Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 17.05.2024

Жеңижок менен Эсенамандын айтышы (3-болук)
Акыл жактан жетишпей,
Калыптырсың, Эсеке!
«Бир мүнөзүн карматса,
Бой бербеген жинди деп.
Антсе дагы башкарып,
Аксынын ичин билди» деп.
Жинди адам элди бийлейби?
Акынсынган Эсекем,
Адеби менен жүрбөйбү.
Аксакал болгон чагында,
Адашып кепти сүйлөйбү?
Койбосоң болгон сөзүңдү,
Кузгундай болгон курган чал,
Кусуруң калкка тийбейби!..
«Алибектин беш торпок,
Айылдагы ашка орток,
Торпокту бука сүзбөйбү,
Бактысыз болуп жат элде,
Башыңа кайгы түшпөйбү!»
Деп айтып тантып турасын,
Торпокко теңеп кайдагы,
Топуксуз кепти айтабы?
Букага теңеп кайдагы,
Бузуку кепти айтабы?
Алибектин беш берен,
Аңдыган душман жетпеген.
Периштеси башында,
Бешөөбү  беш дубанды беттеген.
Бешөөбүн бир күн айтсам да,
Мен бүтүрө албайм кеп менен.
Турмуштун булар туткасы,
Эсеке, түшүнтүп айтсак чек менен!
Молдокенин Алишер,
Момундай болот анык шер.
Баялы бийдей кимиң бар,
Баянын болсо айтып бер?..
Эми мөмөсү болсоң дарактын,
Айылдан балдар келбейби.
Ары-бери имерип,
Акылын таап илбейби.
Арка этектеп теришип,
Ар кайсы жерге жебейби.
Данегиң чирип кык болор,
Кабыгын сынып жок болор.
Өмүрүңдүн акыры,
Ушундай болуп токтоолор!..
Шишеси болсоң арактын,
Мас адам сени сыйлайбы?
Таамайлап кармап мойнуңдан,
Ташка чаап урбайбы.
Тамтыгы кетип быркырап,
Талкаланып сынбайбы!
Койкойгон мойнуң жоголуп,
Кокуй чал, жаның тынбайбы!..
Абайлагын, Эсеке,
Арагы анын уу болот.
Ичегиңди күйгүзүп,
Ичиңе барса уу болот.
Көрүнгөнгө жулунтуп,
Көпчүлүккө чуу болот.
«Эсекең жинди болду» деп,
Эл ичинде дуу болот!..
Аракеч болсоң мас болуп,
Агайин менен кас болуп.
Ажалың жетип сен өлсөң,
Балдарың базар барбайбы.
Олуя-Ата тараптан,
Айтылуу шарап, арактан.
Аябай арбын албайбы.
Бейитиңе бүт атап,
Балдарың арак бербейби.
А дүйнө жайга барганда,
Абышкам, арактан азап көрбөйбү!..
Жанкүр-нүңкүр периште,
Жетимиш батман күрсү алып,
Жаныңа басып келбейби.
«Рабиң кимдер?» дегенде,
Келмеге тилиң келбесе,
Күрсү менен бир коюп,
Сазайыңды бербейби?!.
Ойлонбой туруп айтылган,
Оозуңда жаман кеп турат.
Эсекең каапыр болду деп,
Эл айтып ушак кеп кылат.
Күүлөнүп буудан чуркаса,
Сендей, күлүктөр баспай тек турат!.
Сырты болсоң суусардын,
Эссиз бала кийбейби.
Эңкейип алса кокустап,
Жалынга башы тийбейби.
Кылканы күйүп бырыксып,
Кыйноого жаның кирбейби.
Көркүң кетип күйүнүп,
Көргөн адам күлбөйбү!..
Жакасы болсоң манаттын,
Бүркүткө сени алдырар.
Кызыл түлкү экен деп,
Жака кылып салдырар.
Кийинчерээк эскирип,
Кылы сынаар кырчылып.
Тыбыты түшөр тытылып.
Каларсың, чалым, калдырап,
Жаргак болуп жышылып!
Угуту болсоң бозонун,
Ородо сасып өнбөйбү,
Ары жок сендей куу чалдын,
Ажалы жетип өлбөйбү.
Алакан жайып дубага,
Агайин-тууган келбейби.
Шибер угут өндүрөр,
Сокуга салып чакалап,
Сокбилек менен талкалап,
Көрбөгөндү көргөзөр.
Таруу шакка коштуруп,
Ботко кылып кайнатаар.
Челекке куюп ачытып,
Бозокорго тандатар.
Калтадан сүзүп өткөрүп,
Калганын уйга чайнатаар.
Өзгөрүп улам олтуруп,
Мурунку кейпи жок болуп.
