Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

АНАТАЙ ӨМҮРКАНОВ. ЭНЕКЕМ
Энекем, энекем, энекем,
Кемибес, ырысым, берекем.
Мен дагы дени сак болоюн
Оорубай жүрөгөр сен эсен.

Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын.
Үшкүрүп каласың алыска
Үйүңдөн узаса карааным.

Жашоого от болуп жагылдым,
Жайнадым, жаңылдым, кагылдым
Мен эми эч кимден табылбас–
Энелик мээримиң сагындым.

Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылы кабарсыз кетсем да,
Кыйкырып алдыман чыгарым.

Энекем, энекем, энекем,
Эскирбес ырысым, берекем.
Мен дагы дени сак болоюн
Оорубай жүрөгөр сен эсен.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 2562 | Рейтинг: 0.0/0