Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 17.05.2024

Жеңижок менен Эсенамандын айтышы (2-болук)
Таамай ырчы сен болсоң,
Таңшыт кызыл тилиңди.
Таластан келип жолуктуң,
Таанып ал, Майкөт пириңди!
Чындап туруп, Жеңижок,
Чыгарып көрчү, үнүңдү!..
Кайрылып качан табасың,
Кадимки Талас конушту.
Токтолбостон, Жеңижок,
Толгоп көрчү, комузду.
Улуу-кичүү баарына,
Угузуп көр добушту.
Каяша кылбай тилимди ал,
Кашыңда Майкөт пириң бар,
Кайда качып барасың,
Каршы алдыңдан жолукту!..
Жигиттик жаштын кийни деп,
Жеңижок колго тийди деп.
Эсекеңдин айтканын,
Элдин баары сүйдү деп.
Арттан ушак болбосун,
Ак жеринен күйдү деп.
Калың жыйын сөз кылсын,
Карыган Эсең алды деп.
Бышыксынган баланы,
Бир сүйлөтпөй салды деп!
Толгой кармап капшыра,
Толорсуктан чалды деп.
Жеткилең күлүк Эсеңе,
Жеңижок жетпей калды деп!
Арышын кере жүгүрүп,
Алдыңкы буту бүгүлүп,
Адырдуу жерден сүрүлүп,
Аргымак келди, жол бергин!
Атактуу Майкөт пириңе,
Айыпкер болбой кол бергин!..
Күнчүлүк жерден жүгүрүп,
Күүлөнсө буту бүгүлүп,
Күдүрдүү жерден сүрүлүп,
Казанат келди, жол бергин!
Кашыңда Майкөт пириңе,
Күнөкөр болбой кол бергин!..
Эргий-эргий жүгүрүп,
Эликтей буту бүгүлүп,
Эңиштүү жерден сүрүлүп,
Эсекең келди, жол бергин!
Эсилиң Майкөт пириңе,
Эңкейип барып, кол бергин?!..
Айткан сөзгө кулак сал,
Акырекке түйүп ал
Абайлагын, карагым,
Алдыңда Майкөт пириң бар!
Коп сөзүмө кулак сал,
Көкүрөккө түйүп ал.
Көтөрүлбөй байкагын,
Көрдүңбү, Майкөт, пириң бар! .
Жаркырап шоола тийгизген,
Күнүң ушул, Жеңижок
Кошуп айтсам шарыят,
Диниң ушул, Женижок
Сыйынуучу нак мазар,
Пириң ушул, Жеңижок.
Күүлөнтүп күндө сүйлөткөн,
Тилиң ушул, Жеңижок!
Майкөт сага пир болот,
Пирине тийген ким болот?
Сендей-сендей ырчылар,
Төрт чекене жин болот.
Тааныбасаң, карагым,
Таанытайын пириңди
Каяша кылсаң кайрылып,
Кагайын болгон жиниңди
Көпчүлүк элдин көзүнчө,
Балам, кескендей кылам тилиңди!.
Сырты болом суусардын,
Дарчысы болом ордонун.
Тазаланып жуунган,
Даараты болом молдонун.
Угуту болом бозонун,
Чигити болом гозонун
Карысам да Жеңижок,
Казыр сенден озомун.
Кайда качсаң куткарбай,
Каршы алдыңдан тосомун!..
Талыкпай жолго салдырчу,
Таманы болом жоргонун.
Жаактууга жай бербес,
Жаалымды ойлогун.
Пириң Майкөт алдыңда,
Пейилиң, балам, оңдогун!..
Мөмөсү болом дарактын,
Шишеси болом арактын.
Жакасы болом, Жеңижок,
Торкосу алтын манаттын.
Тобокел кылчу көрөйүн,
Тоорулуп кайда бараттың? .
Тамырын жайып тараткан,
Сабагы болом санаттын.
Чабыттап эргип учарга,
Чалгыны болом канаттын.
Каяша кылчы көрөйүн,
Каңгырап кайда бараттың?!.
Асылы болом жылкынын,
Артыгы болом ырчынын.
Айчылыкта той болсо,
Алкынып ырдап турчумун.
Айтышамын дегенди,
Айттырбай тилин буучумун.
Ары жок сендей ырчыны,
Алкымдап тойдон куучумун!.
Торусу болом жылкынын,
Торгою болом ырчынын.
Топ жыйындын ичинде,
Торгойдой сайрап турчумун.
Томпойдой болгон жетимдин,
Токмоктоп тилин буучумун.
