Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Суббота, 04.04.2026

ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. АПТАПТА
Калжайган сөксөөлдөр, сөксөөлдөр
көңүлгө көлөкө түшүргөн.
Кунарсыз тагдырлар элестеп,
суулар да сапарын бүтүргөн.
Керимсел желигин токтотпой
кер сары жерлерди шимшилеп,
Жалбарам акактап турсам да:
"О, талаам жүрөккө кирчи!”–деп.
Кеберсип мейкиндер тунжурайт,
кебетем аптапка беттеше.
Үйүмдү ушул жерге курамын
үмүтүм өрттөнүп кетпесе!..
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1011 | Рейтинг: 0.0/0