Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. СҮЙЛӨШҮҮ
Тоолуу өлкөм,
Топ ичинде кулунуңмун.
Буюрсаң жок дебеймин,
Бут аарчыр буюмуңмун.
Баш көтөр сүйлөшөлү
Бакыт да,
Бар болсо сүйлөшөөрү.

Ооба,
Таш жарат үшкүрүгүң.
Аны билем,
Арманың күчтүү бүгүн.
Аябай эч жериңди
Алдуулар соруп жатат.
Айдың көл,
Алтын-күмүш,
Акак таш беттериңди.

Алдейлеп,
Астыбызга жайган килем,
Ала-Тоо баарыбызга бирдей элең.
Аябаган өз энесин,
Арман дүйнө!
Азылуулар кайдан чыкты?
Билбей келем.
Тооңду
Токойуңду тоноп кирди.
койнуна
кончуна өтүгүнө,
Батпай калса көчүгүнө,
Солоп кирди.

Жылан сойлоп,
Жылгалуу белиң калды.
Бака чардап,
Баткактуу жериң калды.
Арыгынан таанылбаган,
Ак калпак элиң калды.
Айтсаң боло аларга:
–Бетиң барбы?..

Күчү жетсе,
Күндү да жапкан турат.
Дүңү менен соодалап өзүңдү да,
Дүпүрөп бир жактарга качкан турат.
Кой чубап,
Уй мөөрөгөн сарайың жок.
Колтук асты жөнөтүштү,
Коргошун,
жез,
калайың жок.
Ушундай кайсы улут бар?.
Уятсыз колдору шок.

Буулугуп кеттик деги,
Буларың ташып атып бүтүрөт го!
Булутка жете жыйса да,
Бул дүйнөдөн алары,
Бир метр чүпүрөк го!!!
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 946 | Рейтинг: 0.0/0