Акырында сыгылып,
Алжыган, чалым, топ болуп.
Күрөң уй аймап бүтүрүп,
Көйрөң чал калар жок болуп!.
Бозокор болсоң бостойтуп,
Эки көзүң тостойтуп.
Токтотпой айдап өзүңдү,
Тозокко түртө салбайбы.
Чапчакка бозо калтырып,
Чаңкаса суусун кандырып.
Батага келген элдерге,
Балдарың бозо бербейби.
Бозо салып бербесе,
Булу ордуна келбесе,
Шааниси жок деп сендейди,
Шайтандар жаман көрбөйбү!..
Сабагы болсоң санаттын,
Өзүн-өзү күүлөйбү.
Омуроолоп орунсуз,
Обу жок сөздү сүйлөйбү?
Салабаттуу жакшы адам,
Салттуу сөзгө кирбейби!..
Чалгыны болсоң канаттын,
Чабыттарсың, учарсың.
Чамаң жетпей калганча,
Чар тарапка сызарсың.
Чамаң кетип бир кезде,
Чарчап акыр тынарсың.
Чалгының калар тытылып,
Чар каргалар чокуп жеп,
Чар тарапка жыларсың!..
Чарылдак, чалым, жоголуп,
Чатак болуп турарсың!.
Чигити болсоң гозонун,
Астына чоң таш жаткырып,
Үстүнөн дагы бастырып.
Баш-аягын бекитип,
Баскыч салып кысылтып.
Азабың берип колуңа,
Агызар майың сызылтып!..
Даараты болсоң молдонун,
Кумганга суу куюлар.
Колуна алып койкойтуп,
Кожо, молдо жуунар.
Карап көрсөң даарат суу,
Каякка барып буюрар?
Көп нерсенин жолу бар,
Карап көрсөң, Эсеке,
Кандайча мунун оңу бар?!.
Алтымыштан ашканда,
Арып калган экенсиң.
Акыл менен эсиңден,
Танып калган экенсиң.
Карууң кетип шылкылдап,
Карып калган экенсиң.
Азабы көп тозокко,
Барып калган экенсиң.
Жаратканды унутуп,
Жаныңдагы Майкөттү,
Мазар кылып, пир тутуп,
Жарып калган экенсиң!..
Таманы болсоң жоргонун,
Такыратып таш басар.
Туягыңды түгөтүп,
Таманыңдан аксатар
Темтеңдеп баспай жүгүнтүп,
Теминсе көзүң жаш басар!..
Күлүгү болсоң жылкынын,
Күнүгө тойго минбейби.
Күкүгү болсоң ырчынын,
Күүлөнсө кыргый илбейби.
Күкүгү болом деп жүрүп,
Көптөн алдап жеп жүрүп,
Күнөөгө башың кирбейби?!..
Бууданы болсоң жылкынын,
Булкунтуп тойго минбейби.
Булбулу болсоң ырчынын,
Бурулуп кыргый илбейби.
Булбулу болом деп жүрүп,
Мындан-андан жеп жүрүп,
Бузуктукка кирбейби?!.
Торусу болсоң жылкынын,
Токмоктоп тойго минбейби!
Торгою болсоң ырчынын,
Тоо турумтай илбейби.
Торгою болом деп жүрүп,
Топтон алдап жеп жүрүп,
Тозокко башың кирбейби?!.
Асылы болсоң жылкынын,
Алкынтып тойго минбейби.
Акыны болсоң ырчынын,
Алжыган сөздү сүйлөйбү!
Акыны болом деп жүрүп,
Андан-мындан жеп жүрүп,
Азапка башың кирбейби!..
Жаак-чачың алдырбай,
Жүндүү болгон экенсиң.
Жаратканың унутуп,
Жинди болгон экенсиң.
Жабдык салып шайтанга,
Минги болгон экенсиң.
Жаннат турса, тозокко,
Кирги болгон экенсиң.
Желке чачың алдырбай,
Жүндүү болгон экенсиң.
Жыйылган топко каркылдап,
Үндүү болгон экенсиң!
Жетелеп Майкөт жүргүдөй,
Минги болгон экенсиң!
Баарын безип, жатыркап,
Пир болду Майкөт казагың.
Карыганча билбепсиң,
Ким экенин мазарың?
Анык, Майкөт пир болсоң,
Ашкан кыйын эр болсоң,
Карыганча казагым,
Канча киши жасадың?!..
Баатырсынып, Эсеке,
Байлыгыңа мактанбай.
Бүт баарынан безипсиң,
Бир Майкөттү тапканга!..
Баятан берки айтканың,
Мааниси жок ыр болду.
Бүтүн качып баарынан,
Майкөт сага пир болду.
