ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. БАЛОНУ ЖАРЫЛГАН АВТОБУС
"Айыл!” деген опол тоодой сагынычым рессорду майыштырып… Төрт дөңгөлөк үстүндө "Апа!” деген залкар сүйүүм заң-заң ырдап баратат жакут болуп чачылганы үч күнгө. "Достор!” аттуу кусалыкты айтпагын– араң сыйып салонго алып учат балондорду жампыйтып… Оор-оор санааларды артынган сезимдерим, нервдерим тикчийишип кароолдо. Төрт дөңгөлөк–төрт бир тууган ансайын алп учат айлантып ак шамалга чаар-алакей март айын… Бу не деген урунуу да, бу не деген такалуу?– Тарс жарылып автобустун балону туулган жерге убагында жете албай чый-пый чыгып, тик көтөрүп жаканы, жүргүнчүлөр менен бирге татам уу. –Балон неге жарылды, ыя?– Дейт карыя күйүмдүү. –Ата, балон жарылды көтөрө албай сагынчымды, тонналаган сүйүүмдү!.. –Жерге кирсин балон, балам, жарылбасын жүрөгүң!
| |
Просмотров: 874 | |