Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 17.05.2024

Жеңижок менен Эсенамандын айтышы (1-болук)
Таласта төрт дубан эл чакырылган чоң той болот, тойдун ээси  Ташкара болуш. Ушул жерде, бир аз чегинүү жасоого туура келип атыры. Анда тестиер Өтө- Жеңижок ушул Ташкаранын жакын тууганы, ата-энесинен эрте ажырап, томолой жетим калып, көрүнгөндүн эшигинде тентиреп жүрүп калат. Күз айынын бир күнүндө Ташкара чакан той берет. Кара курсактын камын жеп, тестиер Өтө да кемегенин жаныңда от жаккандар-
га аралашып жургөнүн Ташкара байкап, бир жигитин чакырып: «Тээтиги, Өтөнү, эмне кемегенин жанына жолотосуңар? «Ала» менен ооруп кетиптир го! Оорусу элге жугат, бир көк жетим менен таластык көбөйбөйт да азайбайт, алып барып, мойнуна таш байлап,
Кара-Бууранын суусуна салып ийгиле! Жообун мен берем!» дейт. Эки жигит тестиер Өтөнү Кара-Бууранын жээгине алып келип, эми «жайлаганы» калышканда Өтө:
«Жанымды аман койгула, акелер, Аксыдагы таякелериме качып кетейин»,деп жалынып жиберет. Эки жигит макул болуп: «Экинчи көзгө көрүнбөгүн!» деп, Аксыга барчу жолду көрсөтүп, качырып ийип, Кара-Бууранын суусуна салып жибердик! деп Ташкарага жооп берип коюшат. Ташкара ишенип, ошол бойдон унутуп да калат. Арадан жылдар өтүп, Жеңижоктун ырчылык атагы Таласка да угула баштайт. Ошентип, жогоруда айтыл-
ган, боло турган чоң тонго, Ташкара камынып, төрт дубан элге тойго чакырык кат жиберип, чабарман  кабарчыларды чаптырат. Аксыдан болсо Аксынын белгилүү манаптарын, бийлерин: «Сулайманкул датканы, Осмонбек, Бекмурат болуштарды, Баялы, Осмон, Субан бийлерди, Алишер казыны айтып, анан Жеңижок деген ырчыңарды ала келгиле!» дейт экен. Белгиленген күнү Аксыдан Таласка жогорудагы аты аталган адамдарга кошо далысы жерге тийбеген балбандар, эр сайышка түшчүлөр, эр эңишчүлөр, дубан жарган күлүк, жорголору менен жөнөшөт. Ашуу ашып, Ташкара болуштун айылына жакын калганда Сулайманкул датка: «Жеңижок, балам, туулган жериңе, тууган элиңе келдиң! Ырыңды башта!» дейт.

Ошондо Жеңижок ырын баштайт экен:

ЖЕҢИЖОК:
Айтпай кантип коёюн,
Туулган жерим Таласты.
Бадышанын улугу,
Атабыз айкөл Манасты!
Куу турмуш сенин айыңдан,
Алтын баш элден адашты.
Бадыша Манас жүргөн жер,
Барк алып эли күткөн жер.
Акылман Бакай жүргөн жер,
Айкырып жоону сүргөн жер.
Каныкей энем келген жер,
Калкыма шилен берген жер.
Семетей жары  Айчүрөк,
Ак куу кебин кийинип,
Ак чынарга конгон жер.
Арзып жүргөн экөөнүн,
Ак тилеги болгон жер.
Жоргонун-Белин карачы,
Кыргыздын кымбат жери бу.
Айдың-Көл, Беш-Таш, Ор-Казган,
Табылгыты көлү бу.
Кушчу, Саруу, көп кытай,
Жайлап көнгөн жери бу.
Үч-Кошой, Ак-Таш келишкен,
Жайкысын жайлаар төрү бу.
Агын суусу көк кашка,
Атпай жерден бир башка.
