Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 04.04.2026

ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ТАНДА
Турдум таңда эртелеп,
Бетим жуудум шар сууга.
Уяларын сагынган
Келгин куштар кайтууда.

"Чырк-чырк”– этип чымчыктар,
Мага салам бергендей.
Кууп кармайт чымынды
Кудум тыйын эңгендей.

Жарык нурлуу күн тийип,
Жагалданган убак бу.
Карлыгачтар зымдагы
Кир кыпчыгыч сыяктуу.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1405 | Рейтинг: 0.0/0