Тогонек берчи, көрөйүн,
Тобумдан алыс куучумун!..
Күлүгү болом жылкынын,
Күкүгү болом ырчынын.
Күлдү журттун ичинде,
Күкүктөй сайрап турчумун.
Күүлөнүп келген ырчынын,
Күрмөлтпөй тилин буучумун.
Күүлөнгөн сендей жетимди,
Күнөөлөп топтон куучумун!
Бууданы болом жылкынын,
Булбулу болом ырчынын.
Бурулушта той болсо,
Буйдалбай сайрап турчумун.
Булкунган сендей ырчынын,
Буйдалтпай тилин буучумун.
Кетсе да жашым картайып,
Кете элек мизи курчумун!..
Аргымак аттай жулкунуп,
Арышты мен да керейин.
Мөөнөтү келген сөзүмдү,
Мөндүрдөй төгүп, себейин.
Жайы жок жамсак күлүктү,
Жаныма кантип теңейин,
Айтып көрчү, Жеңижок,
Акындыгың ченейин.
Айтканыма жооп бер,
Андан башка не дейин.
Чыгарып көр, үнүңдү,
Андан башка не дейин?!..

деп Эсенаман ырын токтотуп, жайланып олтуруп калат. Элдин баары тунжурап, үн каткан киши жок. Ошондо бир аксакал: «Балам, Жеңижок, сен айтар деле сөз калган жок, бардыгын Эсекең айтып бүттү окшойт. Эсекеңе каяша айтам деп, назарыңды сындырып, өзүңдү-өзүң аксатып албагын!» дейт. Анда Майкөт акын: «Олай эмес, карыя! Эсекең картайып калганба, көп жаңылыс кетирди. Эсеңдин катесин тауп айтсаң, жеңетин кезек сеники, токтолмай сок, карагым Жеңижок!» деп обдулуп коёт. Жеңижок: «Сөздү сөз келгенде айтпаса сөздүн атасы өлөт» деген элибиздин нуска кеби бар эмеспи!
Бул жерде сөздүн атасы гана эмес, менин да өлгөнүм эмеспи! Эсенаман мага Майкөттү олуя, пир туткузуп, мени сыйынтып жатпайбы! Эсенаманды Майкөт, олуя, пирине кошоктоп алып, жылаңачтап, тозоктун төрүн көздөй айдап жөнөйүн» деп жооп берип турган жери:

Ж Е Ң И Ж О К:
Он сегиз миң Ааламды,
Бир жараткан эмеспи.
Эң биринчи дүйнөгө,
Нур жараткан эмеспи.
Суук кыштын булутун,
Сур жараткан эмеспи.
Эмгексизди энчиден,
Кур жараткан эмеспи!
Аалам жашап турсун деп,
Күн жараткан эмеспи.
Алмаштырып Күн менен,
Түн жараткан эмеспи.
Буруксуган атырдай,
Гүл жараткан эмеспи.
Булбулдарга шайырдык,
Үн жараткан эмеспи.
Көз кумарын кандырган,
Түр жараткан эмеспи.
Жети кабат бейишке,
Үр жараткан эмеспи.
Баатырларга ылайык,
Сүр жараткан эмеспи!
Бардык жанга насипти,
Бир жараткан эмеспи!
Алтын нурун төгүлтүп,
Ай жараткан эмеспи.
Жылдыздарын жайнатып,
Шай жараткан эмеспи.
Асман, Жердин арасын,
Кең жараткан эмеспи.
Адамзаттын баарысын,
Тең жараткан эмеспи,
Жайда салкын болсун деп,
Жел жараткан эмеспи.
Түркүн гүлүн жайнатып,
Бел жараткан эмеспи.
Жерден берип ырыскы,
Эл жараткан эмеспи.
Көл бойлотуп учуруп,
Куу жараткан эмеспи.
Чөл жашарып күлсүн деп,
Суу жараткан эмеспи.
Бирин дары, бирөөбүн,
Уу жараткан эмеспи!
Бирин момун, бирөөбүн,
Куу жараткан эмеспи!..
Өрдөк, чүрөк, каздарды,
Көлдө кылган эмеспи.
Өлгөндөрдүн баарысын,
Көрдө кылган эмеспи.
Кайберендей күлүктү,
Төрдө кылган эмеспи.
Курт-кумурска жайларын,
Чөлдө кылган эмеспи.
Берекенин баарысын,
Жерде кылган эмеспи.
Жер дүйнөнүн туткасын,
Элде кылган эмеспи.
Өмүрдү чак жаратып,
Пенде кылган эмеспи!