Көк ирим суусу бир башка,
Көп эле жерден бир башка.
Ою бүткөн бетеге,
Оттосо малы жетеби.
Кагылайын Таласым,
Оюмдан чыны кетеби?
Кыры кызыл бетеге,
Кызыккан малы жетеби.
Атабыз Манас жүргөн жер,
Кызыгы эстен кетеби?
Ак тереги шаңданган,
Ар кайыбы камданган.
Кайыңдары шаңданган,
Кайберени камданган.
Шаа тереги гүлдөгөн,
Шагында булбул үндөгөн.
Ор коёну ойногон,
Кабыланы камышта,
Калтары кумда сойлогон.
Кызыл чаар жолборсу,
Качырганын койбогон.
Этегинен бөлүнгөн.
Элигинин кулагы,
Эрменинен көрүнгөн.
Кыргоолдун корозу,
Тагынгандай мойнуна,
Кызылдан бермет шуруну.
Камыш ичин жайлаган,
Кышын-жайын туругу.
Кылтак коюп кыргандан,
Калбай барат уругу.
Кекилиги сайраган,
Керүүдө гүлү жайнаган.
Кирген суусу кем эмес,
Күркүрөгөн дайрадан.
Күкүктөрү таңшыган,
Гүлү кооз аңкыган.
Кышында суук тийбеген,
Жайында салкын күйбөгөн.
Кырында марал оттогон,
Курбуда теке токтогон,
Оюнда бугу оттогон,
Ой, кырда кийик токтогон.
Жаныбар, булагын ичсең  бал татыйт.
Алты миң түркүн гүлүнөн,
Адамдын көөнүн көтөрүп,
Атырдын нагыз жыты аңкыйт.
Аяк-башы керилген,
Таластын кеңдигинен көз кайкыйт!..
Жети атам өткөн жер эле»
Жердеген кыргыз эли эле.
Жетим калып жашымдан,
Кысымынан манаптын,
Таштап кеткен болучум.
Карагаттай көзүмдү,
Жаштап кеткен болучум.
Болотойду ээрчитип,
Карындашым Каракыз,
Баштап кеткен болучум.
Катар ашуу белдерди,
Ашып кеткен болучум.
Өз жеримден аргасыз,
Качып кеткен болучум.
Кагылайын, кең Талас,
Туулган жерим  сен элең,
Туу кылып, сени чоңойгон,
Тутунган жетим  мен элем!
Туурунан адашкан,
Туугандан тузум  кем белем!..

Эми, баштап келдим элиме,
Туулуп өскөн жериме,
Таяке, журт-тагамды.
Дүйнөнү түрө кыдырсам,
Дүйнөдөн сендей табамбы?
Тагдырдын жолу болбосо,
Туугандан качып барамбы?
Кагылайын, тууган эл.
Караңды көрүп турамын,
Кабыл алгын, саламды!
Калкынан кеткен бөлүнүп,
Таанып ал, Жеңижок-Өтө балаңды?!.
Киндигимди кескен жер,
"Кичинемде өскөн жер.
Ай менен Күндү көргөн жер,
Айланып көңүл бөлгөн жер.
Тай, кунанды минген жер,
Талашып, ойноп күлгөн жер.
Торпокту кармап минген жер,
Тойпоңдоп ойноп күлгөн жер,
Жериме келип турамын!..

