымын артык оңдоткон,
Үзүгүн аппак бордоткон,
Этегин чачы тордоткон,
Боёгун жакшы кандырган,
Боосун терме салдырган,
Адамдын көзүн талдырган,
Акылын айран калтырган,
Кара кундуз кармаган,
«Катын да болсом кылганым,
Калсын»  деп нуска арнаган,
Искегин ие байланган.
Иш дегенде шайланган,
Оймогун оё байланган,
Оюу десе шайланган,
Алтын буйла ак тайлак
Айды бир карай чөгөргөн.
Алтындан казан көмөргөн,
Алыска болжоп жол тартса,
Арчадан бешик өңөргөн.
Күмүш буйла ак тайлак
Күндү карай чөгөргөн.
Күмүштөн казан көмөргөн,
Күнчүлүк жерге жол чыкса,
Күмүштөн бешик өңөргөн,
Ак-Талдан көчүн эңкейткен,
Ак куржунун деңкейткен,
Көк-Талдан көчүн эңкейткен,
Көк куржунун деңкейткен,
Акын болсоң келинди айт!..

Оромол салып кыз кылган
Оймокчу салып уз кылган,
Шакекти салып кыз кылган,
Шааниси менен уз кылган,
Көк болот ийне саптаган,
Көк тубар көрпө каптаган,
Ак болот ийне саптаган,
Ак макмал көрпө каптаган,
Кайчысы колго батпаган,
Каалаган иштен кайтпаган,
Оймогу колго батпаган,
Ойлогон иштен кайтпаган,
Каз элечек үрпөгөн,
Катарга башын чиркеген,
Торко элечек үрпөгөн,
Туйгундарды чиркеген,
Айткан кептен кайтпаган,
Ак куштай боюн таптаган,
Көркөмдүү төшөк каптаган,
Көк куштай боюн таптаган,
Сандыкка чырак койгондон,
Саамалы булак болгондон,
Капшытка чырак койгондон,
Казаны булак болгондон,
Ай алдынан өткөндөн,
Алтындан буйла чечкенден,
Күн алдынан көчкөндөн,
Күмүштөн буйла чечкенден,
Сыр аякка куйгандан,
Сыланып кымыз сунгандан,
Кер аякка куйгандан,
Келинге кымыз сунгандан,
Уулду тууса март тууган,
Кеңешмеге пай тууган,
Кызды бир тууса зар тууган,
Айымдарга пай тууган,
Беши жубан, беши кыз
Мелдешип ийне сайышкан,
Беш жубандын ичинде
Беш манжасы майышкан,
Белдемчи таккан белине,
Пейили жаккан элине,
Акын болсоң кемпирди айт!..

Үзүгүнүн жээгине
Үч эли кундуз койдурган,
Жабыгын ачык ойдурган,
Жабыгынын жээгине
Жалпы кундуз койдурган,
Жаңы жол салбай суу кечкен,
Жабагы тайлар бош кеткен,
Айдаса көчү жылдыздай,
Арс ичиги кундуздай,
Көпүрө салбай суу ичкен,
Көзөмөл тайлак бош кеткен,
Көчкөндө көчү жылдыздай,
Көрпө ичиги кундуздай,
Көөкөрүм кооз болсун деп
Көп жубанга бычтырган,
Көк жибек менен тиктирген,
Токту берип ыштаткан,
Торко менен тыштаткан,
Көөкөрүнө кут түшкөн,
Көк кашка кулун жуп түшкөн,
Сабаам бир кооз болсун деп
Сан жубанга бычтырган,
Сар жибек менен тиктирген,
Кымыздык менен ыштаткан,
Кырмызы менен тыштаткан.
Сабаасына кут түшкөн,
Сар кашка кулун жуп түшкөн.
Сары атанга арттырган,
Салтанатын карк кылган,
Ак атанга арттырган,
Асемдигин карк кылган,
Каз элечек бош таштап,
Катарлап төө көч баштап,
Как-Жайлоо көчкө жарашкан,
Торко элечек бош таштап,
Тогуздап төө көч баштап,
Тоскоолго* көчсө жарашкан.
Кербенчинин бөзүн айт,
Келишкен кыргыз көчүн айт!..

Жез билерик салынса,
Желбегей напти жамынса,
Кош билерик салынса,
Кокондук чепкен жамынса,
Эрезеге жеткенде,
Эл жайлоого көчкөндө,
Ачыгын кантип айтканда,
Эл жайлоодон кайтканда.
Ак маралдай керилген,
Көчтүн көркү кыз экен!
Акын болсоң кыздарды айт!..

Ак-Зоонун башы мунарык,
Асемдеп айтсак ылайык.
Көк-Зоонун башы мунарык,
Көркөмдөн айтсак ылайык…
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (18.10.2013)
Просмотров: 1033 | Рейтинг: 0.0/0