Айтканыңды аңдасам,
Аябаган чыр болду.
Жети атаңды унутуп,
Жолоочуну пир тутуп,
Сандырактап, Эсеке,
Сага кандай сыр болду?!..
Арышын кере жүгүрүп,
Алдыңкы буту бүгүлүп.
Адырлуу жерден сүрүлүп,
Аргымак келсе, жол бербейм!
Атактуу Майкөт пириңе,
Айыпкер болуп, кол бербейм!..
Күнчүлүк жерден жүгүрүп,
Күүлөнсө буту бүгүлүп,
Капталдуу жерден сүрүлүп,
Казанат келсе, жол бербейм!
Кашыңда Майкөт пириңе,
Күнөөкөр болуп, кол бербейм?!.
Эргий-эргий жүгүрүп,
Эликтей буту бүгүлүп,
Эңиштүү жерден сүрүлүп,
Эсекең келсе, жол бербейм!
Эсилиң Майкөт пириңе,
Эңкейип барып, кол бербейм!..
Эскирип кеткен, казагым,
Эзелки өткөн сөздөн чач.
Эшендигиң бар болсо,
Эсекеңдин көзүн ач!
Эшендигиң жок болсо,
Эшектен болбой нары кач?!.
Картайып кеткен казагым,
Кадимки өткөн сөздөн чач.
Калпалыгың бар болсо,
Карыяңдын көзүн ач!
Калпалыгың жок болсо,
Качырдай болбой нары кач?!..
Адал эмгек  динибиз,
Ата-баба  пирибиз.
Көпчүлүктөн адашсак,
Кандай болот күнүбүз?
Тантырактап адашпай,
Таза жолго жүрүңүз!
Жол көрсөтүп отурган,
Жеңижок мен, иниңиз!
Эс, акылдан адашпай,
Элдин салтын билиңиз.
Билип алсаң  бир тууган,
Бирге болот түбүбүз.
Ала кетем Аксыга,
Ар кылбастан жүрүңүз?!..
Ойдогунун баарысын,
Орду менен кам кылган.
Эзелкиден калган иш,
Эл-журт үчүн жам кылган.
Карманаарың пир болсо,
Каалаганың дин болсо,
Арстанбапта кожо бар,
Ажымат ата ошо бар,
Арманда калбай кошо бар?
Билип сөздү так айтып,
Пейилиңди агартып,
Пирим дебей Майкөттү,
Пикириңди оңдоп ал!..
Ай кыярып баркырап,
Баткан жайы кайда экен?
Ата-бабаң чогулуп,
Жаткан жайы кайда экен?
Азезилди таш менен,
Аткан жайы кайда экен?
Күн кыярып баркырап,
Баткан жайы кайда экен?
Күлдү пенде жыйылып,
Жаткан жайы кайда экен?
Күнөөлүүнү таш менен,
Аткан жайы кайда экен?..
Таңкы Сары жылдыздын,
Баткан жайы кайда экен?
Топ олуя биригип,
Жаткан жайы кайда?
Учсуз-түпсүз Ааламга,
Ырыс менен насипти,
Чачкан жайы кайда экен?
Айтчы, бейиш эшигин,
Ачкан жайы кайда экен?
Олуялар байыстап,
Турган жери кайда экен?
Азезилди таш менен,
Урган жайы кайда экен?
Кесирленип унуттуң,
Келеер сөздүн кезегин.
Жети атамды бүт билем,
Жерим Талас экенин.
Аксыга жүр мен менен,
Айыкканча кеселиң!
Талашы жок эч кимдин,
Талас туулган  Мекеним!
Болбосун десең маскара,
Бер уруксат, Ташкара!
Соолугуп келгин дартыңдан,
-Сооп үчүн ала кетемин?!..

деп Жеңижок ырдап бүтүп, оңдонуп отурат. Жүз баштуу ак өргөөнүн ичи толгон эл туурдуктарын каңтарып, туштан тыңшап турушкандар андан көп. Жеңижоктун ырдаганына калың эл таң калат. Майкөт адегенде элге карап: «Бали, балам, Жеңижок! Жумыры басты, кызыл тилди адамда сенден аскан акын болмас, ракмет!»дейт да Эсенаманга кайрылып: «Мен сага кашан «Аулемин», Мазарыңмын», «пириңмин» деп айткан эдим?! Өзүң көгерип уруп жыгып, төрт аягымды буып бердиң! Балаң бауздамастан тирилей теримди тескери сыйрып салды! Энди айтар не сөз калды?
Ырахмет, балам Жеңижок, мен айтыспай ак жеңилдим!» деген экен.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (18.10.2013)
Просмотров: 1045 | Рейтинг: 0.0/0