Акыйнек
1-кыз: Акыйнек ырын ырдашуу, Абалтан кыргыз салты экен, Акыйнек ырын улантуу, Атабыз кыргыз наркы экен! 2-кыз: Ыр ырдашып, сындашуу, Ыр жандуу кыргыз салты экен, Сынга сындай жооп айтсак, Атабыз кыркы наркы экен! 1-кыз: Сенин атаң эртелеп, Бел куда болгон белендеп, Жашың келди он үчкө Сени келин кылып алууга Кайнатаң той кыламын деп жүрөт. 2-кыз: Сени болсо бел куда, Болгон экен бешикте, Он төрткө жашың толо элек, Үй күтөр кезиң боло элек, Жакында сенин да тоюң келет деп жүрөт. 1-кыз: Сени болсо топ кыздар, Кийимин чактап кийе албас, Кийсе да тыкан жүрө албас, Бээ сааганда этегин, Чарпый баса отурган, Чалма этек кыз деп жүрөт. 2-кыз: Сени болсо көп кыздар, Кийимин таза кийе албас, Кийсе да таза жүрө албас, Көйнөгүнүн көкүрөгүнө сүт тамган, Дак болсо да көйнөгү, Тазалап, жууп албаган, Тазалыкка сараң кыз деп жүрөт. 1-кыз: Сени болсо теңтуштар, Ийри колго иш албас, Жалкоо кыз экен деп жүрөт. Келечек жолун байкабас, Аңкоо кыз экен деп жүрөт. 2-кыз: Сени болсо жеңелер, Жеңил кыз экен деп жүрөт, Жеңенин сыйын биле албас, Жеңени сыйлап жүрө албас, Көзүнчө мактап бийкеч деп, Жеңелериң артыңдан, Биздин кыз жеңил ойлуу деп күлөт.
| |
Просмотров: 3658 | |