Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 18.05.2024

«СЕЙТЕК» ЭПОСУНАН. СЕЙТЕК БААТЫР ЖАНА АНЫН КАРАДӨӨГӨ КЕЗИГИШИ
Айдай катын Айчүрөк,
Аты Сейтек баланы,
Бир адамга билгизбей,
Бир кишиге көргөзбөй.
Болот эшик сарайга,
Болжолу жок далайга.
Мойнуна тамыр тактырып
Алдейлетип бактырып,
Кирдүү аяктан ичирбей,
Кирдүү кийим кийгизбей.
Канатууга кактырбай,
Камчылууга чаптырбай.
Жетимдигин билгизбей,
Жедигер тилин тийгизбей
Боз ала туйгун болпоң деп,
Көк жалдан калган чолпон деп.
Тулпардан калган туяк жеп.
Туу казына чунак деп
Кечигип чачым өрдүм деп,
Келин кезде көрдүм деп.
Белестен аккан булак деп
Бегимден калган чунак деп
Минтип бакты баланы
Бул Акундун кызы бейтаалай.
Ойноп кетсе чунактын,
Түбүнө бирөө жетет деп,
Кокусунан кашайтып,
Бирөө өлтүрүп кетет деп.
Эрдикке салып Айчүрөк,
Күндүзүндө тынч албай
Түн ичинде уйку албай,
Эптеп бакты баланы.
Айчүрөктүн айынан
Күдүң сөз кылып жүрө албай
Чүрөктөн коркуп эр Кыяз,
Ал балага тие албай.
Казыдан кесип жедирип,
Кыяздын уулу дедирип,
Баккан экен баланы,
Капкалуу алтын сарайга.
Эр Сейтекти түнөтүп,
Сынчы көрүп жактырып,
Сакчы коюп бактырып,
Ырчыларга ырдатып,
Сынчыларга сындатып,
Эрдикке салып Айчүрөк
Эптеп багып баланы.
Эрешен тарткан эр кылып
Тилегин кудай бериптир
Он үчкө бала келиптир.
Бала он үчкө келгенде,
Каны толуп катыгып,
Калкка Сейтек атыгып,
Күйүп турган чок чыгып,
Жандан ашык шок чыгып,
Канча эренин сабады.
Каарына чыдабай,
Жедиген журту жадады.
Өткүрлүгү баланын,
Сөксөөлүнүн чогундай,
Кыялын көрүп жактырып,
Көрсөң, бала ушундай,
Көрүнгөн адам жактырып,
Алайса көзү чолпондой.
Калдайган кулак калкандай,
Кара саат баланын
Даарыганы чалкандай.
Эр кайраты баланын,
Болумдуу болот кабындай.
Өткүрлүгүн карасаң
Букарлыктын шабындай
Кыймылдашы баланын
Мурунду бузуп өткүдөй.
Бузукташа кеткендин
Түбүнө чогуу жеткидей.
Сыягын көргөн шашкыдай,
Кайратын каалап көргөн жан,
Кара саат баладан,
Калтаң уруп качкыдай.
Түрү журттун шериндей,
Түртүшсө жанды жегидей.
Карааны тоонун белиндей,
Кармаса жанды жегидей.
Эрге ылайык, көзү тик.
Көрсөң, бала чиркиндин
Көп адамдын сөзү тик.
Ичсе канга тойгусуз,
Чалышса жанды койгусуз
Асты калың, түктүү жер,
Калыңынан түткүдөй,
Жедигер түгүл ааламды,
Жээликче бала күткүдөй.
Кезиккен адам оңгудай,
Кабылышкан эрендер,
Казыр кыргын болчудай.
Куткулуу тоонун сеңирге,
Мылтык атып жаа тартып,
Аң уулаган жеринде
Кызыл жээрде ат минип,
Кыл куйругун чарт түйүп,
Кыны жок кылыч байланып,
Каары бетине айланып,
Жай жарагын шайланып
Эрки менен болуптур,
Оролмо тоонун ак ийин,
Акийинде бүркүттү
Балдагы жок кондуруп.
Урунарга тоо таппай,
Урушарга жоо таппай,
Аюу карап, арстан кууп,
Аң издөөгө чыкты эле.
Эрдигинен оолукту,
Ээн жерде жолукту.
Жети өзөн талаа жер экен,
Чырпыгы бар чынардай,
Чымчыктары улардай
Куландары кулундай,
Жыландары аркандай,
Жан жаралган ар кандай,
Эркин жаткан жер экен.
Куркулдап учкан кузгун жок.
