БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ЧЫМЧЫКТАРДЫН КОНЦЕРТИ
Чырк-чырк этип чымчыктар, Сүйлөшөөрүн билгиниң. Алар да өз тилинде Түшүнүшөт бир-бирин. Бирөө белги бергенде, Дароо учуп келишет. Чоң даракты пааналап, Чогуу концерт беришет. Чымчыктардын ырына, Дароо учуп келишет. Топ бала ырдап жаткандай, Токтоп угуп турамын. Баратканда жумушка, Же келатсам үйүмө, Укмуш сонун концертти Угам жыргап сүйүнө.
| |
Просмотров: 1442 | |