АКБАР РЫСКУЛОВ. БАКЫТ ИЗДЕЙ БАШТАГЫЛА!
Тарап мүтүн, тарап туман, таңкы шаарды карап турам. Тереземе тушма-туштан тез-тез узап баратты улан. Байкап турсам басканынан, Байымдабай, шашканынан, жыйырманын ичиндеги жалын курак жаштагы улан. Жумушчудур, башка чыгар, жумушуна шашса чыгар, арыш керип басканында, айтор, айкын максаты бар… Кызык сезим арбап алат, кылчактаймын кайра карап, караан үзүп кеткен улан кайда барат? Кайда барат? Бараткандыр таш-тамына, балдарына, жаш жарына, багыт берип баарыбызта: "Бакыт издей баштагыла!”
| |
Просмотров: 1051 | |