Каркылдап учкан карга жок.
Элсиз талаа дээр экен,
Басып бала барганда,
Алдыр-күдүр дөбөнү
Ашып бала барганда,
Кара кула ат минген,
Карагайдай айза алган,
Кыны жок кылыч байланган,
Кайра жаачу булуттай,
Каары бетине айланган.
Билеги жоон, таш жүрөк,
Пил мүчөлүү бадирек.
Көмөкөйлүү сыр найза,
Колойтуп өйдө аштаган
Койгулашкан душманга,
Корунуп колтук ачпаган.
Азар түмөн жоо келсе,
Аңтаң уруп шашпаган.
Эки көздөн от чыккан,
Ийни салак, өзү зор.
Жазы маңдай, жайык төш,
Кырча мурун, кызыл көз
Кызыл күрөң, даңкайган,
Кыйын баатыр жан чыкты.
Аны көрүп эр Сейтек,
Жаны калбай кубанып,
«Бегирээк дөөнүн бири экен.
Бет алып айза саяйын.
Кыйынсынган берендин,
Кылычтап башын алайын.
Астында минген айдай боз,
Олжо кылып алайын.
Тырмак алдым ушул деп
Жети өзөн толгон элиме
Сүйүнчүлөп барайын.
Жети өзөндүн кандыгын
Калкыман сурап алайын».
Деп ошентип эр Сейтек,
Жабуулаган үртүктөй.
Жана эрдиги чиркиндин,
Жалгыз тууган бүркүттөй,
Кызыл- тазыл кийинип,
Жоо дегенде өрттөнгүр,
Кыз кайнын көргөн немедей,
Жаркылдап күлүп сүйүнүп,
Баатырдыгы шердиги,
Атасы айкөл берендин
Дал өзүндөй көрүнүп.
Жазайыл камдап, жаа алып,
Ай балтасын барбайтып,
Айзаларын уркуйтуп,
Сары жаргак шым кийип,
Айчык алтын туу алып.
Азыркы келген адамдын
Астынан чыкты эр Сейтек.
Айрымачтай агыздан,
Ат өткөлдүн жапыздан.
Астыңкы эрдин көздөтө,
Айбатты артык салды эле.
Жан койбостон желигип,
Жаланкычтай ээлигип,
Жакын кирип барганда.
Айзасын таштап арбайып,
Атынан түштү дардайып.
Аман көрүп баланы,
Учурашып тартууга
Кыйла сырын айтууга,
Учурашып тартууга
Кыйла сырын айтууга,
Жолуккан, жүргөн кези экен.
Кепти кылсаң мындай сөз,
Карт дөө абаң өзү экен.
Карарган кара көзү экен.
Ырдап айтып ырларын
Ымандай ички сырларын,
Айтканы жүргөн кези экен.
Айта салып Таласка,
Кайтканы жүргөн кези экен.
Айта салып Таласка,
Кайтканы жүргөн кези экен.
Он үчтөгү Сейтекти
Көргөнү жүргөн кези экен.
Көлөкө болсо бул бала,
Көп жедигер колунан
Өлгөнү келген кези экен.
Короздой болгон Карадөө
Кол куушуруп балага
Ак тулпар оозун буруптур,
Аңгеме салып туруптур.
Бала жакын барарда
Айкырып айза саларда
Мыктап балта чабышып,
Былчылдашып каларда
Жолду ичкелеп төтөлөп
Аласкар тоодой Карадөө
Актулпарды жетелеп,
Кол куушуруп сабылып,
Окоро түйгөн чоңчылбыр
Моюнуна салынып,
Атын тартып, баш каалап,
Сейтекке турду жалынып:
«Кадуудан аккан булагым,
Кайрандан калган чунагым!
Айга белги желегим,
Айкөлдөн калган белегим!
Уу кылып чалсаң, жермына,
Баатыр, ушалап ийсең, мен мына!
Кызыркансаң жалгызым,
Кыйратып ийсең мен мына
Кайгулга чыктың, жер сында!
Олжолонуп кул болгон
Кутманга бакма уул болгон.
Калкынан азып кайгырган,
Канкор шерден айрылган.
Элинен азып каңгыган
Эл журтунан айрылган.
Аңдасаң сонун жер мына,
Казыр төксөң канымды,
Карадөө абаң, мен мына!
Кечээ тилек кылдым, жалгызым,
Осуят берген батаңдын
Ороюн сыйлап турамын.
О дүйнө кеткен атаңдын.
Кызыл чалган батаңдын,
Кызматын кылып жүрөмүн, балам,
Кыямат кылган атаңдын.
