Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Пятница, 03.04.2026

Кыргыз ырлары. Нооруз майрамы
Нооруз майрам өзүнчө бир керемет,
Мына бүгүн күн менен түн тенелет.
Таттуу уйкунун кучагынан ойгонуп,
Жер энебиз бир калыпта термелет.

Баба дыйкан шаймандарын белендеп,
Кошко чыкты кара жерди тилем деп.
Үрөн себет бир Аллага жалынып,
Урпактарга кенен токоч берсе деп.

Карангыны жарга такап жарыктык,
Мына бүгүн күн абада талыкшып,
Кас душмандар достошууга кез келди,
Көралбастык, жек көрүүнү багынтып. (О.Намазбеков)
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 26771 | Рейтинг: 2.9/8