Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

БАЙТЕМИР АСАНАЛИЕВ. ГҮЛ КЫСТАРАТ
Жардам берип апама,
Суу апкелем чакама.
"Күмүшүм!” деп сый кылып,
Гүл кыстарат жакама.

Көп күн мурда телчиген,
Көк козумду ээрчитем.
Ал тургансыйт жалооруп:
Айгүл эже, берчи жем?

Чуркап алат аркаман,
Чөптүү жерге алпарам.
Эч билбейбиз экөөбүз,
Эмне экенин чарчаган.

Эжем, байкем кубанып,
– Эс алгын,–дейт суранып.
Чоң энем да өтүнөт:
Бир тук этип, туралык.
Жардам берип апама,
Суу апкелем чакама. „
"Күмүшүм!” деп сый кылып,
Гүл кыстарат жакама.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1029 | Рейтинг: 0.0/0