Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

АКБАР РЫСКУЛОВ. ЭЛЧИ ЖҮРДҮМ
Казак акыны
Улукбек Есдаулетке

Эки кылым Элчи жүрдүм
эгиз элдин камында.
Келди, мына, келчү бир күн–
кайтам эми айылга.

Не жасадым бүтөп-карап,
эмне таптым, жоготтум?
Коштошоордо күчөп барат
көкүрөктө чогу оттун.

Өмүр кыска, коркосуң ал,
өтөсүң да, өчөсүң…
Ордо калаа ортосунан
ойдук "Манас” көчөсүн!

Бирге сүргөн бир өмүрдү
биздин максат, ар тунук.
Астанага жүрөгүмдү
арнадым мен калтырып!

Ала-Тоону көздөп өзүм,
Аркада сен каласың.
Тоо бөлсө да, жоо бөлбөсүн
кыргыз-казак арасын!

Эгиз элге Элчи жүрдүм,
эки кылым иштедим…
Келчи, досум, келчи бир күн–
күтөт сени Бишкегиң!
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1072 | Рейтинг: 0.0/0