АБЗИЙ КАДЫРОВ. ТОҢКУЛДАК
Оюн унут ташталып, Жаңы сабак башталып. Ар бир сөзү агайдын Ойдо турду жатталып. Бузуп сонун тынчтыкты, Тоңк, тоңк эткен үн чыкты, "Агай мүмкүн бекен”!–деп, Араң бирөө унчукту. Оюбуз бүт бузулуп, Жалт бурулдук кызыгып. Тоңкулдак го бул анык? Деди бирөө кычыгып. Баары түгөл өңдөндү, Көз жүгүртүп санасак. Калдар экен кайран эр Баш бакканда карасак. Тоңкулдак! деп ал күндөн, Ат табылып Калдарга Онунчуну бүткөнчө Күлкү болду балдарга. Калдар сымал жаңы атка, Конбойм десең бөбөгүм. Эрте туруп кечикпей Мектебиңе жөнөгүн.
| |
Просмотров: 1171 | |