Кыргыз калкым
Кемер кур, кемсел өтүк, ак калпагы, Кээ бирөө билбейт жүрөт анын баркын. Элинен белги берип тааныштырган, Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым. Кайырма: Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Киймиңден кагылайын, кыргыз калкым. Үйүнө конок келсе жүзү жарык, Кой союп, сыйлай билет ата – салтын. Кызытып кымыз берип, май жегизген, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым. Кайырма: Кыргыз калкым, кыргыз калкым, Пейлиңден кагылайын, кыргыз калкым.
| |
Просмотров: 6543 | |