Оп майда
Майда-майда, мапмайда, Майдалансын, атты айда. Кызыл толгон кырмандын, Сузалы биз капкайда. Бекер жүрсөң жан багып, Таба албайсың эч пайда. Майда-майда оп майда, Орой орой оп майда, Ороо толсун оп майда. Кар алдында калбасын Эртелеп барып майдала, Орой-орой оп майда, Орой-орой басканың, Ороо толсун оп майда. Кырча-кырча басканың, Кырман толсун оп майда, Даны бизге пайда, Топону сизге пайда, Майда-майда-майда, Тилек кылдык кудайга. Мөндүр алды арпаны, Оп, оп майда, оп майда. Береке бер буудайга. Далым күйдү бул жайда, Баба дыйкан бар болсо, Бир карашар ал жайга.
| |
Просмотров: 3107 | |