Приветствую Вас, Гость! Регистрация RSS

Турецкие Стихи

Четверг, 26.06.2025

АСАН ЖАКШЫЛЫКОВ. “НАСЫЙКАТ”
Кыялданса кыял учуп жетпеген,
кутман турмуш–ырыс таалай кетпеген.
Канат күүлөп "караңгыдан–жарыкка”
канча кылым азаттыкты дегдеген?

Жыргал заман–оңой келбейт текши доор,
жылдыз кармап жерде туруп сунган кол.
Жалпы журтка жарык чачып балбылдайт
жан дүйнөдөн келечекке чапкан жол.

Улутунун көңүлү өскөн добушун,
угат, туят залкар гана комузчу!
Сен тыңшачы–”Насыйкатты” тыңшачы
сезесиңби жүрөгүңдүн согушун?

Миң сан дилге шаттык батпай толгондо,
эл эңсеген бакытка ээ болгондо,
"Насыйкаттай” нурдан бүткөн күү келет
ыйын-муңун бүт калайык жойгондо.

Канат күүлөп анда көптүн тилеги,
кагып турат калктын мүлдө жүрөгү.
Азуусунан ай жаңырса жаркырайт
Ала Тоодой элдин асыл түнөгү.

"Насыйкаттан”–өмүрүмдү жашарткан,
"Насыйкаттан”–көңүлүмдү тазарткан.
"Насыйкаттан”–салтанаттын күүсүнөн
кыргыз дилин сууруп чыккан азаптан.

кубаттанам, эл жыргалда–шаттанам!
Күүгө кошуп күлүк күндү аткарам.
Уккан дагы, укпаган да арманда,–
ушул күүнү–тирүүлүктү даңктаган.
Категория: Кыргызские стихи (Кыргызча ырлар, акындар) (19.10.2013)
Просмотров: 1014 | Рейтинг: 0.0/0