Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

ЖОЛООЧУ РЫСБАЕВ. КАРЫШКЫР МЕНЕН ТУРНА (Крыловдон улам)
Кайсы бир күнү,
Кашабаңдын тамагына сөөк сайылып.
Турна "досуна” дагы келип жалынып.
Үрпөйтүп жүнүн,
–Кандай десең көнөйүн,
Каалаганың берейин.
Жардам кылгын жардам,
Жаным кейип, тайып турам алдан.
Ажалга болуп арачы.
Кана Туке!
Тумшугуң салып оозума,
Каргыш тийген сөөктү карачы?…
- Илгери,
Иван Андреевичтин тушунда,
Бир жолу сууруп бердим.
Эми
Кайсы бетиң менен келдиң?
Ошондо да ушул өзүң
Азыр да эсимде
Ырахмат ордуна айткан сөзүң.
Жакшылык кылган сага,
Дагы чала мага.
Какасаң
Кара башыңдын суктугунан көргүн,
Маа десең азыр өлгүн!–
Деп Турна
Басып кетти бурула.

Турнанын жообу,
Туура жана кыска.
Карышкырдай нааданды,
Как ушинтип отургуз сызга!
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1258 | Рейтинг: 0.0/0