Жеңижоктун ырынын кызыгы менен убакыттын кандай өткөнү билинбей, Ташкара болуштун айылына кирип келишет. Жеңижок аттан түшпөй дагы чай кайнамдай ыр төгөт экен! Ташкара өзү Жеңижокту аттан колтуктап түшүрүп, коноктор менен бирге ак өргөөгө кийирип, даткалар менен амандашып, жөн-жай сурашып, болгондон кийин, Жеңижокко карап: «Бу, сен, өзүң аксылык Жеңижок болсоң, анан «элиме келдим, жериме келдим» деп ырдаганыңдын жөнү кандай, айтчы? дейт. Жеңижок: «Мен өзүм ушул таластыкмын, Сиздин тууганыңыз Көкө абаңыздын Өтө деген уулу боломун. Илгери ооруп калганымда Сиздин тоюңузда жүрсөм, бир жигит келип, «ооруң жугуштуу экен» деп, Аксыга качырып ийген болучу деп, нар жагын ачык айтпай, туюгунан жооп берет экен. Ошондо Ташкара болуштун башы шылк эте түшүп, «баягы жосунсуз буйругу эсине түшүп, ичинен бармагын тиштеп, өкүнүп, башын чайкап, бирок сыр бербей: «Эми, балам, Жеңижок, аз айып, көп күнөөм болсо кечирип кой! Мына, бүгүн той башталды. Азыртан баштап, сен ушул тойдун жарчысысың!» деп астына аргымак ат тартып, үстүнө тон жаап, келген элге жар чакыртып жиберет экен! Жеңижок ырын дагы баштайт.
Ушул тапта коңшу ак өргөөдө атактуу жерлик акын Эсенаман менен казактан келген Майкөт акын сыйда олтурушкаң экен, «Тойдун жарчылыгын биз ээлейбиз» дешип. Жеңижоктун тойго жарчы болуп, ырдап жүргөнүн уккан Эсенаман нааразы боло кейийт: «Бу Ташкаранын эмне кылганы  казактан чоң акын Майкөттү, мени атайын тойго чакыртып, анан кайдагы тентип жүргөн Жеңижокту тойго жарчы кылганы эмнеси?» деп.
Ушул сөз бир жигит аркылуу ырдап жаткан Жеңижокко жетет. Жеңижок ырын токтотуп, жарчылыкты суранбаганын, ага, Ташкаранын өзү дайындаганын айтып, «мени Эсенамандар олтурган өргөөгө баштап бар, бул жарчылыктын башын ачып алалы!» деп, аттан түшүп, бирөөгө кармата коюп, жигитти ээрчий Эсенамандар олтурган ак
өргөөгө жөнөп калат. Бирөө-жарымы айтканбы, же өзү байкап турганбы, айтор, Ташкара болуш Жеңижоктон мурун ак өргөөгө жетип, өргөөнүн эшигин өзү ачып, Жеңижокту биринчи кийирип, артынан өзү кирет экен. Жеңижок салам айтып, төр талаша Эеенаман менен Майкөттүн ортосунан орун алат. Айтыш болорун сезген эл ак өргөөнү ороп калышат. Аксылыктар да өргөөнун ичине жайланышат. Майкөт акын шектенгендей, Ташкара болушту карап: «ой бай, Таскара, мынау балаң эсиктен кирип, өр таласты, өрдөн соң төр таласты сумдук кой, жайын айтшы?» деп калат. Ташкара: «Өзүңүздөр уккан Жеңижок иниңиз ушул!» дейт. Анда Майкөт: «Баса, десең Жеңижок, карагым, сөзүң болсо такалмай сөйлөй отыр, шамаң жетсе Эсенаман экөмизди кабаты менен жөйлөй отыр» деп компоёт. Анда Жеңижок: «Жакшы болот, адамдын билгенинен билбегени көп, көргөнүнөн көрбөгөнү көп» деген алымча айтып көрөйүн, катасы болсо кечирип койгула, улуулук кылып деп, комузун күүлөп киргеңде, бир кылы чырт үзүлүп кетет. Жан чөнтөгүнөн жаңы кыл алып, таккычакты араң олтурган Эсенаман акын: «Майкөттүн жемесинен кутулайын» деген ой менен өз тарабын көтөрө чалып, Жеңижок тарапты кордогондой ырдайт. Өзгөчө, Майкөттүн сыймыгын урматтап, Жеңижокту экинчи ооз ачып ырдагыс кылайын деп каптап кирет.

ЭСЕНАМАН:
Аманбы, балам, Жеңижок?