Жердин үстүн жайнатып,
Бак жараткан эмеспи.
Кээ бир жанды көбөйтпөй,
Так жараткан эмеспи.
Ар жанга ажал, өмүрдү,
Ак жараткан эмеспи.
Казак Майкөт пирим деп,
Жиндептирсиң, Эсеке.
Карыганча пириңди,
Билбептирсиң, Эсеке.
Ооздун көркү отуз тиш,
Тил жараткан, Эсеке.
Тил сүйлөтпөй айбанды,
Тим жараткан, Эсеке!..
Карыганча Майкөттү,
Мазар кылып кармапсың.
Эл чогулган мечитке,
Эч бир басып барбапсың.
Сапка туруп, башыңды,
Сеждеге түк салбапсың.
Тантып ырдап отуруп,
Шайтандарга кошулуп,
Ырас айтсам, Эсеке,
Ыйманыңды жалмапсың!..
Эми, Эсеке, анык ук,
Айтканымдын баарын ук.
Алжып кетпей бекерге,
Кулагыңды салып ук!
Анык туулган башында,
Ата-энебиз Адамдан.
Ай, Ааламдын жүзүнө,
Адам өсүп таралган.
Күндүн алтын нурунун,
Күчү менен жаралган.
Албаптырсың эч кабар,
Адал менен арамдан!..
Эми, өрдөктөй учуп келейин,
Өзүмдөн кабар берейин.
Өзүңөр байкап көргүлө,
Өнөрүм ашса жеңейин.
Өнөрүм сенден кем болсо,
Өлөрман экен дебейин!..
Каздай учуп калкылдап,
Калкымдан кабар берейин.
Калыстык кылып көргүлө,
^Кадырым ашса жеңейин,
"Кадыры сөзүм кем болсо,
Карыган экен дебейин!..
Ата-бабам баарысы,
Таласта болгон уругу.
Уругум Солдон, Каратал,
Калың кытай уругу.
Жан болуп, жаңы жаралып,
Жаркырап шамым жанган жер.
Келгенимди белгилеп,
Киндик каным тамган жер.
Ата-энем күлүп кубанып,
Алдейлеп сүйүп алган жер.
Аксарбашыл кой союп,
Ак түлөөсүн чалган жер.
Баарысын, билем, эсимде,
Калдайган кытай биздин эл.
Аргасыздан мен кетип,
Алыс болуп калган жер.
Балалык кезде жүргөн жер,
Бар, жокту билбей каткырып.
Туугандан кетмек бөлүнүп,
Турмуштун тузу жат кылып.
Өмүрдүн жолу ар түрдүү,
Бурула берет турбайбы.
Ар нерсеге кезигип,
Уруна берет турбайбы.
Дүйнөдө жоктон бар болуп,
Туула берет турбайбы.
Кайрадан бардан жок болуп,
Кубула берет турбайбы.
Ар жерден буйруп, туз, насип,
Татыла берет турбайбы.
Аракет кылса ырыскы,
Чачыла берет турбайбы.
Атам өлүп жашымда,
Айламды таппай башында.
Арка болчу ага жок,
Айланып турчу кашымда!
Энем өлүп жашымда,
Эсимди таппай башында.
Эрмек кылар иним жок,
Имерилчү кашымда!
Урматташат баарысы,
Улуу, кичүү, карысы.
«Аламан эл» деп айтасың,
Алардын ыраакка кеткен арышы!.
Ызат кылат баарысы,
Ырыстуу элдин карысы.
«Ылайыксыз эл» дейсиң,
Алардын ыраакка кеткен арышы!.
Арканын эли бай дедиң,
Жегени куйрук, май дедиң.
Аксынын эли жарды деп,
Ичкени куру чай дедиң.
Алтын казык Аксы дейт,
Аркыты менен жакшы дейт.
Алжыганың эмеспи,
Айтаар сөзүң билбедиң!
Баятан бери аңшаңдап,
Балаңа кезек бербедиң.
Жеңип кетчү акындай,
Жээлигип колун сермедиң.
Майкөттү кылып колдоочу,
Курган чал мынча дегдедиң?!.
Кутурасың мактанып,
Курсагыңдын тогунан.
Кулак салып угуп тур,
Кутулайын жообуман.
Балапан, түлөк жаш кезде,
Басынтып кырсык тооруган.
Күнгүрөнүп ыйлагам,
Күйөрүмдүн жогунан.
Эне-атасыз жетимдин,
Эмне келмек колунан?..
Арка кылар ага жок,
Азып кеттим Аксыга.
