Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 18.05.2024

Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгы
Сооронбай Жусуев 1925-жылы, 15-майда тээ алыскы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн жана торолгон. Энесинин кантип толгоо тартып, кантип жарык дүйнөгө алып келгендиги тууралуу акындын "Төрт терек" ырында берилген. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, Ата Мекендик согуш жылдарында (1943-45) 8-гвардияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон. 

Кыргыз Эл акыны. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты. 
Оштогу мамлекеттик мугалимдер институтунун тил жана адабият факультетин (1949), кийин Москвадагы Горький атындагы адабият институтун (1956) бүтүргөн. Анын алгачкы адабий чыгармалары 1943-жылы майданда жүргөндө "Биз жеңишчил”, "Жаркынга”, "Алдыга жүргүн, кыргыздар” ж. б. жарыяланган. 1950-жылы анын "Эмгек күүсү” биринчи ырлар жыйнагы чыккан. Ал жазган лирикалык ырларга обон чыгарылып эл арасына тараган. Ошондой эле "Үмүт”, "Тирүүлөргө”, "Сагыныч”, "Кызыл дептер”, "Чагылган” сыяктуу мазмундуу дастандарын жараткан. Анын көп чыгармалары орус тилине жана казак, өзбек, тажик, украин, түркмөн, латыш, якут ж. б. тилдерине которулган. Жусуев котормочу катары да белгилүү болгон. Павло Тычинанын "Элдердин достугу”, Агния Бартонун "Балдар үчүн ырлар”, "Түркмөн акындары” ж. б. бир нече чыгармаларды которгон. Акындык чыгармачылыгы уламдан-улам такшалып, бир нече китептери, мис., "Өмүр жазы” (1955), "Сүйүү жана ишенич” (1956), "Чоң атам жана мен” (1961), "Жылдыздуу тоолор” (1963), "Көңүл күүлөрү” (1966), "Түрмөк булуттар” (1969), "Сыймык” (1973), "Дабан” (1971), "Алтын чынар” (1973) кийин "Курманжан датка” романын, "Канат менен Зарина” (2004) поэмасын жазган. Ал бир нече орден жана медалдар менен сыйланган. 


КОШ ЖЫЛДЫЗ
Эстечи андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз турган асманда.

Жылдыздай сүйүү мен тилеп,
Жылдыздай сүйүү сен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык беле энчилеп.

Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп экөөбүз,
Калбадык беле энчилеп.

Жаз сайын булак шыңгырап,
Жашка жаш кошуп жылжылдап.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн жашы кылгырат.

АЛАКАН 
Балам мына төшөгүнөн турду бат,
Моюнумдан кучактады булдурап.
Алаканын өптүм дагы баламдын,
Те согушту эстеп турдум тунжурап.
 


…Самак эле ынак досум сырдашкан,
Укмуш болчу күлкү менен ыр жактан.
Ызылдаган октор тына калганда
Ыр, күлкүгө бизди бөлөп жыргаткан.
 


Самак айтты: –Кайда жүрдүң жанатан?
Мына балам! Сен баламды карасаң…
Ал бала эмес. Турду кагаз үстүндө
Беш манжалуу кичинекей алакан.
 

Самак өөп, кагаз бетин жапты да,
Улутунду: –Бала кандай жакшына!
Ошол түнү алакандуу кагазды
Коюп жатты жаагынын астына.
 

Далай өөп Самак ошол сүрөттү.
Далай жолу алмаштырдык түнөктү.
Бир кыштакка кирип бардык жоо сүрүп,
Дүкүлдөтүп үмүтү жок жүрөктү.
 


Бир короодо бала турат байлануу,
Бул не шумдук?! Таппай калдык айланы.
Жардам сурап бала колу эрбеңдеп,
Бала көзү бизден өтүп жайнады.
 


Баланы биз аң-таң калып карасак,
Баарыбыздан Самак тура баласак–
Наристени бошотууга байлоодон
Аттап-буттап чуркап кетип баратат.
 


Ыйлап турган ал балага таңылып,
Жеткен кезде атасындай сагынып,
Кара түтүн, боз топурак бурк этти
Коюп койгон жоо минасы жарылып…
 


Андан ары мен айталбай баратам,
Айткан сайын жүрөгүмдү канатам:
Экөө тең жок… Жерде жатты бир гана
Купкуу болгон кичинекей алакан…
 


Кээде түшүп мен торуна санаанын,
Көргөнүмдүн көбүн эске саламын.
Согуш десе, көз алдыма көрүнөт
Ошондогу алаканы баланын…
 

ЖЕРДИ САТКАН ЭЛ САТКАНГА БАРАБАР
Кайда бурса, ал жакка аккан суудайбыз,
Качангача биз башканы туурайбыз?
Өз башыбыз ойлонбосо өзүнчө,
Өсмөк тургай, өбөктөйбүз куурайбыз.
 


