Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

ТОКТОСУН САМУДИНОВ. ТРАМПЛИН
Айлыбызга таанымал
Суучул балдар аталып
Бийиги алты метрлик
Трамплин жасадык.

Секиргенде биринчи
Көзүң жумуп түшөсүң.
Ким суу жүрөк болсо эгер,
Калтыратат тизесин.

Тереңине чүмүйбүз
Каз-өрдөктү теңсинбей.
Кайра кайкып чыгабыз
Кадимки эле дельфиндей.

Чыгып трамплинге,
"Бир”, "эки”, анан "үч” дедик.
Шукшурулуп төмөнгө
Сууну карай "күп” дедик.

Кожон деген коңшумдун
Коркоктугу бар эле.
"Жүз үч,
Жүз төрт,
Жүз беш”… деп,
Санап жатат дагы эле.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 977 | Рейтинг: 0.0/0