ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. БОРООН МЕНЕН ДАЙРА
Эбегейсиз бороон келип, агызам деп зор дайраны өзү бара жаткан жакка. калтырбайм деп эч нерсени жээктен башка, таштан башка. ушунча бир долуланды: дайра онтоп бөлүндү онго, бирок ээрчип аны акпастан, көөдөн тосуп бууракандап солго, төгүлдү оңго. Кайсалады бороон сууну быт-чыт кылып–уруп шарга теңирге анан жетип үнү– кетти озондоп булуттарга… Акты дайра мурдагыдан дагы сүрдүү, дагы шаңдуу, билип өзү бороон эмес, мезгил менен жарышарды. * * * Самсаалаган салкын булут– айкөл булут, көл булут, кез-кез ыйлап, унутпачы кеткенде биз көз жумуп. Булуттарды өчү бардай тыткан бороон мыш кылып, кез-кез бизди эстей жүрчү бир аз муңдуу ышкырып. Биз топурак болуп калсак жолугабыз кайра анан: Силер менен учуп-конуп Дүйнөнү чарк айланып!
| |
| Просмотров: 1023 | |