БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. КИМИСИ БАЛБАН?
– Мен күчтүүмүн!–деп Мурат, – Мен күчтүүмүн!–деп Турат. Ортосунда экөөнүн Пайда болуп эрегиш, Чыбык аттар ойдолоп, Башталды эми эр эңиш. „ Мурат тартты Туратты, Турат тартты Муратты. Аттарынан кулашты, Экөө бирдей сулашты. Карап турган бөбөктөр: – Ким жыкты?–деп сурашты.
| |
Просмотров: 1012 | |