Ашуусу бийик бел ашып,
Басып кеттим Аксыга.
Ак никелеп жарымды,
Алган жерим Аксыда.
Тээк кылар ини жок,
Тентип кеттим Аксыга.
Тегеректен жай таппай,
Минтип кеттим Аксыга.
Үй-жай күтүп үйлөнүп,
Ушинтип жүрөм Аксыда.
Каралап баргам ал жерге,
Таякемди-тагамды.
Арка кылып эркелеп,
Ата-эне кылдым аларды.
Туурлай турган жер болсо,
Эсеке, туугандан качып барамбы?!.
Жетимдин ашын ичирбей,
Жемелеп сөзүн тийгизбей.
Жетелеп багып чоңойтту,
Жаман кийим кийгизбей.
Алар менен кеңешпей,
Эсеке, кантип келем билгизбей?!..
«Баркыңды билбейт» деп айтып,
Басынткансып сүйлөдүң.
Бардык эл сыйлап баркташат,
Баамды, чалым, билбедиң!
Кадырыңды билбейт деп,
Каймана кепти сүйлөдүң.
Калкымдын баары каалашат,
Кадырды, чалым, билбедиң!..
Жергемден кеткем бөлүнүп,
Жетимдик менен оорудан!..
Ала качып жанымды,
Барган жерим Аксыда.
Аман сактап өлүмдөн,
Калган жерим Аксыда.
Алтын боолуу Ак туйгун,
Салган жерим Аксыда.
Айтканымды жок дебес,
Алган жарым Аксыда.
Алтын жака, кыйбат тон,
Кийген жерим Аксыда.
Ата-энемдей ардактап,
Сүйгөн жерим Аксыда.
Бакыт шамы жаркырап,
Күйгөн жерим Аксыда.
Аргымак минип алчактап,
Жүргөн жерим Аксыда.
Көңүл ачып, шаттанып,
Күлгөн жерим Аксыда.
Анык жыргал дооронду,
Сүргөн жерим Аксыда!..
Качырышар жоо болсо,
Карөзгөй, жалаа, доо болсо,
Каралашар элим бар.
Кабыргамды дарт чалса,
Кара болчу белим бар!
Өчүгүшөр жоо болсо,
Өзгөчө жалаа, доо болсо,
Өзгөчө күйөр элим бар.
Өзөгүмдү дарт чалса,
Өбөк болчу белим бар! .
Өчүгүп калган жоо болсо,
Өзгөчө жалаа, доо болсо,
Өзөгүн үзүп мен үчүн,
Өмгөгүн салчу жанымда,
Осмонбек болуш жакшым бар.
Өзөгүмдү дарт чалса,
Өпкө чабар жанымда,
Ажымат ата бакшым бар!..
Каршыгып калган жоо болсо,
Каймана жалган доо болсо,
Каралашар жанымда,
Кан Сулайман даткам бар!
Караан болчу арстан бар.
Кайрылышып турушкан,
Кайрыбай кебим угушкан,
Каралашар жакшым бар.
Кабыргамды дарт чалса,
Калпалардын башчысы,
Калыбай, Шаке бакшым бар!..
Аңдагын, Эсе, сөзүмдү,
Айнектей ачам көзүңдү.
Абышка болгон кезиңде,
Адашып айттың сөзүңдү.
Баарысын айтып нетейии,
Башка сөзгө өтөйүн.
Баятан койгон сурооңо,
Баяндап жооп берейин:
Жангарачтын Осмонбек,
Жакшы султан болгон бек.
Ой багып, акыл имерип,
Орду-ордуна койгон бек.
Буга Ташкендин беги кол берген,
Талашы жок жол берген.
Кокондун каны кол берген,
Кокую жок жол берген.
Аксы менен Наменген,
Айтканындай бийлеген.
Ар сөзү алтын дем берген,
Ак калпак элдин багына,
Арстандан болот бир келген!..
Талаш жок, Талас биздин жер,
Тартышат элек ким менен?
Тартышып мүйүз чыккан жок,
Түбүбүз болот бир элден.
Таалайы элдин ынтымак,
Таамайлап айтсам, бүгүн мен!..
Ажынын уулу Сулайман,
Даткам ушул болучу.
Акыл менен кеңешти,
Тапкан ушул болучу.
Башым ооруйт дегенде,
Садаганы торпоктон,
Чапкан ушул болучу!..
Ушуну  алабарман бакшы деп,
Айныптырсың, Эсеке.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (18.10.2013)
Просмотров: 1041 | Рейтинг: 0.0/0