Абаңдын сенден кеми жок.
Ак калпактуу кыргыздан,
Айтыштарга теңи жок.
Айлымда ырчы көп жүрөт,
Балам, айтканынын эби жок!..
Эсенби, балам, Жеңижок?
Эсеңдин сенден кеми жок.
Эки жаактуу пендеден,
Эрегишер теңи жок.
Элимде ырчы көп жүрөт,
Балам, эки ооз кепке эби жок!..
Кандайсың, балам, Жеңижок,
Картаңдын сенден кеми жок.
* Кара жаак пендеден,
Каяша кылар теңи жок.
Калкымда ырчы көп жүрөт,
Калжырай берген эби жок!..
Өзгө сөзгө токтобой,
Өзүмдөн кабар берейин.
Өкүнчүң болор, карагым,
Өзүң тапкын дебейин.
Жалпы сөзгө токтобой,
Жайымдан кабар берейин.
Таарынчың болор, карагым,
Таап алгын дебейин!
Үч-Кошой менен кең Талас,
Жерим ошол, Жеңижок.
Калың кытай уругу,
Элим ошол, Жеңижок.
Киндигим кесип бууган жер,
Киримди чайкап жууган жер.
Абалтан бери жай кылып,
Ата-бабам турган жер.
Улуулардан кеп уктум,
Уламалап көп уктум.
Ушул жерде туулган,
Сенин да уругуң кытай деп уктум!
Карылардан кеп уктум,
Кабарыңды көп уктум.
Калың кытай элинен,
Качып кеткен деп уктум!
Тегин таштап тентиреп,
Тентип кете берген дейт.
Уругу Сол, Каратал,
Ушул жердик элден дейт.
Беш уруу Солдон адашып,
Кайда бардың, Жеңижок?
Берими жок, жат өскөн,
Жайга бардың, Жеңижок.
Берекелүү эл болот,
Биздин байга баргын, Жеңижок!
Алты уруу Солду унутуп,
Кайда жүрдүң, Жеңижок?
Алымы жок, жат өскөн,
Жайда жүрдүң, Жеңижок.
Айдап тогуз мал берген,
Биздин байга жүргүн, Жеңижок.
Бул жерден кардың тойбосо,
Кайра баргын, Жеңижок?..
Убайым тартсаң алыңды,
Сураарың айтчы, Жеңижок?
Асирет, арман, арзыңды,
Угарың айтчы, Жеңижок?
Алты атаң Сол, Каратал,
Арбагын айтчы, Жеңижок?
Аксыга качып Таластан,
Барганың айтчы, Жеңижок?
Андагы тарткан көп кордук,
Тартканың айтчы, Жеңижок?
Аксылыкты билемин,
Ала көөдөк эл болот.
Баарысын байкап көргөмүн,
Марттыгы бизден кем болот!
Алты күнү ырдасаң,
Алеки чапан кийгизет,
А деген жерде биздин эл,
Аргымак тандап мингизет!
Жети күнү ырдасаң,
Желеки чапан кийгизет.
Жеткен жерде биздин эл,
Жээрдени тандап мингизет!
Айылга келип ырдасан,
Алтының ашып карк болот.
Ат мингизип чыгармак,
Бизде абалтан берки нарк болот!
Эсенаман эскимин,
Эл куруткан кескимин.
Элдир-селдир ырчынын,
Элдешпей тилин кесчимин!..
Чоң ырчы менен айтышкам,
Чоң атасын тааныткам.
Көп ырчы менен айтышкам,
Көптө байге бербеген,
Көкжалдыгым тааныткам! .
Сайратсам кызыл тилим бар,
Салпайбай, балам, тилимди ал.
Санда жок сендей ырчыны,
Сандалтып кубар жөнүм бар!.
Мындан мурун аныктап,
Көрдүн бекен, көзүмдү?
Уламалап, иликтеп,
Уктуң бекен, сөзүмдү?
