Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. АКЫРКЫ КИЙИКТИН ӨЛҮМҮ
"Укумдан тукум азайып барат…”
Жалынат кийик көздөрү канап.
Жалыныч кулак сыртынан кетип
Кожожаш айлын эт менен багат.

"Түктөн көп элек түгөндүк мына,
Тукумуң өскүр тукумсуз кылба…”
Чаарчык деген так ошол күнү
Так чекеге атылат кыйла.

Кумундай чөлдүн куюлган кийик,
Убалды мерген билбесин билип:
"Напсиси жокту урсун деп кусур…”
Уруктайт бийик зоокага кирип.

Санатсыз кийик саналуу калып,
Тукумдайт заңгел зоокага барып.
"Ынсабы жокту кудайым урсун
Эгерде келсе үйүрдү табып…”

Күн сайын мерген күдүргө өңөт,
Күдүрдө жан жок күйүткө чөгөт.
Кожокең колун мурдуна тыгып
Жарына күндө куру кол келет.

Ай сайын мерген аскага өңөт,
Аскада жан жок азапка чөгөт.
Шыралга турсун шыбага таппай,
Шылкыйып үйгө олжосуз келет.

…Зоокадан зоока, зоокага барат,
Жайылып жаткан кийикти табат.
Бардыгын атып бүтөрдө капыс
Сур эчки менен беттеше калат.

"Ушунум эле жан кызым, Кожо,
Ушунум эле жалгызым, Кожо.
Жан соога, жанын кое көр аман
Эненин укпа каргышын, Кожо.
Мени ат, аны аягын, Кожо.
Тукумдун арты, карагын, Кожо…”
Дегенди укпай атылат мылтык
Агылат анан кызыл кан жошо.

Сүйүнгөн мерген зооканы ашат,
Кийик–деп үйгө кабарга шашат.
Келатса учуп,
айкүнү жеткен
Аялы жолдо толготуп жатат.
Кубанган мерген коктуну ашат,
Айылга–ал–деп айтканга шашат
Келатса жолдон
кошкабат жары
Коймолжуп көзү
этегин ачат.

"Теңирден болуп төрөсө экен,
Тукумду улар туйгунум десем…”
Бакырып түшкөн баланы алса
Бала эмес эле чаарчык экен.
Балкылдайт эне, чөмүлүп терге:
"Эркекпи, кызбы?
Окшошот кимге?…”
Мергенден мурда чаарчык-бала
Кайтарат жооп, маараган үндө:
"Түбүмө жеткен каргаган бата,
Эчкини маарап тирилтем, ата.
Анан мен аны эмемин, эне,
Силерди чандым,
тынч аман жаша!..”
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 923 | Рейтинг: 0.0/0