Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

ТОКТОСУН САМУДИНОВ. БОЁК
Помидорум эмне үчүн кыпкызыл,
Кимдир бирөө боек сүйкөп салган го?
Бадыраңым жашылынан өзгөрбөйт,
Боекчунун колу тийбей калган го.

Билдим, билдим, ал боекчу Күн экен,
Нуру менен бүт дүйнөнү боегон.
Канча нерсе кооздукка бөлөнгөн
Биздин эле кичинекей короодон…
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1577 | Рейтинг: 5.0/1