Уга элек болсоң, карагым,
Убара кылып издетпей,
Учуратты кезиңди!..
Таасындап айтып мен сага,
Таанытайын өзүмдү.
Кереметим көрүп ал,
Келтирди, балам, кезиңди!..
Эсенаман эски атым,
Эл кыдырган кески атым.
Күкүктөй күндө күүлөнткөн,
Күндүр-түндүр сүйлөткөн,
Кош көмөкөй тил катым!
Акын болсоң жооп бер,
Айтам сөздүн кыйбатын.
Акындыгың жок болсо,
А да болсо зыйнатың!..
Үч-Кошой менен кен Талас,
Өз атаң жердеп өлгөн жер.
Өөктөп жатып чогулуп,
Өкүрүп тууган көмгөн жер.
Өзөнүн бойлоп башынан,
Өмүрүң өсүп, өнгөн жер.
Өзгө жерде өкүнбөй,
Өз элиңе көчүп кел!..
Чоң атаң жердеп өлгөн жер,
Чогулуп тууган көмгөн жер.
Чоочун жерде өкүнбөй,
Чоюлган журтка көчүп кел?
Калкың менен болбосоң,
Кайрат айтып не кылам.
Сөөлүм бар тилимде,
Сөздөн кантип жаңылам!..
Кабыл алсаң айтканды,
Кайта келгин Таласка.
Өлсөң ыйлап көмүүчү,
Өз элиңден адашпа.
Жалдырап барып көзүңдү,
Жат элдин көзүн каратпа!..
Бирөөнүн жери жер болбойт,
Бирөөнүн эли эл болбойт.
Туурасын айтсам, мен сага,
Туугандуу адам кем болбойт.
Башканын жери жер болбойт,
Башканын эли эл болбойт.
Артын ойлоп карагын,
Айылдуу адам кем болбойт.
Эсиңди жыйып, элиң тап,
Эзелки Талас жериң тап!
Акылың жыйып, эсиң тап,
Абалкы Талас жериң тап!..
Карап тургун, карагым,
Калыстык кептен сүйлөйлү.
Калкынан азып жүргөн бар,
Кайгырышып жүрбөйбү.
Калкыңа эми келбесең,
«Калкынан качкан акмак» деп,
Кайдигер тили тийбейби!
Кайрылып келсең кадырлап,
Балам, калдайган журтуң сүйбөйбү!.
Капилет жерден доо болсо,
Кара өзгөй, жалаа, доо болсо.
«Каңгырап жүргөн акмак» деп,
Катаалдын тили тийбейби.
Каралашар тууган жок,
Кармап минер буудан жок,
Кайгырып ичиң күйбөйбү.
Кайрылып элге кошулсаң,
Балам, каалап калкың сүйбөйбү!..
Теңдигиң айтар тууган жок,
Теминип минер буудан жок.
Телмирип ичиң күйбөйбү.
Тентибей элге кошулсаң,
Балам, теңтуштар сени сүйбөйбү!..
Өзүнө айтам, карагым,
Өрнөктүү сөздөн сүйлөйлү.
Өзгө жерден келген көп,
Өкүнүшүп жүрбөйбү.
Өзү башка калктан деп,
Сага бир өжөрдүн тили тийбейби.
Өбөк кылар тууган жок,
Өмөчтөп минер буудан жок,
Өрттөнүп ичиң күйбөйбү.
Өз элиңе кошулсаң,
Балам, өнтөлөп элиң сүйбөйбү!..
Карысы жаштай жыргаган,
Жаштары жаагын жаный ырдаган.
Калың кытай биздин эл,
Кара башың маң кылбай,
Кайрылып балам, мында кел!..
Баргандардан кеп уктум,
Баарысын байкап мен уктум.
Бакылдаган көйрөң эл,
Сенин баркыңды билбейт деп уктум!.
Каттагандан кеп уктум,
Кабарыңды мен уктум.