Ар кимдерди туурап көнгөн пендебиз,
Акимдикти таңууладык элге биз.
Акимдиктин түп мааниси — өкүмдүк,
Анан биздин демократ эмнебиз?
 


Жери көптөр кенен жерин сатышса,
Жерден пайда табабыз деп ашыкса.
Биз да дүрбөп жер сатууга умтулдук,
Көнгөнбүз да көз акыйтып Батышка.
 


Башкалар бай, а биз жерге жардыбыз,
Жер жетишсе, ачпайт болчу кардыбыз.
Жерди саткан – эл сатканга барабар,
Эл ажалы — өз жеринен айрылыш.
 


Өктөм бийлик өжөрдүгүн тыйганда,
Жерге ээ болуп эл өкүлү тынганда.
Жерин сатуу – жанын сатуу кыргыздын,
Болмок беле өткөн кордук мындан да?


Жерди сатпай, берсе болот карызга,
Сатсаң, кайра алалбасың анык да.
Кыңыр ишти бергиле деп түзөтүп
Кыргыз кийин кимге бармак арызга?
Жетекчилер үмүт үзүп койгула –
Жер саткандан калбайсыңар тарыхта.
 


Кененирээк, тереңирээк ойлойлу,
Келечекке кылмыш кылып койбойлу.
Кырк байталга сатып ийген Кордойду
Кыйшык баштуу бабалардай болбойлу! ..

КЫМБАТЫМ 
Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын, 
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын. 
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып, 
Жазда неге келбей койдуң, кымбатым?
 
 
Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,Жай чыгарып табигаттын сымбатын.Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,Жайда неге келбей койдуң, кымбатым?
Дарак тагып түркүн мөмө-сыргасын,Суктандырды адамдардын кыйласын.Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,Күздө неге келбей койдуң, кымбатым?
Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын,Эзилишип, элжирешип жыргасын.Керемет бар сенде кышты жай кылар,Келчи, келчи кыш чилдеде, кымбатым.
О,АНДА КӨКТӨМ ЭЛЕ О, анда көктөм эле, көктөм эле,
Жаңы эле жамгыр төгүп өткөн эле.
Капкара карагаттай көзүң менен
Карадың кирпик какпай көпкө неге?

Сейилдеп бакта жүрсөк, ай тамагым,
Сен ошол көз карашың кайталадың. 
Мээримиң төгүп турган көз нуруңдан,
Мен неге байкабадым, байкабадым? 

Болгондур байкабастык тагдырыман, 
Тагдырдын тайыздык же тардыгынан. 
Сезимге от тутантып да карасаң,
Сен үчүн кечээр элем бардыгынан. 

Негедир ошол кезди эстей берем,
Эстейм да, андай жазга жетпей келем.
Алиге сеникиндей көз карашты
Аттиң-ай, мен эч кимден сезбей келем...

СЕН ЖАЗ БОЙДОН ЖҮРӨ БЕР

Жаралган жан экенсиң асыл заттан,
Жаныма жакшынакай атың жаккан.
Өзгөдөн көрктүү кылып, барктуу кылып,
Өзүңдү тагдыр мага жакындаткан. 


Ырдасам көккө чыккан үнүмдөйсүң, 
Ыргалып жыпар чачкан гүлүмдөйсүң. 
Ойлосом келе калып көз алдыма,
Ошотонуп жазгы күндөй күлүңдөйсүң. 


Ар күнү жайнап аткан таңым сенсиң,
Ар түнү жүз жарыткан шамым сенсиң.
Күлкүм да, шаттыгым да, шаңым сенсиң,
Күңкүгөн саябандуу багым сенсиң.


Өмүрдү өргө сүрөр максат болгон
Өзүңдүн ысмың дилге сактап койгом.
Жүрөктүн кумар отун тутандырып, 
Жүрө бер сен жаз бойдон, жапжаш бойдон.

АЙТСАҢ БОЛО


Обону Рыспай Абдыкадыровдуку 


Кайда барсам, ошондо сен болосуң,
Өр таянсам гүлү көп бел болосуң.
Суусап кетсем, көк кашка булак болуп, 
Ысып кетсем, айдарым жел болосуң

Түйшүк келсе, жолотпой ала качып,
Жумуш кылсам, турасың каралашып. 
Сен келесиң оюма күн нуруна, 
Аппак тыбыт карларга аралашып.

Китеп ачсам, карайсың тамга болуп,
Бакка кирсем, карайсың алма болуп.
Комуз алсам күү болуп көк токойдо
Булбул болуп сайрайсың бакка конуп.

Тереземден киресиң аба болуп,
Дартты айдайсың денемден даба болуп.
Канат болуп күүлөйсүн үмүтүмдү,
Сагынтасың чеги жок санаа болуп.

Сууну көрсөм, ак мөлтүр шар болосуң,
Дайым жоктон жаралып, бар болосуң.
Баары болуп жүрөсүң, бирок, айтсаң:
Качан мага өмүрлүк жар болосуң?..

Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 6008 | Рейтинг: 3.5/10