ТАБЫЛДЫ МУКАНОВ. КҮТҮҮ
Отурамын бул ааламды көздөрүмө чеңгелдетип: дүйнө жымжырт, дүйнө кымгуут эрлер келип, эрлер кетип. Алар мага ыр ыргытат, тосуп алам, ыр ыргытат, купул толбой улутунуп өткүр көзүн кылым кысат. Досум, сени күтүүдөмүн, Көз жардыңбы? Эржеттиңби? Же буйдалып… орто жолдон арча бешик терметтиңби? Же дуулдап досум али жүрбөс жерде жүрөсүңбү? Болуп өзүң чоочун дүйнө алсам ээ деп бир өзүмдү? Досум, сени күтүүдөмүн, билгин өмүр–чылым чегим, мейлиң, бир аз кечигип кел, жазсаң болду кылым черин! Отурамын бул турмушту жүрөгүмө чеңгелдетип: дүйнө тымтырс, дүйнө кымгуут эрлер келип, эрлер кетип. Уюктарын сапырып досум канча кумурсканы муңайтты… –Койсоңчу!–деп түртүп ийсем, муну айтты: "Кумурскаңдын уюгу эмес… не деген Империя топуракка айланган! Эмне деген шаарлар көккө быркырап… Не деген эл күм-жам болгон майдандан!” Айыбы жок кумурскалар үйсүз калды тентиреп, Эт жүрөгүм жатты сыздап: "Мен уюкмун, келчи!..–деп.
| |
Просмотров: 1213 | |