Кажылдаган калдас эл,
Сенин кадырың билбейт деп уктум!..
Өчүгүп калган жоо болсо,
Өзүңө жалаа, доо болсо,
Өмгөгүн салар жаныңда,
Жакшың жок дейт, Жеңижок!
Өзөгүңдү дарт чалса,
Өпкө чабар жаныңда,
Бакшың жок дейт, Жеңижок!..
Каршыгып калган жоо болсо,
Каймана жалган доо болсо,
Жакшың жок дент, Жеңижок.
Кабыргаңды дарт чалса,
Кара болор жаныңда,
Бакшың жок дейт, Жеңижок!..
Жангарачтын Осмонбек,
Жакырыраак жакшы дейт.
Ажынын уулу Сулайман,
Алабарман бакшы дейт.
Бир мүнөзү кармаса,
Бой бербеген жинди дейт.
Антсе дагы башкарып,
Аксынын ичин билди дейт.
Алибектин беш торпок,
Айылдагы ашка орток.
Торпокту бука сүзбөйбү!
Бактысыз болуп жат элде,
Башыңа кайгы түшпөйбү.
Туулган жерин таштаган,
Акылсыз көрдүм сендейди!.
Айсыз бир кара түн болсо,
Ала тополоң күн болсо,
Адашып өлсө мейли деп,
Артыңдан киши издейби?
Таарынбагын, Жеңижок,
Табалбассың биздейди!..
Алда кимден туулду деп,
Атасыз, тексиз, кулбу деп,
Ар ким айтып артыңдан,
Айың, ушак кеп кылат.
Азапка салып жаныңды,
Акыры сени жеп тынат!..
Аргымак элем арыдым,
Азамат элем карыдым.
Айыкпайт тийсе этиңе,
Ажыдаардын заарымын.
Анча-мынча жин тийсе,
Айыктырчу дарымын.
Калдайган калың журтума,
Касиеттүү карымын.
Кашыңда Майкөт пириңди,
Көзүңдү ачып тааныгын!..
Арка, Талас бай болот,
Жегени куйрук май болот.
Таласка келип ырдасаң,
Алтының ашып карк болот.
Ат мингизип чыгармак,
Бизде, абалтан берки салт болот.
Асили кедей Аксылык,
Ичкени куру чай болот!..
Жай мезгили бир кызык,
Жайнап жылдыз, Ай чыгат.
Кеңешип чукул, жарышса,
Тап берген жерден тай чыгат.
Тамандары кызыса,
Сары таман ат чыгат.
Эл ичине келгенде,
Элирип сайрап олтурсам,
Эсекеңдин оозунан,
Эчен сабак кат чыгат!..
Какылдап ырдап олтурсам,
Калкы-журтум жактырат.
Карысам да жаш балам,
Каалап тонду жаптырат.
Алты ооз мактап, ырдасам,
Алдыма ат тарттырат.
Жетеси жок, Жеңижок,
Жете албайсың чапкылап!..
Таамай элдин ичинде,
Таптымбы, балам, эбиңди.
Кыйынсынган Женижок,
Карыган чалдан жеңилди!
Улуулар менен айтышып,
Угузба, балам, кебиңди.
Айтышаар болсоң үн катып,
Азыр басам демиңди.
Чыйраксынган Жеңижок,
Чыгарам болгон желиңди!
Көпчүлүк элдин ичинде,
Күйүгүп, балам, асылба.
Курчтук кылып, басылба.
Өтө наалат кеп угуп,
Өспөй калба жашыңда.
Таасын күлүк тулпарга,
Тай жетеби жакында!..
Кары да болсом кадырлайт,
Кушчу, Саруу талашып.
Торгойдой сайрап олтурсам,
Топтолгон элге жарашып.
Атымды уккан агайин,
Алдымдан тосуп каалашып.
Жеңижок сендей акындар,
Жете албай калат адашып!..
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (18.10.2013)
Просмотров: 1095 | Рейтинг: 0.0/0