Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. БИЗГЕ КЕРЕК БИР МИДИН
Ырас,
Сатира болуш керек,
Ысык картөшкөдөй жабышкак.
Жеке отуруп,
Жети өлчөп карыштап.
Анда сындаңыз,
Айтор бата тарттым,
Арбагыңызга багыштап.

"Эчки өлөөрдө,
Эминеге кашынат”.
Күлбөсүн эл,
Күчүк туруп жолборско асылат.
Санаам ушул,
Саал ириңдеп,
Сатираңыз сары каймак уюткан.
Кылыч миздүү ырлар аз,
Кыйшайгансып калды биздин
куюшкан.
Эмкилерде,
Ээрчитип бармай жок.
Эриккенде күлгө оонап,
Эшек оюн салмай жок.
Кычырайбыз,
Кызматка, үйгө басабыз.
Анан кантип ууга жарасын,
Момурайган саптарды,
Мойнунан байлап жазабыз.

Аристократияга айландырышып,
Адабиятты.
Азыркылар абдан маданияттуу.
Анча жактырышпай,
Азил,
Калжың сайранды.

Өөн сезишип,
Өзүңүзчө буктурмага кире калганды.
Үйлөрүндө сый конок,
Үйлөп ичишип айранды.

Кара жаалың кармаганда көгөрүп,
Бөйпөңдөшүп калем акың,
Бөтөлкөлөй төлөнүп.
Буйласынан силкипсиз,
Буураларды бут астыңа чөгөрүп.

Халтурщике,
жармачка,
Катуу коюп талапты.
Маңдай тердеп,
Майлаган соң тамакты.
Саат сайын өткөрүп,
Сатирадан сабакты.
Кайтчу экенсиз,
Капитан,
Эфрейтор каламдештериңизден,
Как генерал катары,
Кабыл алып парадды.

Өкүнүчтүүсү,
Өткөн соң көзүңүз.
Айла канча,
Аңгырап бош төрүбүз.
"Баласынын оюнчугун жулуп берген”
Баягы кошоматчы,
Ордун кайра тапты.
Атасынын "Мерсин” тартуулап,
Ак үйдөгүлөргө,
Аябай жакты.

Ээ Мидике!
Эски коом жаңырып.
Жомоктогудай турмуш,
Жоо тийгендей чабылып.

Биздики,
Элдики дегендер,
Пириватташтырып алынып.
Баягылар демократ болушкан,
Партбилеттерин тескери жамынып.

Бука моюн,
Бюрократ чунак.
Ыргыткан ташы,
Ылдый эмес, жогору кулап.
Айтор бүгүлбөйт,
Азрейил жүргүзсө да сурак.
Айтпаса да бар билем,
Аңдай турган жөнүңүз.
Аман-эсен,
"Анда-санда, ак кол
Ак чүчтөрүңүз!”

Аллергиясы кармап,
Алиги кыргыздын сомуна.
Заңгыраган,
Завод-фабрикаларды саттыртып,
Валюта,
доллар таптыртып,
Койнундагы чоңуна.
Эгемендүүлүктү,
Эри сатып бергенсип,
Колтук асты,
Коммерция… бартерлик!

Ачыгы ар тема,
Ал жеткис проблема.
Мейлиң көз жаш,
Мейлиң жаз сыялап.
Караманча,
Калемден чыкпай калды тыянак.

Антсе да,
Айрым жанрдык өзгөрүүлөрдү,
Айтып койгонум оң.
Азыр,
Алдым-жуттум-очерк!
Алиги момундар–фельетон!

Титирешип,
Тил эмес демиңизден.
Демократ экенсиз дээриңизден.
Таамай тартып,
Таасын айтып,
Кимдин кимдигин.
Кеп атасын өлтүрбөс,
Кере жаак,
ача тил.
Келсеңизч.?…
Керек болуп турат бир Мидин.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1092 | Рейтинг: 0.0/0