Белгилүү атаң шер эле,
Атаңдан калган Карадөө,
Балам, артыкча мура мен элем.
Бурулуп уккан сөзүмдү,
Көрүп кет, балам көзүмдү.
Ырдайын, уккун ырымды,
Ырастап айтам сырымды.
Бүгүн кашатчага токтоймун,
Сынап тур, балам, түрүмдү.
Сырттаным, саа кезиктим
Сындап отур муңумду!
Чыгарайын муңумду.
Кайрандан калган керезим,
Асылдан калган сом балтам,
Айкөлдөн калган чоң аркам.
Баткалда чалкак бараным,
Баатырдан калган карааным.
Карааның көрүп эр Сейтек,
Күйгөндөн бышып барамын.
Бейлеп турган эреним,
Эреним сага айтамын.
Айта салып жалгызым,
Кайра тартып кайтамын.
Кызыталак Кыязга,
Ар качандан бир качан,
Дене кул болуп нетемин.
Белгилүү эрдин жалгызы,
Безип жүрөр жөн барбы?
Береним, жетим, эл кайда?
Кабыландын жалгызы,
Качып жүрөр жөн барбы?
Катыгүн, Сейтек, эл кайда?
Сандап адам жыйнаган
Сары-Өзөн Талас жериңди,
Сагынган кыргыз элиңди,
Көргөзө турган күн барбы?
Каарланып какайсаң,
Казып ийсең ор мына,
Калкынан азып тентиген,
Карадөө абаң мен мына!
Кечээ Канчоро кан, Кыяз кан,
Каапырлар экөө биригип,
Белин бекем бууганда
Атам деп жүргөн Кыязың
Толтойдун кунун кууганда
Менин жайым ушундай,
Карадөө деген мен болом.
Кубат кылсаң сөзүмө,
Мураболом өзүңө.
Кубаттан, балам, сөзүмө
Курган атаң шер эле.
Телегейи тең эле.
Атаң канкор Семетей,
Орто Кеңкол жайлаган,
Он төрт тулпар байлаган.
Атыша чыга жоо келсе,
Астыга салып айдаган.
Ачуусуна тийгенди,
Азууга салып чайнаган.
Эрдиги жанга дуу болгон,
Белсенип атаң чуу болгон,
Туйгун атаң турганда,
Душман мойнун бурбаган.
Ачуусуна тийгенде,
Те, Айгандын журту ыйлаган.
Окчонтой огун короткон
Кылычы өткүр болоттон.
Кыйкырганда сен атаң,
Тетиги кытайдын журтун колоткон.
Эңчегей бойлуу атаңдын
Оң далысы кең эле.
Оолугуп атаң кеткенде,
Ойроттун журтун жээр эле.
Атаң арстандын жайы ушундай.
Кечээ караса көзгө илинбей,
Кайда экени билинбей.
Тайбуурулдан айрылып,
Бөлөк ат жүрбөй кайгырып,
Курчап душман толду эле,
Курган атаң кайран эр
Талаадан кайып болду эле.
Жеткилең атаң жоголуп,
Душмандын иши оңолуп,
Өлгөнүн бу көз көрбөдү.
Калк чуркурап, чуу туруп,
Кетмендеп жерди көмбөдү.
Берен атаң жоголуп,
Агыштын уулу эр Кыяз,
Таласка төктү канымды,
Талап алды малымды.
Кордоп Бакай дөөмдү,
Кеңколдон тийди бээмди.
Олжо кылып дөөмдү.
Чыгарды белем бул Кыяз,
Капкайдагы кээмди.
Татытты чыктап тузумду,
Талап кетти кызымды.
Оолукса жарып башымды,
Сурады белем жашымды.
Байлады базар багымды,
Өзөлөнтүп, чуулатып,
Өрттөдү алтын тагымды.
Чындыгында бул Кыяз,
Чынарым кырк балталап,
Тийген айдай Чүрөктү,
Тим эле алды олжолоп.
Баскан жер чуңкур коо болуп,
Чубактын уулу Канчоро
Колтук ачкан жоо болуп.
Кезеңге чыга конушуп,
Кеби бузук, ант ургур,
Эр Кыязга болушуп.
Көкөрлөп төктү канымды,
Көп кетирди алымды.
Көрүнө кордоп карымды.
Көп күйгүздү жанымды.
Жалынсам укпай кебимди
Суутту, акмак, демимди,
Кызыгын сууруп желемди.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 2143 | Рейтинг: 5.0/1