ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ДАСТОРКОНДО
Тамак ичип, күчтөнөр Болду маал түштөнөр. Тегеректеп столду, Чоң-кичине бүт толду. Самап ичкен аштан соң, Саат болду дасторкон. "Ким жыйнайт деп тасмалды?” Талаш-тартыш башталды. Бири – шашат ишине, Бири – али кичине. Бири – калбайт оюндан, Байласаң да моюндан. Бирин – күтөт сабагы, Эртең "эки” алабы?! Кино көрөт – бириси, Футбол тебет – тигиси. Бири – чачын алдырмак, Бири – коркуп алды ыйлап. Бири – жөнөйт мектепке, Жыйнаганды эстетпе! "Чайын ичип буйдалса, Эң артыңда ким калса, Баарыбызды сыйласын, Ошол гана жыйнасын!”– Деген сунуш айтышты, Токтотушту тартышты. Кыймылы жай эң эле Демек… Сейил чоң эне.
| |
Просмотров: 1055 | |